НАТО "олжосунун" чабал тараптары. Аскерий сереп

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүРоссиялык аскерлер. Архив
Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Жазылуу
Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы америкалык "артыкчылык" жана Батышта өндүрүлгөн куралдардын күчү жөнүндөгү "жөө жомоктордун" баарын жок кылгандай болду.
Белгилей кетсек, курал-жарак киевдик режимге жапырт берилип, анткен менен аталган мамлекетти демилитаризация жана денацификациялоонун жүрүшүнө анчейин таасир эте албады. Ушундай ойдун учугун чубаган аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар Украинага "тартууланып" жаткан куралдарга мүнөздөмө берген.
РФтин коргоо министри Сергей Шойгу 21-августта Украинага АКШ тарабынан жапырт түрдө жеткирилип жаткан дээрлик бардык куралдардын үлгүлөрү россиялык адистердин колуна тийгенин билдирген. Арасында HIMARS залптык октун реактивдүү тутуму, Stinger көчмө зениттик-ракеталык комплекси, М777 гаубицалары, танкага каршы коргонуучу Javelin жана NLAW комплекстери бар. Ошондой эле ичинде НАТОнун ок өтпөс унаасы жана ок атуучу куралдары да арбын.
Сергей Шойгунун айтымында, АКШ менен НАТО өлкөлөрү Украинаны көбүнесе "эски-уску" курал менен жабдып келет. Чындыгында арасында жаңы техника аз. Алардын мизин татыктуу кайтаруу үчүн россиялык адистер олжого келген Батыш үлгүлөрүн кылдат изилдеп жатышат.
Эч кандай технологиялык "керемети" деле жок. Батыш куралдарынын ынанымдуулугу төмөн (мында Шойгу Javelin көчмө зениттик-ракеталык комплекси жана сүйрөтүлүүчү М-777 гаубицаны мисалга алды), аскерий мүнөздөмөлөрү боюнча россиялык аналогдорунан бир топ артта. Маселен, Javelin (2 500 метрге чейин) бирдигине караганда РФтин "Корнет" танкага каршы коргонуучу комплекси бутасын эки эсе ыраак, тагыраагы, күндүзү 5 500 метрге, түнкүсүн 3 500 метрге дейре аралыктан жабырката алат.
Америкалык Politico басылмасынын маалыматына таянсак, Вашингтон Украинаны курал менен жабдуу боюнча толук маалыматты бербейт. Аскердик жардамдын бир бөлүгү тууралуу дегеле айтылбайт. Маселен, Украина Куралдуу күчтөрүнүн куралдануу комплексине МиГ-29 истребителдер менен радиолокациялык каражаттарга каршы колдонулуучу AGM-88 HARM интеграцияланганын Пентагон Донбасста пайдаланылгандан эки аптадан кийин гана тастыктаган.
Киевдик режимди Батыш куралы менен ачык да, жашыруун да жабдуу россиялык атайын аскердик операциянын көздөгөнүн, жүрүшүн өзгөртүп, АКШ менен НАТОнун технологиялык артыкчылыгы тууралуу мифтерди кайра жарата албайт. Курал менен жабдуу багытында (Россия менен прокси согушта) Жамааттык Батыштын ашкере аракеттери атайын аскердик операциянын географиялык алкагын гана кеңейтери бышык.
DXL-5 Опустошитель снайпердик винтовкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык "Опустошитель" америкалык "Барреттердин" катыгын берүүдө. Сереп

Керемет болуп кетпеди

Алгач Javelin FGM-148 танкага каршы ракеталык комплекси Украина Куралдуу күчтөрүн көңүлүн калтырды. 2022-жылдын башында киевдик режим жүздөгөн комплекс алып, 24-февралдан соң дагы жети миңди алган.
Raytheon өндүрүшчү фирманын сыноолорунун жыйынтыгы боюнча деле стационардык буталарга FGM-148 комплексинен 11 жолу атып, бирок үчөө гана таамай тийгени белгилүү. Ал эми Украинада алардын пайдаланышы тууралуу маалымат андан да начар.
Россиялык танкалар менен күрөштө америкалык ракеталардын тандемдик бөлүгү динамикалык коргоо блокторун кыйратып, айрым бөлүктөрүн жабыркатканы менен ок өткөрбөс бөлүгүн дегеле талкалай албай койгон. Экипаж менен машина согушуу күчүнөн тайган эмес.
Шаар ичиндеги курулуш, түтүн өңдүү шарттарда пайдаланылса Javelin комплекстеринин майнаптуулугу ого бетер төмөндөгөн. Аккумулятордук батареялары, электроникасынын согуш талаасында күч-кубат кошо албаганы украиналык операторлордун тез эле көңүлүн калтырган. Анан да булардын бир далайы кампаларда – терең оперативдик тылда россиялык сокку менен жок кылынганы маалым. Алты ракеталуу бир бирдиги алты жүз миң долларды чапчыган FGM-148 комплекстеринин бир даары Европа, Азия жана Африканын көмүскө рыногуна чыгып кеткен.
Аталган комплекстер жакшы көрсөткүчтү 2003-жылы Иракта көрсөткөн. Анда америкалык күчтөр технологиялык жактан эскилиги жеткен ирактык Т-55 танкаларын талкалай алган.
Батыштан келген куралдардын мүчүлүштүктөрү бул комплекстерде гана эмес. Быйыл августтун башында Украина Куралдуу күчтөрү HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдарынын жарымын, алардын 200дөн ашуун ракетасын жоготту.
Сүйрөлүүчү М-777 гаубицалары да россиялык күчтөрдүн контрбатареялык огуна туруштук бере алган жок. Дүрмөттөрдүн сыныктары М777ни заматта эле иштен чыгарып коет экен. Ал эми согуш талаасында аларды оңдоп чыгыш кайдан. Ушул айдын башында эле Украина Куралдуу күчтөрү Кошмо Штаттар тарабынан берилген 107 гаубицанын 33үн эбак эле жоготкон. Соңку суткаларда эле россиялык артиллеристтер Днепропетровск облусунда дагы эки М-777 гаубицасын жок кылышты.
Батышта германиялык 155 мм калибрдеги Panzerhaubitze-2000 өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшү жогорку технологиялык жана дүйнөдөгү эң майнаптуу система деп эсептелет. Украина Куралдуу күчтөрү жай башталгандан бери эле 30-40 чакырымдык аралыкты багындырчу мындай түзүлүштөн 20 бирдик алышкан. НАТО канчалык ашкере баалаганы менен PzH-2000 деле Донбасстагы согуштук аракеттердин жүрүшүнө таасир эте алышпады. Болбосо, Киевдегилер россиялык армияны "20 күн ичинде талкалап коерун" убада кылышкан эле.
Бул бирдиктер суткасына 100гө чейин гана ок ата алат. Мындай технологиялык чеги, аба табынын өйдө-ылдыйына туруштук бере албаганы (украиналык кышты көтөрө албайт), кыйла оордугу (55 тоннадан ашуун) жана көлөмү согуш талаасында көп тоскоолдук жаратат. Украина Куралдуу күчтөрү андан ок атуудан да суткасына 60 миңдин тегерегинде ок аткан россиялык артиллериядан жашыруу үчүн алпурушат.
Автоматташтыруу даражасы, ынанымдуулугу, таамай жана алыс аралыкты (80 чакырымга чейин) багындырышы боюнча россиялык аналогу – "Коалиция-СВ германиялык Panzerhaubitze-2000ди таптакыр эле караандатпайт.
24-февралдан кийин түркиялык Bayraktar TB2 чалгындоо-сокку уруучу учкучсуздарын кимдер гана сынга албады. Алар украиналык согуштук аракеттер театрында россиялык "Тор-М2" зениттик-ракеталык комплексинин оңой олжосуна айланып калган. Алар радарларга даана байкалып, радиолокациялык станциялардын нурларына жооп кайтара албайт.
Жарым жыл аралыгында жүздөгөн "Байрактар" атып түшүрүлдү. Украина Куралдуу күчтөрүндө алардан жана Switchblade 300 дрон-камикадзелеринен жалпы 1 796 бирдик болгон. Мурда жеңил Switchblade 300дөр Афганистанда талибдерге каршы колдонулуп, бирок майнап деле чыккан эмес.
Украина согуштук аракеттер театрында да америкалык мындай каражаттардан жүздөп саналып, бирок иш жүзүндө эч кандай салым деле кошо алышкан жок. Ал эми Киевге убада кылынган 10 даана Switchblade 600 дрон-камикадзелери АКШнын өзүндө деле куралданууга бериле элек. Азырынча сыноолор гана жүрүүдө.
Le Figaro француз гезитинин Краматорскидеги кабарчысы белгилегендей, Донбасста "Кошмо Штаттар же Европа тарабынан берилген Caesar, М-777 гаубицалары же HIMARS реактивдүү тутумдарынын жетишкендиктери азырынча убада гана деңгээлинде".
Батыштагылар киевдик режимдин жеңилүүгө дуушар болорун, чабуул коюуга эми жөндөмсүз экенин, оор кыйроого тушугарын түшүнүп турушат. Анткен менен АКШ менен НАТО болгон күчү менен "украиналык долбоорду" сактап калууга умтулууда. Бирок Россия менен согуш талаасында алар күткөндөй керемет болуп кетпей турганы айдан ачык.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга барышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Тайванга америкалык ленд-лиз: жер жүзүн тыптыйпыл кылгысы барбы?
Жаңылыктар түрмөгү
0