30 жашында ойрон болуп, тирүүсүндө бааланбаган Калмурат Рыскулов. Эскерүү маеги
20:23 13.08.2022 (Жаңыртылды: 15:32 23.08.2022)
© Фото / Из личного архива Данияра ИсановаКеремет обондордун автору, чыгармалары классикага айланып бара жаткан Калмурат Рыскулов
© Фото / Из личного архива Данияра Исанова
Жазылуу
"Боогачың сенин болоюн", "Жамгыр", "Издеп келем", "Көктөм эле", "Махабатым", "Өкүт ыры", "Өмүр", "Өмүрдөгү бийиктик", "Булутум"... Ооба, бул ырлардын баарына Калмурат Рыскулов обон жараткан.
Керемет обондордун автору, чыгармалары классикага айланып бара жаткан Калмурат Рыскуловду орто муун тамшана да, өкүнө да эскерип турган учур. Убагында ылайда жаткан мончоктун көзүндөй нукура талантты эч ким баалап-барктаган эмес.
Отузга чыкпай ойрон болгон обончунун артында 100дөн ашык обондору, кайрыгы бири-бирине окшошпогон, кыргыз колоритиндеги мыкты ырлары калды. Sputnik Кыргызстан редакциясында обончу, акын Калмурат Рыскуловду эскерип эжеси Бактыгүл Рыскулова менен баарлаштык.
— Обончулуктун учугун улаган уникалдуу обончулар Рыспай, Түгөлбай агаларыбыздын артынан Калмурат Рыскулов келе жаткан экен. Кыска өмүр сүрүп калды. Балалыгы да оор өткөн дешет.
— Калмурат 1974-жылы Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган. Атабыз МАИ кызматкери болгондуктан жумушу боюнча которулуп көчүп турчубуз. Мен Нарындын Куланак айылында төрөлгөм. Калмурат үч жашка чыкканда атабыз каза болуп калып Жаңы-Тилек айылындагы тайларыбыздын колунда өстүк. Бала кези ошол кыштакта өттү. Менимче, оор деп деле айтууга болбосо керек. "Энелүү жетим — эрке жетим" дегендей, балалыгыбыз татынакай эле өттү. Кийин Калмурат жаңыдан обончулукка баш койгон учурда апабыз кайтыш болду. Ошол себептен айтылып калса керек.
Күлмурат агам бизден бир аз улуу болгону менен калган төртөөбүз удаабыз. Бир туугандардын ичинен экөөбүз жакын элек. Ата-энебиз жумуштан чарчап келгендиктен уктап калышчу. Калмурат экөөбүз түнкү саат 1:00гө чейин сабак даярдап отурар элек. Менден бир класс кичине болсо да мага үй тапшырмадан жардам берчү. Аябай дилгир эле. Ошондо эле Боогачы деген кандай маанидеги ат болду экен деп ойлонуп калчу. Кийин ыры жаралды.
© Фото / Из личного архива Данияра ИсановаКыргыз колоритиндеги мыкты обондордун автору Калмурат Рыскуловдун окуучулук кези
Кыргыз колоритиндеги мыкты обондордун автору Калмурат Рыскуловдун окуучулук кези
© Фото / Из личного архива Данияра Исанова
— Агабыз кайрыктары бири-бирине окшошпогон керемет обондорду жазды. Талант кимден ооду экен?
— Ата тараптан өткөн окшойт. Чоң энебиз жамактатып ыр айта койгон, балдарды, кош бойлуу келиндерди эмдеген эмчи-домчу адам болгон. Атабыз да комуз чертип чоң кароо-сынактарга катышып жүргөн. Апам да ыр жандуу киши болчу. Калмураттын да көрөңгөсүндө болсо керек, кичинесинде эле Нурбек деген бөлөбүздөн барып комуз үйрөнүп калды. Универмагдан комуз да сатып беришти. Ошол 3-классында эле комузду кылдыратып үйдөгү "Ала-Тоо таңшыйт" аттуу китепти барактап ырдап отурчу. Бир жолу "эже, бул китепте канча обон бар, эми канчасы жазылышы керек?" деп сураганы эсимде. Көрсө, кичинесинде эле обон тууралуу ой толгоп жүрүптүр. Мектептен Саадат деген эжекеси кароо-сынактарга ээрчитип барып, көп грамоталарды алган. Сабакты жакшы окуду. Негизи Рыспай Абдыкадыровдун чыгармаларына таасирленип башында ал кишинин ырларын ырдап жүрчү. Кийин өзү да жаза баштады. Бирок эч кимди деле ээрчип, устат туткан жок. Көөдөнүндөгү, көкүрөгүнө уюган көрөңгөсүн гана алып чыгып, улам комузун кылдыратып обон жаратып жатты.
— Бирок нота тааныбаптыр да, ээ...
— Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуду. Кийин музыкалык билим алууга жетишпей калды. Өзү 30 жашында эле каза болсо да, аз өмүрүндө ушунча обон жаратып койгонуна таң берем. Мектепте окуп жүргөндө кыргыз тили жана адабияты сабагынан сынактарга барчу, өзү журналист болууга да кызыкчу. Бирок жан дүйнөсүндөгү ырга болгон жакындык, оргуштаган талант чыгармачылыкка, музыкага жетелеп кетти. Нота билбегендиктен го, көп обондору кагазга түшпөй калды.
© Фото / Из личного архива Данияра ИсановаКалмурат Рыскулов Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуган
Калмурат Рыскулов Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуган
© Фото / Из личного архива Данияра Исанова
— Студенттик күндөн берки теңтуштары Калмурат ага кээде айлап-жылдап жоголуп кетчү дешет. Мүнөзү кандай эле?
— Теңтуштары манасчы Рысбай Исаков, акын Нурлан Калыбеков жана журналист Данияр Исанов эле. Калмурат кээде айылга жыйым-терим, чөп чабык убагында барып калчу. Анан да жалгыздыкты самап калганда жайлоого кетип калмайы бар эле. Баамымда чыгармачыл адам обон чыгарарда же илхом келип турганда өзүнчө бир тынчтыкты самап калат окшойт. Ошол кезде таптырбай кеткенин айтып жатышса керек.
Кийин обон жаратып жүрүп шаардан алыс, сарайда мал баккан бир кишини жакын агасындай көрүп катышып алган экен. Мага да бир ирет "ушундай жакшы байке бар, мени түшүнүп, чыгармачылык жактан колдоп турат" деп айткан. Эргүү келгенде ошол жакшы санаалаш адамынын үйүндө да жүрүп калчу. Бир-эки жолу көргөзгөн, бирок атын жакшы билбей калдым. Анын да Ак-Талаада туугандары бар эле. Ошол кишини тапса Калмурат тууралуу жакшы эскерүүлөр чыгат деп ойлойм. Мүмкүн анда калып калган ырлары бардыр.
Ал эми мүнөзү бир карасаң жаркылдаган жапакеч, бир карасаң кырс да болуп кетер эле. Кежирдиги, өз оюн бербеген көктүгү бар болчу. Эми бул эркек бала үчүн жакшы эле сапат деп эсептейм. Иним байлык менен бийликти жактыра берчү эмес. Чыгармачылык кечесин өткөрөрдө экөөбүз чоңдордун эшигин каккылап жүрүп калдык. Бирок алардан басынткандай мамиле болсо көтөрө алчу эмес. Калмураттын көзү өткөндөн кийин ошол Ак-Талаанын чоңдору убагында көңүл бурбай койгонуна өкүнүп калышты. Узак жашаса чыгармачылыгы бааланып, дагы мыкты обондорду жаратар эле.
© Фото / Из личного архива Данияра ИсановаСтуденттик кездеги достору манасчы Рыспай Исаков, курсташы Арстан менен
Студенттик кездеги достору манасчы Рыспай Исаков, курсташы Арстан менен
© Фото / Из личного архива Данияра Исанова
— Учурунда иниңиздин обондору бааланган жок. Бирок азыр классикага айланып баратат. Ушундай болоруна ишенчү беле?
— Кээде "кыйшаңдаган жеңил ырлар элге тез алынат экен, бирок кыргыз колоритиндеги ырлар бир кезде бааланат" деп калчу. Өзү чоң иш-чараларга, мамлекеттик деңгээлдеги концерттерге катышууну каалачу. Ошентсе да буга музыкалык сабаты жоктугу тоскоолдук кылдыбы, айтор, катышуу кыйын экен деп жүрдү.
Ооба, убагында баалабай калдык. Өкүнүчкө чек жок. Калмуратка кандай нерсе жасасак да жарашат болчу.
— Калмурат Рыскуловдун ырларында ашыктык темасы көп чагылдырылган. Сүйгөнүнө жетпей калган таржымалын да угуп жүрөбүз. Бирок кийин үйлөнүп бир аз жашап калган экен?
— Биринчи чыккан ыры "Махабат" деп аталат. Студент кезинде көлдүк кызга ашык болгон жайы бар. Ошондой тунук махабатынан улам да мыкты ырлар жаралса керек. Бишкекке келгенине эки жылдай болуп калган. Ал кезде телефон жок. Анан апам экөөбүз телеграфтан сүйлөшүп жатсак, Кыргыз радиосунан ошол ыры кетерин айтты. Үйгө барып радионун түбүндө туруп алып укканым эсимде. Бала кезинде көйнөк, костюмдарын жууганда сүйүү каттарын таап калчу элек. Ошондо эле ыр жазчу.
Кыял деген жакшы келинибиз бар эле. Экөө үч айдай чогуу жашады. Бир-эки жумалык боюнан да түшүп калган экен. Ошондо иним аябай кейиптир. Азыр келинибиз кайра кайтып өзүбүз жакка келин болгон. Аны көргөндө учурашып, туугандар өзүбүзчө Калмуратты эстеп калабыз. Ортодо бала болбогондон кийин катыша албай калат экенсиң.
© Фото / Из личного архива Данияра ИсановаКМУнун жатаканасында чыгармачыл чөйрөдөгү ага-ини, жакын санаалаштары менен
КМУнун жатаканасында чыгармачыл чөйрөдөгү ага-ини, жакын санаалаштары менен
© Фото / Из личного архива Данияра Исанова
— Өзүнө өзү кол салуусуна эмне себеп болду?
— Анчалык деле оор көйгөйү жок эле. Кээде "чыгармачылыкта колдоо көрсөткөн жакының болбогону жаман экен" деп айтканы бар. Байкемдин үйү мечиттин жанында болчу. Ал "азан чакырылса эле Калмурат жаман болуп кетип жатат" деп айтып жүрдү. Бул бир көзгө көрүнбөгөн сырдуу кайып дүйнө менен байланыштуу болду окшойт. Мен да бир топ жыл себебин ойлонуп, жан дүйнөмдү жеген суроолор көп болду. Бирок эч илинчек таба албадым. Анын үстүнө ошол кезде жаңы үйлөнүп, үйдө күтүп жаткан ак жоолугуна жолуккан кези эле. Азгырык болдубу, билбейм (үшкүрүп).
Калмураттан кийин бизди үстү-үстүнөн кайгы басып, эми араң өзүмө келип отурам. Унутчаак болуп, сөз көтөрө албай калган элем. Азыр жакшы болуп калдым. Жолдошум, үй-бүлөм ошондой маалда абдан көтөрмөлөдү. Ошонун арты менен балдарым үчүн жашайын деп өзүмдү колго алып чыйралдым.
Азыр достору менен байланыштабыз. Ушуга чейин колдоо көргөзүп, ар дайым Калмурат үчүн жүгүрүп көмөктөшүп келишет.
© Фото / Из личного архива Данияра ИсановаКалмурат Рыскуловдун досу Жеңишбек Эдигеев жана группалаш кыздары.
Калмурат Рыскуловдун досу Жеңишбек Эдигеев жана группалаш кыздары.. Архивдик сүрөт
© Фото / Из личного архива Данияра Исанова
— Андан кийин дагы бир агаңызды жоготтуңузбу?
— Биз беш бир тууган элек, Калмураттан кийин экинчи байкем жумуштан кырсыктап каза болду. Ал эми эң улуубуз Гүлмурат агам эки инисинин өлүмүн көтөрө албай калдыбы, айтор, беш жылдан бери дайынсыз. Ушуга чейин эч жерден таба албай келебиз. Ушунун баарын эстегенде жаман болуп кетем (жашып).
Жаңы-Тилек айылында клубга Калмураттын аты берилген. Андан бөлөк эч нерсе деле жасала элек. Быйыл 48 жашка чыкмак. Буюрса эки жылдан кийин 50 жылдыгын же кийин 60 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө аракет жасайбыз. Жогорудагыдай кайгы менен түйшүктөн кийин биз да боорубузду эми көтөрүп жатабыз.
© Фото / Из личного архива Данияра ИсановаФилармонияда өткөн чыгармачылык кечеде.
Филармонияда өткөн чыгармачылык кечеде.
© Фото / Из личного архива Данияра Исанова
— Данияр Исанов агабыз Калмурат Рыскуловдун 120дан ашык ыры болмоктугун айтып калат...
— Ошол ырларын да патенттеп алганга жетишкен жокпуз. Бишкекке келгенден кийин достору менен чогуу жашап, бирге жүрүп калды. Алардын айтымында, 100дөн ашык ыры калыптыр. Арасынан 30дай чыгармасын өзү ырдаптыр. Каза болоруна аз күн калганда Данияр Исановго барса, ал Калмураттын ырдаганын жаздыртып калган экен. Ошого да шүгүр деп отурабыз.
Ырларына автордук укук алып алсак болот эле. Калмураттын ырлары эл алдында ырдалып жатканына кубанабыз. Бирок патент алсак, бир аз уруксат сурап ырдашар беле. Калмурат негизи кийин ыр да жазып калды. Анын патриоттук, адамзаттык, философиялык жана лирикалык да ырлары бар.
Бир жолу кичинесинде уй кайтарып жүрсө жаан себелеп кетиптир. Ошол маалда "жазда жамгыр жаагандай ага жанашып, ашыгым ай, боло көр сен да мага ашык" деген саптары бар ырын жараткан. Өзүнүн ой чабыты кенен адам эле. Жеңил-желпи ырларды жактырбай, Жолон Мамытов, Сооронбай Жусуев, Алыкул Осмонов, Акбар Рыскуловдун ырларына обон жараткан. Улуу инсандар түшүнө кирип аян берген учурлары да бар.
"Кайсы бир күнү түшүмдө арыктын боюнда отурупмун. Карасам, бет маңдайымда Алыкул келе жатат. Үстүндө күрөң костюм. Колунда китеп. Бир убакта колундагы китебин мага сунду. Алайын деп аракет кылганымда, Алыкулдун колунан китеп сууга түшүп агып кетти. Алыкул күлүмсүрөгөн бойдон ары карап кетип калды. Арыкты бойлой кубалап барып, китепти араң алып чыктым", — деп досу Данияр Исановго айтып берген экен. Ойгонуп Алыкулдун китебин барактап отуруп, ылайыктуу текст таппай жаткан жаңы обонуна "Ата Журт" деген ыры туура келген экен.
Ал эми акын Акбар Рыскулов бир ирет Ат-Башыга барганда "Боогачың сенин болоюн" ырынын текстин жазып, бирок ал резонанс жарата алган эмес. Кийин ага Калмурат обон чыгарганда гана ырга экинчи өмүр тартууланганын айткан. Ырды элге таанытууда Токтобек Асаналиевдин эмгеги бар. Токтобек бир маегинде "Боогачың сенин болоюн" ырын жакшы көрүп аткарарын айтыптыр. Калмураттын ырларын жайылтып жатышат.