Мамытов: накталай эмес төлөмдү өнүктүрүү үчүн инфраструктура керек
Жазылуу
Экономист Улукман Мамытов накталай эмес төлөм экономиканы көмүскөдөн чыгарууда жакшы натыйжа берерин белгиледи.
Накталай эмес төлөмгө өтүүнүн негизги максаты — экономиканы өстүрүү. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мамытов: накталай эмес төлөмдү өнүктүрүү үчүн инфраструктура керек
Анын айтымында, экономиканын түшүнүгү менен акча рынокто айланса жакшы натыйжа берет.
"Эгерде адамдар акчаны жаздыктын алдына, чөнтөккө катып отурса экономика өспөйт. Өнүгүү жолуна түшкөн өлкөнүн баары накталай эмес төлөмгө өтүшү керек. Анткени анын негизги максаты салык чогултуу эмес, бул — экономиканы өстүрүүдө натыйжалуу механизм. Адам психологиясы боюнча ал накталай каражатты кармап турууну эңсей берет. Ал эми акча банктык картада болсо көп санабай коротулат. Натыйжада экономикада көбүрөөк каражат тегерене баштайт. Накталай эмес төлөмдү өнүктүрүү үчүн, биринчиден, инфраструктура болушу керек. Бул мобилдик тиркемелер, ККМ апараттар ж.б. Булар болсо элге ыңгайлуулук түзүлөт, бизнес тез өсөт. Мындан тышкары, мамлекеттик стимул болушу шарт. Ал үчүн кызыктыруучу шарттарды түзүү же жоопкерчиликти күчөтүү зарыл", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу муктаждыгын кошумчалады.