Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина экономикасынын кыйраарына аз калдыбы? Сереп

© Sputnik / Алексей Вовк / Медиабанкка өтүүКиевдеги нааразылык акциясы. Архив
Киевдеги нааразылык акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Жазылуу
Аналитиктердин эсеби боюнча Украинанын калыбына келиши үчүн 10 жылдай убакыт керек, ошондо да Кара деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болсо гана ишке ашат.
Украина бийлиги бюджетте акча тартыштыгы ай сайын беш миллиарддан тогуз миллиардга чейин өсүшү мүмкүндүгүн айтып коңгуроо кагууда. Батыш насыя берүүдөн баш тартып келет. Каражат бюджеттегилердин айлыгына да, аскер чыгымдарына да тартыш болуп жатат. Киевдин союздаштары жардамды эмне себептен кечеңдетип жатат жана чет жактан көмөк келбесе Украина экономикасы кандай күнгө тушугат? РИА Новости агенттигине жарыяланган макаладан ушул суроолорго жооп таба аласыз.

Кышка чейин эптеп...

Украина президенти Владимир Зеленский "Евробиримдиктин айрым лидерлери" сегиз миллиард доллардын жөнөтүлүшүнө атайылап тоскоолдук жаратып жатканын айтты. Бул каражатсыз мугалимдер, пенсионерлер, качкындар жана башка бир катар категориядагылар акчасыз каларын белгиледи. Муну Зеленский европалыктардын жаза баскан катасы же жасаган кылмышы деп түшүнөт экен. Ал эми президент кеңсесинин жетекчисинин орун басары Игорь Жовква каражаттын жөнөтүлүшүн Германия бөгөттөп жатканын ачык эле билдирди.
Украина финансы министри Сергей Марченконун айтымында, өлкө бюджетти олку-солкулукка кептебей кармап туруу үчүн ай сайын Батыштан беш миллиард долларга чукул акча алып турушу керек. Ал эми президенттин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Олег Устенко жыл аягына чейин бул сумма 9 миллиард долларга чейин жогорулайт деген божомол берүүдө.
Февралдан бери республика чет жактан 12,7 миллиард доллар жардам алды. Жыл соңуна чейин Киев дагы 15 миллиард долларга жакын акча аларына үмүт артып турат. Өлкө резервинде 12,9 миллиард бар, бирок Батыштын көмөгүсүз бул акча көп болсо эки айга жетет. Анан экономика кыйрай баштайт.
Украинанын Улуттук банкы кошумча 240 миллиард гривна (6,5 миллиард доллар) чыгарып абалды жөнгө салууга аракет кылды. Айрым финансисттер акча басып чыгарууну уланта бериш керек десе, кээси мындай кадам инфляцияны күчөтүп жиберерин айтууда. Өкмөттө альтернатива катары кошумча нарк салыгын жогорулатуу, отунга акция тартибин жана импортко аскердик салык киргизүү талкууланып жатат. Акыркы сунуш мыйзам долбоору катары Жогорку радада каралышы керек, мында чет жактан товар алып же кызмат колдонуу үчүн валютаны алмаштырса 10 пайыздык салык салуу каралган.
Канткен күндө да Марченконун айтымында, жыл башынан бери бажы салыгынан түшчү киреше 50 пайызга төмөндөп кеткен. Бирок кошумча киргизилчү салык дүкөндөгү баага таасир тийгизери бышык. 2022-жылдын жыйынтыгы менен баа 30 пайызга, 2023-жылы дагы 20 пайызга жогорулай турганын Forbes жазган. Ал эми отундун наркы 40-50 пайызга көтөрүлгөн, кышка чейин баа дагы ушунчага өсөрү болжолдонуп жатат.
Украиналык аскерлер ок-дарыларды алып жүрүшөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага чет жактан келчү жалданма согушкерлердин саны азаюуда

Он жылдыктын кыйроосу

Киев экономика мектебинин эсеби боюнча Украинанын аскердик аракеттерден улам кыйыр жоготуусу 128,8 миллиард доллардын чегинде. Түз чыгашасы 108,3 миллиардды түздү. Мында 388 ишкана кыйрап, 43 миң айыл чарба техникасы жарактан чыккан, эки миңге чукул дүкөн, 18 аэропорт, 28 нефтебаза бүлгүнгө учураган.
Украина, мындан тышкары, коргонууга чыгымын 250 миллиондон 3,5 миллиард долларга чейин жеткирди. Батыш жөнөткөн каражатты аскер муктаждыгына жумшоого болбойт. Марченконун айтымында, европалыктар буга тыкыр көз салып турушат. Киев Куралдуу күчтөрүн түшкөн салыктын эсебинен гана каржылап келет. Аскер күчүнө ай сайын 130 миллиард гривна (3,5 миллиард доллар) керектелүүдө, кыйын десе Украина 90 миллиарддык (2,4 миллиард доллар) салык жыйнайт, атайын операциянын алгачкы айларында сумма мындан бир нече эсе аз болчу.
Украина өкмөтү жыл жыйынтыгы менен бюджеттин дефицити 50 миллиард долларды түзөт деп күтүп жатат, бул былтыркы жылдын ИДПсынын 35 пайызы, дээрлик рекорддук көрсөткүч. Батыш эксперттери 2022-жылы ИДПнын реалдуу төмөндөөсү 45 пайыздан ашарын болжолдошууда. Өлкөдөгү "Нафтогаз", "Укрэнерго" жана "Укравтодор" сыяктуу ири ишканалар банкроттун чегинде турат.
Аналитиктердин эсеби боюнча, Украинанын калыбына келиши үчүн 10 жылдай убакыт керек болот, ошондо да Кара деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болсо гана ишке ашат.

Көз боёмочулук

Экономист Александр Дудчак Киевди өлкөдөн ресурстун калган-катканын чыгарып кетмейинче ушундай өлүк абалда кармап турушат деген пикирде. "Байлык түгөнгөндө Батыш финансылык колдоодон баш тартып, мамлекет биротоло кыйрайт. Буга деле аз калды, — дейт эксперт. — Анын үстүнө 10 миллион качкынды эсепке алганда Украина калкынын саны жарым жылда болжол менен 20 миллионго азайган".
Россиянын атайын операциясына чейин эле Украина экономикасы чабал экенин айта кетиш керек. Акыркы жылдары республиканын өкмөтү дефолттон кыйгап өтүү үчүн кыйла аракеттерди көргөнүн экономист Михаил Беляев белгилеп жатат. Анын айтымында, туруктуулукту ал кезде ДЭР жана ЛЭР менен күрөшүүгө кеткен чыгым үзгүлтүккө учуратып келген, ал эми Россия катышкан операция Киевдин капчыгына кыйла оорчулук келтирүүдө.
"Алгач Батыш Украинага тез эле жеңишке жетет деп катуу жардам бере баштаган. Жарым жылдан соң Киев Донбасс, Херсондон толугу менен, кээ бир райондордун бир бөлүгүнөн кол жууду. Бирок сураган акчасынын көлөмүн жогорулатты", — деди Беляев.
Негизинен салган акчасынын келечегин көрө алса Евробиримдик Украинага жакшы эле каражат бөлө алмак. Бирок ушу тапта он жылдыкты кой, өлкөнүн бир жылдан кийинки тагдыры бүдөмүк болуп турат. Карызды кайра кайтарыш керек да. Анын үстүнө Европа мамлекеттери өз экономикасын кайра куруп жатат десек болот, демек, акчаны өз өлкөсүнө инвестициялоого көбүрөөк муктаж.
"Европа Украина жыл аягында дефолтко кабылбагыдай сумманы беришет. Кошумча кез-кезде кесме, консерва, памперс кылып гуманитардык жардам жөнөтүп турушат", — деди Беляев.
Экономисттин айтымында, АКШ Киевге узагыраак колдоо көрсөтүшү мүмкүн, себеби Вашингтон Россияны алсыратуу үчүн чыр-чатактын уланышына кызыкдар. Бирок алардын жардам абалды өзгөртө алары күмөн. Эгер Батыш кокусунан эле каржылоону токтотсо, 2022-жылдын соңуна чейин Украина экономикасынан эч нерсе калбай калат.
"Бюджеттик кызматкерлер айлык акы албай, мамлекеттик ишканалар жабылат. Эгер Украинанын Улуттук банкы акча басып чыгара баштаса инфляцияны өлчөп болбой калат", — деп түшүндүрдү эксперт.
Украина Германия эки дүйнөлүк согуштан кийин же СССР жарандык согуштан кийин кептелген абалга тушугат. Бирок Москва менен Берлин экономикасын тынч турмушта калыбына келтирген, Киевде андай мүмкүнчүлүк таптакыр болбой калышы ыктымал.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский: россиялыктарды бир жылга чейин Батышка киргизбеш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0