Батыш МиГ-31И истребителинин космостогу мүмкүнчүлүгүнөн чочулоодо. Сереп

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМиГ-31И истребители. Архивдик сүрөт
МиГ-31И истребители. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Россия алтынчы муундагы көп функционалдуу МиГ-41 истребителин иштеп чыгууда. Саамалыктын сокку уруучу авиация тармагында жаңы технологиялык төңкөрүш жасай турганы айтылып жатат.
НАТОнун ойлонулбай жасалган кеңейүү аракетине жана Пентагондун прокси-согушуна Россия Балтика регионунда гиперүндүү ракеталык комплекстерин жайгаштыруу менен жооп берип, бүгүн бүтүндөй Европа менен Атлантиканы "Кинжалдын" бутасында кармап турат. Калининграддын жака-белинде Чкаловск авиабазасындагы модернизацияланган МиГ-31И истребителдери ооздуктоонун стратегиялык маанилүү куралы болуп, турган турушу менен альянстын Түндүк Европадагы аймактык "бонустарын" жокко чыгарып койду. Жагдайга аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салган.
Батыш Балтика регионунун чек арасында сокку уруучу МиГ-31И истребителинин пайда болушун бир топ чочулоо менен кабыл алды. Бул машинанын абада май куйганга чейинки аскердик радиусу 1 200 чакырымды түзөт. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, МиГ-31И үч авиациялык комплекси "стратегиялык ооздуктоочу кошумча иш-чараларды аткаруунун алкагында" Калининградга жакын жайгаштырылган.
Стратегиялык ооздуктоо бул күнү-түнү жасалган аскердик күзөт экенин, МиГ-31Инин бортунда өзөктүк курал болорун түшүндүрөт. "Кинжал" Х-47М2 гиперүндүү ракетасынын ыраактыгы 2000 чакырым, Батыш аны жөн жерден дүйнөдөгү эң күчтүү тактикалык ракета деп эсептебейт. Калининграддан туруп эле НАТОнун Европада жайгашкан бардык аскердик объектин эң көп дегенде алты мүнөттө жок кыла алат.
МиГ-31 платформасындагы жогорку технологиялык "Кинжал" авиакомплекси Россияга курал-жарак жарышына түшпөй эле НАТОнун Европадагы күчтөрүнө каршылык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Х-47М2 гиперүндүү ракетасы ПВО-ПРО каражаттары менен корголгон кемелерди, аэродромдорду, тереңде жайгашкан командалык пунктуларды таамай атууга жөндөмдүү. 10 Мах чегиндеги ылдамдыгы (саатына 12 миң чакырым), ийкемдүүлүгү жана ыраактыгы "Кинжалдын" өтө күчтүү экенин айгинелеп турат.
Россия "Кинжалды" биринчи ирет согуш талаасында март айында Украинанын батыш аймагында Куралдуу күчтөрдүн жер алдындагы стратегиялык арсеналын жок кылууга пайдаланды. РФ коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, андан кийин "Кинжал" Украинада өтө маанилүү делген дагы эки бутаны жок кылган. Анткен менен МиГ-31И истребителинин жаңы модификациясы өзүнчө сөзгө арзый турган саамалык.
Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
НАТО "олжосунун" чабал тараптары. Аскерий сереп

"Армстронг чегинин" сыры

МиГ-31Инин тактикалык-техникалык мүнөздөмөсү жана модификациясынын өзгөчөлүгү ачыкталбайт, бирок аталган техника улам жаңыланып, күчтөндүрүлүп, мүмкүнчүлүгү кеңейтилип келери маалым.
Жаңы электрониканын киргизилиши (компьютерлештирүү) учкучтарга жогорку тактыктагы куралды колдонуу же каршылаштын жогорку технологиялык системалары менен күрөшүү сыяктуу туура чечим кабыл алууга жардам берет. Американын Military Watch басылмасы МиГ-31И истребители Жерден 19 чакырым бийитикке, "Армстронг чегинен жогору" чыгып, болбосо "спутниктерге аңчылык кылуу үчүн" 400 чакырымга учкан гиперүндүү ракеталарды пайдаланууга адистешкен деп эсептейт.
Микоян атындагы тажрыйба жүргүзүүчү жана констркутордук бюро МиГ-31Д истребителин өндүрүүдөгү эксперименталдык тажрыйбанын негизинде кайра жабдылган МиГ-31дин жардамы менен Жер орбитасына космостук аппараттарды чыгаруучу системаларды иштеп чыкканы маалым. Кийинчерээк чакан көлөмдөгү спутниктерди чыгаруу үчүн Россия менен Казакстан аэрокосмостук "Ишим" системасын түзгөн, МиГ-31И учагы менен Москва жылуу техника институту 160 килограммдык спутникти 300 чакырым бийиктиктеги орбитага чыгарышы керек болчу. Бүгүнкү МиГ-31И өткөн чакты кайталап чектелиши күмөн.
Вепрь атомдук субмаринасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Дүйнөлүк океандагы артыкчылык: "Лошариктин" сырлары
Модернизацияланган МиГ-31БМ технологиялык жактан чоң секирик жасап, укмуштуудай жабдылды (24 бутага ылайыкташкан радиолокациялык система, С-400 зениттик системасынын 9М96 ракеталары), мунун фонунда МиГ-31Мдин модификациясы арткы планга чыга түштү. Абадагы бутаны 320 чакырымдан аныктап, 280 чакырымга чейин жайгашкан бутаны жок кылууга жол ачылды.
Төрт МиГ-31МБдан турган топ асманда 1000 чакырымдык мейкиндикти тосуп, коргой алат. Бул - Москвадан Краснодарга чейинки аралык. Башкаруунун "Заслон-М" деп аталган жаңы системасы МиГ-31БМге душмандын төмөнкү орбитадагы спутнигине каршы жогорку тактыктагы куралды колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Кийинчерээк тогуз тонналык жүк менен 25 чакырымга чейин көтөрүлүп, саатына 3 000 чакырым учууга жөндөмдүү төрт тонналдык "Кинжалды" кое бере алган МиГ-31К модификациясындагы истребитель пайда болду.
МиГ-31И модификациясы мындан да күчтүү, мүмкүнчүлүгү мындан да кеңири экени шексиз. Мындан улам Батышты НАТОнун Чыгышка карай кеңейишине, Европа менен Атлантиканын коопсуздук системасына болгон көз карашын өзгөртүүгө мажбурлоодо.
Ал арада Россия алтынчы муундагы көп функционалдуу МиГ-41 истребителин иштеп чыгып жатат. Саамалыктын сокку уруучу авиация тармагында жаңы технологиялык төңкөрүш жасай турганы айтылууда.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
DXL-5 Опустошитель снайпердик винтовкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык "Опустошитель" америкалык "Барреттердин" катыгын берүүдө. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0