Кыргызстанга "каржылык капканды" ким салат? Экономисттен ачуу чындык

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Жазылуу
Кыргызстандын экономикасынын кыйрашына ким күнөөлүү? Эмне үчүн бизге каржылык "капкан" салышат? Доллардан баш тартуу кимге пайдасыз? Ушул жана башка каржы жаатындагы бир топ соболдорубузду экономистке узаттык.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев азыркыдай оор шартта КР кандай чараларды көргөнү оң экенин Sputnik Кыргызстанга түшүндүрүп берди.
— Көп өлкөлөрдүн каржылык көз карандылыгы Эл аралык валюта фонду аркылуу түзүлөрүн айтасыз. Эске салсак, кезегинде Румыния үчүн бул фондудан көз карандысыздык деле өтө кымбатка түшкөн. 90-жылдары Чаушеску эбегейсиз аракет жана өлкөдөгү социалдык деңгээлди кескин төмөндөтүү менен аталган фондуга насыяларды толук төлөп берген. Натыйжада өлкөдө түстүү революция болуп, лидерин атып өлтүрүшкөн. Кыргызстанда да Эл аралык валюта фонду ушундай саясат жүргүзөт деп ойлойсузбу?
— 1995-жылы АКШда Дүйнөлүк банк уюштурган окууда жүргөнүмдө Эл аралык валюта фондунун директорлор кабинетине чакырып, анын иши жөнүндө кенен лекция окушкан. Михаил Горбачевдун мурдагы кеңешчиси Алексей Киреев (экономика илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык валюта фондунун улук экономисти, Дүйнөлүк соода уюмундагы аталган фонддун өкүлү — ред.) ошол жакта иштейт экен.
Ага "Кыргызстанга эмнеликтен мынчалык көп жеңилдетилген насыя бөлүп жатасыздар? Биз менен Эл аралык валюта фонду өзгөчө мамиледеби? Маселен, Дүйнөлүк соода уюму, АКШ жана Эл аралык валюта фондунун саясатынан баш тарттык дейли, анда кандай болот?" деп суроо салдым.
Киреев фонд менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай өзгөчө макулдашуу жоктугун, алар чабал өлкөлөргө каржылык каатчылыктан тирденүү үчүн көмөктөшөрүн айтты. Эгер республика фонддун саясатынан баш тартса, анда Эл аралык валюта фондунун бардык мүчөлөрүнө Кыргызстан менен эч кандай иш жүргүзбөө, насыя бербөө көрсөтмөсү берилерин кошумчалаган.
© Sputnik / Асель СыдыковаДоктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев
Доктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Тилекке каршы, биз алигүнчө Кошмо Штаттардын неолибералдык саясатына ылайык иш алпарабыз. Башкача айтканда, бизде ачык, эркин экономика бар, акча эркин айлантылып, чек аралар ачык жана калк ары-бери эркин жүрө алат. Дал ошол себептен Кыргызстанга Европа, Дүйнөлүк жана Азия банктарынан, ПРООН, USAID, Сорос, анан, албетте, Эл аралык валюта фонду өңдүү уюмдардан чоң көлөмдө акча келет.
Мунун баары 1994-жылы Эл аралык валюта фонду менен меморандумга кол койгонубуздун натыйжасы. Бирок ошол макулдашуу боюнча Кыргызстан, мисалы, энергетика жана тоо-кен тармагын толугу менен менчиктештирип, башкача айтканда, жеке колго өткөрүүгө тийиш.
— Демек, насыя жана гранттарды берүүдө саясий талаптар да коюлат турбайбы?
— Дал ошондой. Күрөөнүн саясий, экономикалык жана аскерий үч түрү бар. Эгер ушул үчөөнүн эч бири болбосо, эч ким грант менен насыя бербейт.
— Энергетика тармагын менчиктештирүү туура саясатпы?
— Албетте, натуура. Биз эгемен өлкө катары мындай маанилүү стратегиялык жана экономикалык багыттарды мамлекеттин энчисинде кармашыбыз керек. Жок эле дегенде тоо-кен өнөр жайында жана энергетика менен байланышкан ишканаларда мамлекеттин үлүшү көп болушу шарт.
Мисалы, Токтогул ГЭСи жеке колго өттү дейли, электр кубатынын тарифтери дароо өсүп, биз 72 тыйындан, ал тургай 2 сомдон да эмес, бир киловаттка 5 сомдон төлөп калышыбыз ыктымал. Кийин ал 10 сомго дейре көтөрүлүшү мүмкүн.
Эл аралык валюта фонду менен макулдашууга кол коюлганда ушундай талап коюлган, ал эми айрым жарандар грант жана насыялар асмандан жаап жаткандай көрүшөт. Насыяларды кайра төгүп берүү абзел. Бирок акчанын баары калкка жетпейт, анткени бизде жемкорлук күч. Маңызында бизди тоноп жатышат, бирок мындай шарттарга да көнүп келебиз, демек, кимдир бирөөнүн мында үлүшү бар.
— Айтмакчы, Кумтөр буга көрүнүктүү мисал. 30 жылга чукул убакыт аралыгында өлкөдөн миллиарддаган доллар чыгарып кетишкен.
— Ооба, Кумтөр дээрлик Кыргызстандын юрисдикциясынан толугу менен чыгарылып, биз аны таптакыр башкарган эмеспиз. "Өнөктөш" дегендерибиз ал жакты каалагандай калчашкан. Кейиштүүсү — мунун баары өлкө бийлигинин ана башындагылардын макулдугу же багыты менен жүргөнү. Бул схемада жогорку кызматтарды ээлегендердин жоон тобу аралашканы айдан ачык, бирок тилекке каршы, алигүнчө аларга кылмыш иши козголгон эмес.
АКШ жана ЕБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Батыш эмне үчүн согушка кызыкдар? Кыргызстандык экономист дүйнөлүк кризис тууралуу
— Беш жыл оболу "Экономикалык жанкыярдын ымандай сыры" деген китепти окугам. Анда дүйнөлүк каржылык корпорациялардын менеджерлери бүтүндөй мамлекеттерге "каржылык капкан" салып, иш жүзүндө өлкөлөрдү экономикалык жактан кыйратышкан. Биз да ошондой эле курмандыкпызбы?
— Албетте. Гранттар элге каршы белгилүү бир саясатты жүргүзүү үчүн бөлүнөт. Экономикабыздын структурасына көз жүгүртүп көрүңүз, реалдуу сектор: айыл чарбасы, электр кубатын иштеп чыгуу жана бир аз жеңил өнөр жай болгону 30 пайызды түзөт.
Калганын, 300 миллиард сомдун тегерегиндеги акчаны мигранттардан алабыз, ал эми бул – өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн дээрлик жарымы. Ал 600 миллиарддан бир аз гана ашат.
Дагы 100 чакты миллиард — сырттан келген, анын ичинде ошол эле Эл аралык валюта фондунан келген насыя жана гранттар. Жыл сайын ошолордун эсебинен бюджетибиз толукталат.
— Демек, бизге да "каржылык капкан" салышабы?
— Сөзсүз, башка бир багыттан дагы бир мисал келтирейин. Илимде scopus (2004-жылы түзүлгөн илимий адабият менен рецензияланган бирдиктүү библиографиялык жана реферативдик маалымат базасы) деген түшүнүк бар. Эмгектери англис тилинде чет өлкөлүк басылмаларга жарыяланбаган кыргызстандык жана дегеле окумуштуулардын эч бири илимдин кандидаты же доктору боло албайт.
Окумуштуулар илимий иштерин жарыялоо үчүн 500 доллардай акы төлөшү керек. Бирок кептин баары ири көлөмүнө карабай эч бир тыйын коротпостон Батыш дүйнөнүн булуң-бурчунан ар кыл маалыматтарды аларында. Ушул отчеттор аркылуу да Батыштагылар биздин жана башка өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык абалы жөнүндө кабардар болушат.
Маңызында, бул илимий тыңчылык (шпионаж). Мындан сырткары, ар кандай фонддордон грант алган "НПОчулар" (өкмөттүк эмес уюмдагылар) да болгон отчетторду жазып беришет. Эми эмне болуп жатканын боолголоп турсаңыз керек...
— Башкача айтканда, өзүбүздүн түбүбүзгө өзүбүз жетип жатабыз деңизчи?..
— Туптуура. Биз экономикабызды гана тургай, илимди да, башка көптөгөн тармактарды да бүлүндүрүп жатабыз. Баам салып көрсөңүз, Эл аралык валюта фонду да, Дүйнөлүк банк да өндүрүштү өнүктүрүүгө, кайсы бир завод же фабриканын курулушуна эч качан акча бербейт.
Гранттар реформалоого гана бөлүнөт. Өздөрү "биз силерге үйрөтүп жатабыз, дүйнөлүк стандартка шайкеш келүү үчүн силер реформаланууга тийишсиңер" дешет. Ал эми биз тил алчаактыкка салып министрлик, мекеме жана дагы башкасын жылына эки сапар реформалап жатып калабыз. Башкача айтканда, Кыргызстанга канча акча агылганы менен экономиканын реалдуу секторуна каражат салынбайт, салынган да эмес. Ошончо каражатка өлкө экономикасын гана өнүктүрбөстөн, жогорку деңгээлге чыгарып коюуга болмок.
— Кыргызстандын өнүгүшү үчүн эмне кылуубуз зарыл? Себеби инфляциянын деңгээли жогору, азык-түлүк кымбаттоодо.
— Күчтүү кыйроолор болбойт, бирок 2008 жана 2014-жылдардагыдай экономиканын басаңдашы күтүлөт. Сырьену сатпастан, айыл чарбасын, өндүрүмдөрдү кайра иштетүүнү акыл калчоо менен уюштуруп, калкты жумуш менен камсыздоо зарыл. Булардын баары киреше саясатына кирет, бизде ал дегеле жүргүзүлбөйт.
Алкоого татырлык салык жана бажы саясаты жок. Кыргызстан чакан мамлекет болгону менен азык-түлүк жетишерлик. Сырттан импорттоп отурбай бул рыногубузду өз өндүрүшүбүз менен 80-90 пайызга жөн эле камсыздап кое алабыз.
Бизде пахта, жүн жана жеңил өнөр жай бар, бирок эмнегедир биз кийим-кече, буюмдарды Түркия, Кытай, Европадан сатып алабыз. Башкача айтканда, бир кезде жаап койгон өндүрүштү кайра жаратуу абзел.
— Баса, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун республикада уяң жүндүү койду кайрадан көбөйтүү долбоору бар. Адистер кайсы бир убакта бизде кой багып, жүн алып, текстиль өндүрүүдөн баштап кийим тигүүгө чейин тынымсыз иштеп турган технологиялык чынжырчаны кайра түзүүнү көксөшөт.
— Бул чынжырча СССР ыдыраган кезде үзүлгөн. Ошол убакта Дүйнөлүк банк аркылуу бизге Бангладештен эксперттер келген.
Биздеги кездемени көрүп мага "алтынга тете мыкты кездемеңиздер бар экен. Бизди камсыздап туруңуздар, биз аны дүйнөлүк рынокко сатабыз"дешкен. Анткен менен ошондон бир-эки ай өтпөй Камволдук-нооту комбинатын менчиктештирип, заматта талап-тоноп бүтүштү. Өзүңөр ойлоп көргүлө, бирок биздин республика жеңил жана тамак-аш өнөр жайынын өндүрүмдөрү менен өзүн-өзү кыйналбай эле камсыздап кое алат.
Киевдеги нааразылык акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина экономикасынын кыйраарына аз калдыбы? Сереп
— Баарын талкалап бүтүрүштү дедиңиз. Кимдер кылды анын баарын?
— Албетте, өзүбүз. Батыштын көрсөтмөсү менен экени түшүнүктүү, бирок президенттер менен депутаттарды өзүбүз шайлайбыз. Демек, өлкөдө болуп жаткан нерселерге өзүбүз айыптуубуз.
Бизде таасирдүү башкаруу тутуму жок, дээрлик жыл сайын премьер-министр жана анын кабинети алмашат. Бул башкарууда башаламандык жаратып, иштин бүтүндүгүн бүлүндүрөт.
Мындан тышкары, бизде билим берүү деңгээли кескин төмөндөп кетти. Дээрлик калк деградацияланып, коомдун деңгээли да өтө пас болуп барат. Буга бардык реформалар, Болон системасына өтүү, окутуучулук курамдын жакырланышы алып келди.
Мурдагыдай көз караштагы мугалимдерибиздин бар экенине кубанганыбыз оң. Алар билим берүүнүн сапаты, темирдей тартип эмне экенин билишет. 10 жылдан кийин, алардын көпчүлүгү арабыздан узап кеткенде эмне болот? Жоголгон муун – 90-жылдардын балдары тууралуу тегин жерден айтылбайт. Алар бүгүн 35-40 жаштын тегерегинде. Ошол себептен бизге билим берүүдө да, башка чөйрөлөрдө да экинчи жана кийинки муундарды жоготуп албоо үчүн мурдагынын жакшы жагын сактап калуубуз шарт. Жеке баамымда, мамлекеттүүлүктү өнүктүрүү жана толук кандуу бекемдөө кыргызстандыктардын үчүнчү муундарында гана башталат.
Биринчи жана экинчи муун жаңы реалдуулуктун оң жана терс жактарын көрүп, мындай шарттарда кантип жашоо керектигин жаңыдан гана түшүнүүдө. Өсүп келе жаткан үчүнчү муун жаңы шарттарда төрөлгөндүктөн, аларга жеңил ыңгайлашып кете алышат. Эгер ушул маселе менен алектенбесек, мындай жагдайлар уланып отуруп, биз эч качан өнүгө албай калабыз.
— Экономисттердин көпчүлүгү доллардан баш тартуу зарылдыгынан кеп салышат. Бирок бул жөнүндө 5-7 жыл мурун эле айтып жатышкан. Алигүнчө жыйынтыгы жок, себеби азыр деле биз доллар менен эсептейбиз. Аталган эл аралык валютадан баш тарта албай жатканыбыздын себеби эмне деп ойлойсуз?
— Кыргызстан — чакан мамлекет, биз дайым дүйнөдөгү кайсы бир өзгөрүүнүн, АКШ, Кытай же Россия болобу, таасиринде каларыбыз анык. Бирок ага карабастан, эптеп жан сактоо менен гана алпурушпай, өнүгүүгө да тийишпиз.
Доллардан баш тартуу маселесинде жылыштар бар. Улуттук банктын расмий саясаты да ийгиликтүү ишке ашырылууда. Мындан ары кандай болорун айта албайм, анткени КР Улуттук банкынын жетекчилиги алмашып кетпедиби.
Бирок ушул тапта банктарда депозиттердин негизги көлөмү сом менен (60 пайыздай) салынган. Ал эми мурда салымдардын 90 пайызы доллар менен эле. Анткен менен доллар кырдаалы жөнүндө ой толгоодон оболу кимге сатып, кимден кайсы товарды көбүрөөк сатып аларыбызды, тагыраагы, кайсы өлкөлөр менен каржылык, экономикалык жана товардык өз ара алакабыз бар экенин карап чыкканыбыз оң. Мында биринчи орунга Россия, экинчи сапка Казакстан, үчүнчүгө Кытай, булардан кийин гана бөлөк өлкөлөр чыгат.
© Sputnik / Исмаил МамытовДоктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев
Доктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
— Ошондо доллардан баш тартуу саясат эмес, экономикабы?
— Бул — бүгүнкү күндүн чындыгы. Азыр, айрыкча 2014-жылы Батыш тарабынан санкциялар киргизилгенден тарта рубль менен юандын жакындашуусунун интенсивдүү процесси жүрүүдө. Соодада юань менен рублге өтүүгө Россия дээрлик Кытай менен макулдашты. Кыргызстан үчүн бул жагымдуу жагдай, себеби биздин мигранттар үйүнө акчаны доллар же еврого алмаштырып отурбай түз эле рубль менен жөнөтө алышат. Бюджетибизди толуктап, Россия менен соодада дагы рубль менен эсептеше алабыз.
Казакстан менен да ушундай эле мамилебиз бар. Аталган мамлекет да рубль жана юань менен иш алып барат, анткени ал жакта деле Россия жана Кытай менен соода жүргүзүү биринчи сапта.
Мигранттардын акча которуулары расмий түрдө 2,5 миллиард доллар экенин эске сала кетейин. Буга алар өздөрү жанында накталай алып келген дагы жарым миллиардды кошуп эсептеп көрсөңүз дээрлик 300 миллиард сом келип чыгат.
— Анда эмнеликтен доллардан баш тартуу бизде мынчалык жай жүрүүдө?
— Менимче, сом — теңге, сом — рубль, сом — юанга өтүүгө олигархтык капитал жана биздин бюрократтарыбыз катуу тоскоол болуп жаткан өңдүү. Алар Батыштагы офшордук зоналарда ири көлөмдөгү капиталдарын доллар менен кармайт. Доллардан баш тартып, улуттук валютада эсептешүүгө өтүү алар үчүн пайдасыз.
Кыргызстан Россия, Казакстан, Кытай өңдүү тыгыз экономикалык өз ара мамилеси бар өлкөлөр менен бир багытта жылганыбыз оң. Тилекке каршы, Борбор Азияда бүгүнкү күндө көпчүлүк Россияга каршы чыгып, русофобия менен алектене башташты.
Андайга барган болбойт, радикалдуу улутчулдуктун кесепети оор. Анан да өлкөнүн коопсуздугу жөнүндө ойлой жүргөн оң, анткени жаныбызда Афганистан турат.
Жаныбыздагы Казакстанда Пентагондун азиялык элдердин: казак, кыргыз, кытай, моңгол жана башкалардын генин изилдөө үчүн түзүлгөн биологиялык лабораторияларынын бүтүндөй түйүнү бар. АКШ тандап кыра турган, мисалы, славяндарды же азиялыктарды гана өлтүрө турган расалык биологиялык курал жасоого далалат кылып келет.
Украинадагы биолабораториялардан алынган маалыматтар америкалыктардын ушундай үрөй учурган пландарын айгинелеп турат. Казакстан мындайга эмнеге жол берди, түк билбейм. Өзбекстанда да ушундай лаборатория иштейт. Бирок ушул тапта Ташкенттин коңшулар менен интеграция багытында кадам жасаганы дурус көрүнүш.
Кошмо Штаттар дүйнөнү өздөрү тескей алчу хаоско кабылтып, аны менен үстөмдүгүн сактап калууга умтулууда. Натыйжада глобалдуу башаламандык жүрүүдө. Украинадагы абал да — Батыштын кара мүртөз саясатына жооп.
— Украинадагы атайын операция аяктаган соң эмне болот? Дүйнө кантип өзгөрүп, анда Кыргызстан кандай орунду ээлейт?
— "Кыргызстан жаңы дүйнө тартибин куруу шартында" деген докладым бар. Анда мен жакында глобалдык өзгөрүүлөр жүрүп, 3-4 дүйнөлүк күч борбору пайда болорун жазгам. Каатчылыктын катаал шартына туруштук берүү үчүн биз тышкы саясатта кескин кадамдарга барбай, айрым коңшулар менен болгон чыңалууну ырбатып жибербешибиз керек.
Өз геосаясий абалыбызды пайдаланып, туруктуу байланышыбыз бар тараптар менен кызуу кызматташууга тийишпиз. Биз өтө кооптуу зонада турабыз, Батыштын күчтүү оюнчуларынын баары бизди Кытай жана Россияга каршы күрөштө колдонгулары келет. Ушуну унуткарбай тышкы саясатыбызды кылдат жүргүзүүгө тийишпиз.
Менин баамымда, XXI кылым — Евразиянын: Россия, Кытай, Индия, анан албетте, Борбор Азиянын кылымы. Биз ушул учурда өнүккөн өлкөгө айлануу мүмкүнчүлүгүбүздү колдон чыгарып жибербешибиз керек.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Экономист Сарыбаев: газдын рубль менен сатылышынан Кыргызстан пайда гана көрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0