Кытайлык студенттин сөөгү Каракол капчыгайынан табылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КР22 жаштагы кытай жаранын сөөгү Каракол капчыгайындагы суудан табылды
22 жаштагы кытай жаранын сөөгү Каракол капчыгайындагы суудан табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Жазылуу
2000-жылы туулган кытайлык Сай Тун Бишкек гуманитардык университетинин 3-курсунда окугандыгын айтышты.
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бир жумадан бери куткаруучулар издеп жаткан 22 жаштагы кытай жаранын сөөгү Каракол капчыгайындагы суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МЧС КРБир жумадан бери куткаруучулар издеп жаткан 22 жаштагы кытай жаранын сөөгү Каракол капчыгайындагы суудан табылды
Поиски 22-летнего гражданина Китая в Каракольском ущелье - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Бир жумадан бери куткаруучулар издеп жаткан 22 жаштагы кытай жаранын сөөгү Каракол капчыгайындагы суудан табылды
2000-жылы туулган кытайлык Сай Тун Бишкек гуманитардык университетинин III курсунда окуган. Анын жоголгондугу тууралуу маалымат ИИМге 1-августта түшүп, милиция 18-августка чейин издеген. Андан кийин ӨКМден издөө ишине көмөктөшүүнү өтүнүшкөн.
25-август күнү саат 15:59да Каракол капчыгайындагы сууда кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар кытай жаранынын сөөгүн суудан чыгарып, саат 18:16да РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Соңку издөө иштерине ӨКМден беш куткаруучу, ИИМден сегиз кызматкер тартылган.
Жаш балдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 4, 5 жана 7 жаштагы балдар изделүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0