Нурлан Каримов Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп барды

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРОш мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор дайындоо учуру
Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор дайындоо учуру - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Жазылуу
Нурлан Каримов Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп барды
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп Нурлан Каримов дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырган.
Министр Азамат Жаманкулов чыгарган буйрукка ылайык, Каримов кызматтык милдетин бүгүн, 10-августтан тарта аткара баштайт.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын башында аталган окуу жайдын директорлук ордун КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова талашып, соттошууга чейин барган. Натыйжада ырчы кызматка дайындалган эмес.
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын директору болуп Керимбек Калыкулов (сол жакта) дайындалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Ош улуттук драма театрынын директору алмашты
Жаңылыктар түрмөгү
0