Батыш эмне үчүн согушка кызыкдар? Кыргызстандык экономист дүйнөлүк кризис тууралуу

© AFP / GEORGES GOBETАКШ жана ЕБ желектери. Архив
АКШ жана ЕБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Жазылуу
Дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын себеби эмне? Ага кантип туруштук берүүгө болот? Эмне үчүн дүйнө түп-тамырынан бери өзгөрүүдө? Геосаясий кайра курууда бизди эмне күтөт? Ушул жана башка соболдорду кыргызстандык беделдүү экономистке узаттык.
Дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктүн баасы өсүп, заводдор жабылып, Бириккен Улуттар Уюмунун жоромолу боюнча Украинанын тегерегиндеги кырдаалдын айынан 11-19 миллион киши ачарчылыкка кабылуу коркунучу бар.
Sputnik Кыргызстан экономикалык илимдердин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев менен баарлашып, дүйнөлүк каатчылыктын нагыз себептери тууралуу пикирин тыңдады.
— Батыштагы, анын ичинде америкалык жана европалык эксперттердин көпчүлүгү Украинадагы атайын операциянын айынан Европа жана башка өлкөлөрдө инфляция жогорулап, азык-түлүк жана энергетикалык ресурстар кымбаттап жатканын айтышат.
— Түк дагы андай эмес. Дүйнө өзгөрүү процессинде, геосаясат жана экономика алмашууда. Ооба, баары Украина тууралуу, Россия жөнүндө айтууда, бирок бул экономикалык каатчылыктын себеби эмес.
Украина — болгону АКШ менен Батыш Европа үчүн Россия экономикасын чабалдатып, муну менен Кытайдын экономикасын да кыйыр түрдө солгундатып, дүйнөдө үстөмдүгүн сактоо, башкача айтканда, гегемон бойдон калууга шылтоо гана. Анткени Кошмо Штаттар ааламдашуу саясатын жүргүзүп, дүйнөнүн булуң-бурчуна ашыкча капиталын эркин жайгаштырып, арзан жумушчу күчүн пайдаланып жана эбегейсиз киреше алууну камсыздагыдай неолибералдык экономиканы ойлоп табышкан.
Дал ааламдашуу жана либералдык экономиканын эсебинен алардын керектөө деңгээли жогору. Америкалыктар өз өндүрүшүн эбак чет өлкөгө чыгарып, аскер-өнөр жай комплекси менен гана алектенишет.
Эгер дүйнөдө согуш болбосо, алар жакырланып кетет, себеби бюджетинде акча болбойт. Украинадагы жаңжал курал сатуу үчүн да тутанды. Каалайбы-каалабайбы, Кошмо Штаттар экономикалык жактан Кытайдан артта калды. Аталган держава көп көрсөткүчтөр боюнча дүйнөдө алдыңкы сапка чыкты.
Албетте, бул АКШга жакпайт, себеби кытайлык экономикалык экспансия Американын өзүнө да таркайт. Кошмо Штаттардын ичинде керектөө товарлары негизинен Кытайдан. Европада деле ошондой көрүнүш. Африка, Латын Америкасы дээрлик кытай товарларына толгон. Булардын баары дүйнөнү доллар аркылуу тескеген америкалык миллиардерлердин кызыкчылыгына жат.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономикалык илимдердин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев: Украина — болгону АКШ менен Батыш Европа үчүн Россия экономикасын чабалдатып, муну менен Кытайдын экономикасын да кыйыр түрдө солгундатып, дүйнөдө үстөмдүгүн сактоо, башкача айтканда, гегемон бойдон калууга шылтоо гана.
Доктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Экономикалык илимдердин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев: Украина — болгону АКШ менен Батыш Европа үчүн Россия экономикасын чабалдатып, муну менен Кытайдын экономикасын да кыйыр түрдө солгундатып, дүйнөдө үстөмдүгүн сактоо, башкача айтканда, гегемон бойдон калууга шылтоо гана.
Дүйнөлүк бул каржылык тутумга алгачкы ири сокку 2008-жылы урулган. Ошол кезде эле доллардан баш тартып, башка улуттук валютага, ошол эле юань же рублге өтүү жөнүндө кептер башталган.
Ушул тапта, айрыкча, пандемиядан соң, ааламдашуу жана либералдык экономиканын доору аяктап баратат. Анан калса бул өзгөрүүлөрдүн баарын АКШ өзү президент Трамптын убагында баштады. Анын "Американы кайрадан улуу державага айлантабыз" деген урааны көптөгөн рынокторду жаап, АКШ аймагында өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, башкача айтканда, консервативдик экономикага кайтууну туюндурган. Бул Кошмо Штаттар эң оболу өз экономикасы менен алек болуп, өлкө ичиндеги өндүрүштү калыптандыруу, чек аралары эмгек жана материалдык ресурстардын, ошондой эле тышкы капиталдын эркин айланышы үчүн ачык болбошу керек дегенди түшүндүргөн.
Дал ушундан улам Трамптын тушунда АКШ Дүйнөлүк соода уюмунан чыгууну көздөгөн. Андай процессти мен "топтук неокейнстик" деп атайт элем, бул Европа экономикалык биримдиги түптөлгөндө башталган. Маселен, ОПЕК, ШКУ, ЕАЭБ да бар — булардын баары бөлөк өлкөлөрдүн атаандаштыгы жана таасиринен бул мамлекеттердин экономикасын топтошуп коргоо.
— Согуш кантип АКШга акча алып келет?
— Америка согушкан өлкөлөргө өз ракета, курал, аскердик кеме, истребителдерин сатат. Мисалы, Сауд Арабиясы эле учак жана курал үчүн АКШ менен 300 миллиард долларга келишим түзгөн. Ал эми курал-жарак Индияга да, Европага да, НАТОнун башка мамлекеттерине да, ошондой эле кан күйгөн көп жерлерге жөнөтүлөт. Башкача айтканда, Кошмо Штаттардын аскерий-өнөр жай комплекси эбегейсиз киреше таап, анын бир бөлүгү бюджетке түшөт.
— Дүйнөлүк эксперттер АКШ өзүнүн доллардык системасын куткарып, каатчылыктан чыгуу үчүн Европа биримдигин ыдыратып, экономиканы начарлатып, социалдык жарылууну, жарандык жаңжалдарды шыкактап, Европаны каатчылыктын зонасына айландырууга даяр экенин айтышат. American Bank маалыматтарына ылайык, капитал Европадан АКШга агылып, ал эми Европада баалар кескин көтөрүлүп, нааразычылык күчөп баратканын буга далил катары келтиришүүдө. Ошол эле учурда ал жакта камсыздоодон куру кала турган Жакынкы Чыгыштан жер которгон миллиондогон качкындар бар экенин унуткарбоо абзел.
— Менимче, андай нерсе болбойт, себеби Европанын жок болушунан АКШ эч нерсе утпайт. Бирок "европалык өлкөлөрдүн экономикасын милитаризациялоо" деген көрүнүш кызуу жүрүүдө. Башкача айтканда, эски, анын ичинде советтик үлгүдөгү куралдарын европалыктар Украинага берип, анын ордуна америкалык куралды сатып алууга аргасыз.
АКШ аларга өз өндүрүшүндөгү жаңы техника, технологияларды сатып, танк, замбирек, учак, ракеталарын таңуулашы ыктымал. Анан, албетте, мындан пайда табат.
Милитаризация процесси 20 жылдан ашуун убакыттан бери жүрүп, коргоо тармагына, куралданууга жумшалган чыгым жыл сайын өсүп жатат. Ошол эле учурда дүйнө калкынын ачарчылыкка кабылган катмары калыңдап баратканы кейиштүү. Себеби Европадагы качкындар дал ошондой өлкөлөрдөн эмеспи.
Милитаризация Россия менен Кытайга каршы туруу үчүн башталган. Анткени Батышта табигый байлыктын азайып кеткени сезиле баштаганына көп болду. Кошмо Штаттар да кыйын кезеңге камылга көрүп келет, 50 жыл мурун эле алар өздөрүнүн мунай скважиналарын жаап, бул өндүрүмдү сатышпайт. Соңку жылдары гана стратегиялык корун ачып, андагы көлөмдүн да тарыхый минимумуна жетип калышты.
Ал эми Россияда жаратылыш ресурстарынын бардык түрү бар, алар дагы 200-300 жылга жөн эле жетет. Менимче, АКШ Европаны уратууну эмес, европалыктарды өз аскерий, анын ичинде экономикалык саясатынын уландысына айлантууну көздөйт. Себеби Россия жана Кытайда кырдаал канчалык начар болсо, Европа менен АКШга ошончолук жакшы эмеспи. Бул суюктук деңгээлин аныктоочу түтүкчөлөр сыяктуу. Бир учунда курал, капитал, күч топтолуп, экинчи жагы жакырланат. Дал ушул себептен Кошмо Штаттар Кытай менен Россиянын күчтөнүшүнөн катуу кооптонот.
Булар менен кошо Индияны да унутта калтырбайлы. Калкынын саны боюнча ал Кытайдан ашып, экономикасынын ыргагы да кыйла ыкчамдоодо.
2018-жылы эле дүйнөлүк экономикалык жана саясий борбор Европа менен Америкадан Азия континентине ооп баратканын жазганым бар. XXI жүз жылдык — Россия, Кытай, Индия жана башкалар орун алган Евразиянын кылымы.
Өзүңөр карап көргүлө. Кытай, Индия, Россия жана башка азиялык мамлекеттердин экономикасы биргеликте дүйнөдө 50 пайыздан ашып, калкынын саны боюнча көрсөткүч да ушундай деңгээлде.
Аталган өлкөлөрдүн аскерий дарамети да жыл өткөн сайын бекемделип жатат. Өзөктүк державалар — Пакистан, Индия, Кытай, Россия, Иран да ушундай эле жолдо. Булардын баары АКШга коркунуч туудуруп, ал бардык көрсөткүчтөр боюнча — аскерий багытта да, экономикалык жактан да биринчиликтен тайып барат. Ошондуктан жамааттык Батыш — европалык өлкөлөр жана АКШ жалпылап "Россия Федерациясын солгундатып, Кытай менен кызуу күрөшүүдө". Анткен менен алардын аракетинен майнап чыкпайт, анткени Россия бардар өлкө, өзүн-өзү багып кете алат. Өзүнө дүйнөдөгү эң мыкты куралды жана башкаларды чыгара алат.
Бүгүнкү күндө РФ чет өлкөлүк капиталдан дээрлик көз каранды эмес: алтын резерви триллион доллардан, ал эми жыл сайын казган алтыны 400 тоннадан ашат. Кытай да 20 жылдан бери алтын корун топтоп, ушундан улам башкалардан сатып алууга киришип, кыргыз алтынын да казып келет.
Азыр бул баалуу металл — стратегиялык запас, балким 5-10 жылдан кийин биз дүйнөлүк валютанын ордуна алтын менен эсептешүүгө өтөрбүз.
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022
АКШлык экономист санкциялардын Россия менен Батышка тийгизген зыянын салыштырды
— Же алтын менен камсыздалган валютага. Себеби 1973-жылга чейин ошол эле доллар менен советтик рубль дал ушундай макамда эмес беле.
— Туптуура. Айтмакчы, АКШ Советтер Союзунун экономикасын талкалоо үчүн алтынды соодадан валюта катары чыгарып салып, долларлаштырууну атайын киргизген. Эч нерсе менен камсыздалбаган доллардын айланышынан пайда таап, маңызында ал планетанын башка мамлекеттеринин эсебинен жашайт. Бүгүн биз алтын стандартына кайта алабыз.
Дүйнөдөгү азыркы каатчылыктан кийин айлантууга өз валютасына ээ бир нече чөлкөм болушу ажеп эмес. Мисалы, доллар АКШнын союздаш өлкөлөрүндө, ал эми Россия же Кытай менен экономикалык байланышы тыгыз мамлекеттерде рубль же юань айланышы мүмкүн.
Доллардык тутумдун кыйрашына неолибералдык саясаттын оңунан чыкпай калышы себеп. Неолиберализм менен кошо Дүйнөлүк соода уюму жана дүйнөлүк глобализация да кыйрады. Бир полярдык дүйнө дээрлик жок болду. Жаңы дүйнө тартиби түзүлүп, дүйнөнүн 3-4 борбору, өзүнчө саясий, экономикалык, аскердик жана валюталык зоналар болот. Башкача айтканда, дүйнөдө бир нече эл аралык валюталык топтор жаралып, экономикалык саясатты алардын аныктай турганы бышык. Ошондуктан бүгүн өлкөлөр эски тутум ураган убакта жоготууларды болушунча азайтуу үчүн өз экономикасын топ-топ болуп коргоого өткөнү оң.
— Эл аралык валюта фондунун башчысы Кристалина Георгиева жакында эле АКШнын Федералдык резервдик кызматы негизги ченди көтөрбөшү керек, анткени бул доллардык системанын талкаланып, инфляциянын өсүп, америкалыктардын турмуш деңгээлин төмөндөтөрүн айткан эле. Дүйнөлүк экономикалык эксперттер экинчи депрессияны да (биринчи улуу депрессия — 1929-жылдын 24-октябрында АКШдагы биржалык кыйроодон башталып, он жылга созулган экономикалык каатчылык) боолголоп турушат.
— Кошулам. Бул тек гана депрессия эмес, ээ-жаа бербеген катуу башаламандык болот. Доллардык тутум бузулуп, каатчылык жашоонун бардык аспектилерине көпкө чейин таасир этет. Чындыгында дүйнөлүк каржы каймактары өздөрү тескей ала турган хаосту көксөшкөн эле.
Америка кезегинде СССРдин экономикасын талкалагандай бүгүн Россия менен Кытайдын экономикасын талкалоого тырышып, жаңы "темир" жаратууга далбас урууда. Баса, Советтер Союзуна анын өнүгүшүнө өбөлгө болчу жаңы техника, жаңы технологияларды сатууга тыюу салган мыйзам алигүнчө жокко чыгарыла элек. Бүгүн да Россияга карата ошондой көрүнүштү кайталап, экономикалык бөгөт түзүү далалатында.
© Sputnik / Исмаил МамытовЭкономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев: Милитаризация Россия менен Кытайга каршы туруу үчүн башталган. Батышта табигый байлыктын азайып кеткени сезиле баштаганына көп болду. АКШ да кыйын кезеңге камылга көрүп келет.
Доктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев: Милитаризация Россия менен Кытайга каршы туруу үчүн башталган. Батышта табигый байлыктын азайып кеткени сезиле баштаганына көп болду. АКШ да кыйын кезеңге камылга көрүп келет.
Санкция — бул натыйжасында рублди төлөө жөндөмүнөн ажыратуу үчүн оолактатуу аракети. Бирок азыркы чектөөлөр Батыштын өзүнө өнүгүүгө жол бербейт, себеби 1990-жылдардан кийин каржылык үлкөндөр жаңы рынокторду өздөштүрүп, америкалык жана европалыктардын эркин капиталы Россияга агып келе баштады. Ошол эле учурда россиялык миллиардерлер өз акчаларын Европа менен АКШга чыгарып кетишти. Башкача айтканда, өз ара байланыш жана өз ара көз карандысыздык башталды. Эми санкциялар аркылуу ошол байланыштарды үзүүдөн Батыш өзү жабыр тартат, анткени россиялык ресурстардан катуу көз каранды болуп калган.
Европада көптөгөн ишканаларда өндүрүш токтой баштады. Кеп көгүлтүр от менен камсыздоонун токтошунда да эмес. Батыш сырьёну металл, анын ичинде сейрек кездешүүчү түрлөрүн жана башка оголе көп нерсени, ал түгүл жер семирткичтерди да Россиядан алат. Булардын баары жумушсуздук, социалдык чыңалуу жана төңкөрүшкө негиздин күчөшүнө себеп болушу мүмкүн. Россияга каршы санкциялардын кесепети катары ачарчылык жөнүндө баары эбак жаза баштаган. Дүйнөлүк эксперттердин баамында, өз саясатынын айынан жай аяктап, күз жаңырган мезгилде европалык аткаминерлердин көпчүлүгү кызматтарынан кол жуушу да ыктымал.
— АКШга акча алып келчү согуш жана милитаризациядан кеп козгоп калдыңыз. Экономика саясатсыз болбойт эмеспи. Югославиянын бомбаланышын, ошондой күнгө тушуккан Ливия, Ирак жана башка өлкөлөрдү да эстеп көрөлү. Араб өлкөлөрүндө жана Египетте, ал түгүл Кыргызстанды да кыйгап өтпөгөн түстүү революциялардын бүтүндөй түрмөгүнө күбө болдук. Бирок башаламандыкка кабылтып, аталган өлкөлөрдүн экономикасын жабыркатуудан АКШ кантип пайда табат?
— Бул аталган мамлекеттердин Эл аралык валюта фонду аркылуу көз карандылыгы жаралат. Фонддо чечүүчү добушка АКШ, Япония, Германия, Франция жана башка өлкөлөр ээ. Анда Кыргызстандын кызыкчылыгын Швейцария коргойт. Фонддун бюджетин жыл сайын 28 директордун катышуусундагы жыйын бекитет. Кайсы өлкөгө көмөк көрсөтүүнү ошол директорлор чечет.
Булардын баары АКШнын тескөөсү менен жүрөт. Башкача айтканда, мамлекет америкалыктарга лоялдуу саясат жүргүзсө, Эл аралык валюта фонду насыя бөлөт. Эгер өлкө АКШга каршы болсо, анда ал жардамдан куру калат. Айтмакчы, Эл аралык валюта фондунан Россия чыгып, көз карандылыктан арылганына бир топ болуп калды.
Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай ЖМКсы: Батыш экономикалык согушта утулуп бара жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0