https://sputnik.kg/20220812/kyrgyzstan-ehkonomika-statistika-1066701521.html
Жыл башынан бери өлкөдө экономиканын кайсы тармактары өстү
Жыл башынан бери өлкөдө экономиканын кайсы тармактары өстү
Sputnik Кыргызстан
Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү январь-апрель айларында 5 миллиард долларды түзүп, 25,4 пайызга көбөйгөн. 12.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-12T09:18+0600
2022-08-12T09:18+0600
2022-08-12T09:18+0600
кыргызстан
экономика
өнөр жай
курулуш
соода
статистика
https://sputnik.kg/img/07e6/08/0b/1066708099_0:321:3071:2048_1920x0_80_0_0_e9ff5db428a153599f065dd3a4e84411.jpg
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жыл башынан берки ички дүң продукциясы (ИДП) өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 7,7 пайызга өсүп, 425 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.Ал эми "Кумтөр" ишканасын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 393 миллиард сомдон ашып, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,7 пайызга көбөйгөн.Анын ичинен өнөр жай продукцияларынын көлөмү 227 миллиард сомдон ашып, 17,8 пайызга жогорулады. Курулушта 3,6, айыл чарбасында 8,4, дүң жана чекене соодада 7 пайыздык өсүү байкалган.Ошол эле учурда тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү январь-апрель айларында 5 миллиард долларды түзүп, 25,4 пайызга көбөйгөн. Анда экспорттук жөнөтүүлөр 40,5 пайызга азайса, импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 1,7 эсе жогорулаган.Республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россия (70 пайыз) менен Казакстанга (27,9 пайыз) туура келди.
https://sputnik.kg/20220811/kyrgyzstan-yaponiya-bal-eksport-1066687370.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/0b/1066708099_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_f6b9596d2045adfe3056a660f73e8fe3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, өнөр жай, курулуш, соода, статистика
кыргызстан, экономика, өнөр жай, курулуш, соода, статистика
Жыл башынан бери өлкөдө экономиканын кайсы тармактары өстү
Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү январь-апрель айларында 5 миллиард долларды түзүп, 25,4 пайызга көбөйгөн.
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жыл башынан берки ички дүң продукциясы (ИДП) өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 7,7 пайызга өсүп, 425 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Ал эми "Кумтөр" ишканасын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 393 миллиард сомдон ашып, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,7 пайызга көбөйгөн.
Анын ичинен өнөр жай продукцияларынын көлөмү 227 миллиард сомдон ашып, 17,8 пайызга жогорулады. Курулушта 3,6, айыл чарбасында 8,4, дүң жана чекене соодада 7 пайыздык өсүү байкалган.
Ошол эле учурда тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү январь-апрель айларында 5 миллиард долларды түзүп, 25,4 пайызга көбөйгөн. Анда экспорттук жөнөтүүлөр 40,5 пайызга азайса, импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 1,7 эсе жогорулаган.
Республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россия (70 пайыз) менен Казакстанга (27,9 пайыз) туура келди.