https://sputnik.kg/20220826/olaf-sholc-ukraina-rossiya-kural-berbejbiz-1067208378.html
Шольц: Россияга каршы сокку уруу үчүн Украинага курал бербейбиз
Шольц: Россияга каршы сокку уруу үчүн Украинага курал бербейбиз
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин Шольц Германия Украинаны курал-жарак менен камсыздоону улантып, "ал тургай өтө жаңы, жадагалса өздөрү колдоно элек" техникаларды жеткирип жатканын... 26.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-26T10:08+0600
2022-08-26T10:08+0600
2022-08-26T10:08+0600
дүйнөдө
германия
украина
россия
олаф шольц
курал-жарак
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1a/1067206161_0:111:3180:1901_1920x0_80_0_0_d92a32fcaaf8a306a2774905754f3613.jpg
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Россиянын аймагына сокку уруу үчүн Германия Украинага курал бербейт. Бул тууралуу өлкө канцлери Олаф Шольцтун T-Online басылмасына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды. Анын айтымында, Берлин чыр-чатактын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн болгон аракетин жумшап жатат.Буга чейин Шольц Германия Украинаны курал-жарак менен камсыздоону улантып, "ал тургай өтө жаңы, жадагалса өздөрү колдоно элек" куралдарды жеткирип жатканын айткан. "Биз өзүбүздө бар курал-жаракты Украина менен бөлүшүп жатабыз. Алардын арасынан танкага каршы жана абадан коргонуу системалары, миналар, мылтыктар, тонналаган ок-дары бар. Эми биз татаал жана өтө кымбат системаларга жеттик. Кеп гаубицалар, зениттик системалар, артиллериялык багыттоочу радар системалары тууралуу болуп жатат. Айрымдары өтө жаңы, алар жадагалса өзүбүздүн Куралдуу күчтөргө бериле элек", — деген Шольц.Эске салсак, 24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. Мунун фонунда АКШ жана анын НАТОдогу союздаштары Украинага курал-жарак ташууну улантууда. А түгүл АКШ президенти Жо Байден Украинага коргонуу техникасын берүү механизмин жөнөкөйлөтүүнү караган мыйзамга кол койгон. Москва Батыштын мындай кадамы жаңжалды создуктурарын айтып келет.
https://sputnik.kg/20220825/zaharova-kievdi-buuda-koldoboj-koyuu-1067185548.html
германия
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1a/1067206161_273:0:3002:2047_1920x0_80_0_0_a2b4a546157346033cc8477f4b4519af.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, германия, украина, россия, олаф шольц, курал-жарак
дүйнөдө, германия, украина, россия, олаф шольц, курал-жарак
Шольц: Россияга каршы сокку уруу үчүн Украинага курал бербейбиз
Буга чейин Шольц Германия Украинаны курал-жарак менен камсыздоону улантып, "ал тургай өтө жаңы, жадагалса өздөрү колдоно элек" техникаларды жеткирип жатканын айткан.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Россиянын аймагына сокку уруу үчүн Германия Украинага курал бербейт. Бул тууралуу өлкө канцлери Олаф Шольцтун T-Online басылмасына берген маегине шилтеме кылып
РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Берлин чыр-чатактын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн болгон аракетин жумшап жатат.
"АКШнын президенти Жо Байден дагы Россиянын аймагын аткылоо үчүн курал-жарак бербей турганын айтты. Мен бул принципти баарыбыз карманышыбыз керек деп эсептейм. Биз эч качан жалгыз аракеттенбей союздаштар менен биргеликте иш кылабыз", — деди Шольц.
Буга чейин Шольц Германия Украинаны курал-жарак менен камсыздоону улантып, "ал тургай өтө жаңы, жадагалса өздөрү колдоно элек" куралдарды
жеткирип жатканын айткан.
"Биз өзүбүздө бар курал-жаракты Украина менен бөлүшүп жатабыз. Алардын арасынан танкага каршы жана абадан коргонуу системалары, миналар, мылтыктар, тонналаган ок-дары бар. Эми биз татаал жана өтө кымбат системаларга жеттик. Кеп гаубицалар, зениттик системалар, артиллериялык багыттоочу радар системалары тууралуу болуп жатат. Айрымдары өтө жаңы, алар жадагалса өзүбүздүн Куралдуу күчтөргө бериле элек", — деген Шольц.
Эске салсак, 24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. Мунун фонунда АКШ жана анын НАТОдогу союздаштары Украинага курал-жарак ташууну улантууда. А түгүл АКШ президенти Жо Байден Украинага коргонуу техникасын берүү механизмин жөнөкөйлөтүүнү караган мыйзамга кол койгон. Москва Батыштын мындай кадамы жаңжалды создуктурарын айтып келет.