Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донбассты куткаруу: союздук күчтөр Артемовск жана Соледарга кирди

© Sputnik / Виктор АнтонюкСпецоперация России на Украине
Спецоперация России на Украине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2022
Жазылуу
Россия жана Донецк Эл Республикасынын күчтөрү Донбасста Украина Куралдуу күчтөрүн сүрүп чыгарууда. Алардын, тагыраагы, украиналык куралдуу түзүмдүн коргонуу позицияларынан тек гана – Славян-Краматорскидеги "чеби" калды.
Аскердик техника, даярдыктан өткөн жоокер жана командалык курамдын жоктугунан союздук күчтөрдүн батышка карай жылышына бөгөт болууга киевдик режимдин чамасы келбейт деп боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Мурдагы күндөн тарта РФ жана Донецк Эл Республикасынын күчтөрү Артемовск жана Соледарга кирип, салгылаш негизинен өнөр жай зонасында жана калк отурукташкан кварталдарда жүрүп жатат. Бул конуштарда украиналык гарнизондор курчалган эмес. Улам бир тилкеде ырааттуулук менен жок кылынууда.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү адатынча жайкын жашоочуларды калкан катары колдонуп, ок түйүндөрүн турак жайларда уюштурган. Ошентсе да чабуул койгон топтордун соккусу менен алар улам чегинип барат.
Донецк Эл Республикасынын жоокерлери Авдеев багытындагы, Горловканын четинде да Украина Куралдуу күчтөрүнүн мизин кайтарууда. Союздук күчтөрдүн активдүү чабуулу менен соңку суткаларда эле алардын 14 жана 66-бригадаларынын ички курамынын 50 пайыздан ашууну жок кылынды. Улутчулдар улам ээлеген орундарын өз эрки менен таштап, тагыраагы, жапырт дезертирлик байкалууда.
Пески калктуу конушунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн 56-мотопехоталык бригадасы Северодонецкидеги 57-бригаданын тагдырын кайталап, ички курамынын 70 пайызга жакынын жоготту. Согушка жөндөмсүз болуп, батышка карай качты. Бригаданын медициналык кызматынын жетекчисинин айткандарына караганда андай жоготуунун кыйла бир бөлүгүн украиналык артиллериянын "достук огу" камсыздап берген.
Соледарда россиялык күчтөр ири өнөр жай объектини, атап айтканда, Белокаменск отко чыдамдуу буюмдарды чыгаруучу заводун өз көзөмөлүнө алды. Кастарын тиккен тараптын күчтөрүнүн жарымы туз шахталарында жашынууда. Маалыматтар боюнча, ал жакта азык-түлүк, суу, ок-дарынын запасы бар. Анткен менен андай тактика таптакыр маңызсыз, себеби андайдын натыйжасы качууга, окко учууга же туткун гана болууга кептеши мүмкүн.
DXL-5 Опустошитель снайпердик винтовкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык "Опустошитель" америкалык "Барреттердин" катыгын берүүдө. Сереп
Айтмакчы, негизинен катардагы жоокер жана сержанттар гана багынып берип, ал эми Украина Куралдуу күчтөрүнүн офицерлери салгылаштын аягын күтпөй өз бөлүктөрүн таштай качып жатышат.
Донбасста айрым украиналык контрчабуул коюу аракеттерине карабастан ыкчам жагдай союздук күчтөрдүн пайдасына түзүлүп жатканы ырас. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Северск-Соледар-Артемовск терең эшелондоштурулган коргонуу линиясы мурда кыйла бекемделген "чеп" катары саналган. Ал тургай Киевде аны украиналык "Маннергейм" линиясы деп атап алышкан. Союздук күчтөр ырааттуу жана майнаптуу аракетте болгондуктан киевдик режим жок кылынган, жарадар болгон же качып кеткен жоокерлеринин ордун бул жакка аскерге жаңы чакырылган (даярдыксыз жана согушууга дити жок) адамдар менен толуктоодо.
Согуш талаасында жана Украина Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам тылында орус куралы – канаттуу таамай ракеталары, армиялык авиация, артиллерия, залптык октун реактивдүү системалары, "Солнцепёк", "Буратино" же "Тосочка" өңдүү оор огнемёттук тутумдары көптүк кылганы ачык байкалат.
Россиялык армия Т-90М "Прорыв" танктарынын жаңы партиясына ээ болду. Башкача айтканда, технологиясы жана согуштук деми жогору. Алардын касташкан тарабы али бекемделген райондору, өнөр жай зоналары жана шахталарында кармалып, жай тургундарды дале "тирүү калкан" катары пайдаланып, техногендик кырсыктарды уюштурууга алы бар.
Талаага, Донбасстын тышына сүрүп чыгарылган соң украиналык күчтөр батышка тынымсыз агылууда. Балким, польшалык (румыниялык, словакиялык, венгриялык) чек аралардын түбүнө чейин барып жатышкан чыгар. Армиянын күчү өкмөттүн саясатында, ал эми Украинада бул жаатында абал мышык ыйлаарлык. Киевдик режимдин акылга түк сыйбаган "Херсон үчүн күрөш" демилгеси да катаал чындыкка туруштук бере алган жок.
Украиналык булактар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы президент Владимир Зеленскийге карта-схеманы көрсөткөнүн айтышат. Анда россиялык залптык октун реактивдүү тутуму Днепрдин сол жээгинен эле Николаев же Кривой Рог тараптан канча күч келбесин, баарын жок кылары даана чагылдырылган.
Херсондогу көпүрөлөрдү кымбат баадагы HIMARS дүрмөттөрү менен тешүү пайдасыз жана маңызсыз эле иш болду. Украина Куралдуу күчтөрү чабуулдук аракеттерге өтүү үчүн даярдыктан өткөн жоокер резерви, дасыккан командалык курамы жана аскердик техникасы жок.
Танктарды коштоочу Терминатор аскердик унаасы Харьков облусунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасстагы жагдай: үч калаадагы украиналык "чептер" кыйрады
Батыштын жаңы насыялары же Запорожье менен Херсон облустарынын Россияга кошулуу жөнүндөгү референдумду үзгүлтүккө учуратуу "контрчабуулду" камсыз кылып бербейт. Анткен менен киевдик режим бул аракеттер менен аскер күчүнөн, техникасынан куру калат.
Украиналык булактардын маалыматына таянсак, ок өтпөс эки миң бирдик, ондогон учактары талкаланганын айтпаганда да "Северодонецк курчоосунда" президент Зеленскийдин кыялкечтигинин айынан өлкөнүн Куралдуу күчтөрү тогуз миң жоокеринен ажырап, он миңдеген аскери жаракат алган.
РФ Коргоо министрлиги да Северодонецкинин четинде украиналык күчтөр ички курамдын 90 пайызга жакынынан ажыраганын маалымдаган. Маалыматтар дээрлик шайкеш келет. Киевдик режимдин батышчыл багытынын куну украиналык калк үчүн өтө оор болууда.
АКШ Россия менен болгон ачык жарыяланбаган өзүнүн "ыйык согушун" дале улантуу ниетинде. Алар акыркы украиналык калганча деле согушууга кайыл. Пентагондун башчысы Ллойд Остин 10-августта Киевди "канча керек болсо, ошончо" көлөмдө курал менен жабдууну убада кылды.
Ошол эле күнү Германия Украина Куралдуу күчтөрүнө Gepard 1A2 өзү жүрүүчү зениттик түзүлүшүнөн "келишимге" ылайык 15 бирдик тапшырган. Бул куралдын багындыруучу аралыгы 5 чакырымды түзөт. Анткен менен Украинада НАТОлук куралдар канча көлөмдө болсо да, баары талкаланып, тарыхый маанидеги россиялык атайын операциянын максатын, ыргагын жана натыйжасын өзгөртө албасы анык.
Мурдагы күнү эле Николаев облусунун асман мейкиндигинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн сокку уруучу үч учагы атып түшүрүлүп, Донбасста алгачкы "Гепард" жарактан чыгарылды.
РФтин Коргоо министрлигинин ар күнкү статистикасына баам салсак, Батыштын Украина жаатындагы тилектерин таш каптырат. Ал ортодо америкалык Politico медиа уюму кечээ украиналык күчтөр жарандык калкка каршы кылмыштарга барып жатканын тастыктады. "Amnesty International эл аралык укук коргоочу уюмдун отчёту украиналык өкмөт менен анын Батыштагы союздаштары үчүн саясий жактан ыңгайсыздык жаратар, бирок бул анын натуура же так эместигин айгинелебейт", - деп жазылат басылмада. Кандай болгон күндө да Киевдеги кол куурчактарына оңтойсуз нерседен улуулукка, андан кайра артка бир гана кадам экенин эскертишкендей...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Вепрь атомдук субмаринасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Дүйнөлүк океандагы артыкчылык: "Лошариктин" сырлары
Жаңылыктар түрмөгү
0