00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте таштанды коллапсы качан чечилет? "Тазалыктын" директору жооп берди

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүТаштанды чыгаруу. Архив
Таштанды чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Жазылуу
"Тазалыктын" директору бир жуманын аралыгында мурдагыдай график калыбына келтирилерин убадалады.
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Нурлан Касымов Sputnik Кыргызстанга борбор калаадагы таштанды көйгөйү качан чечилери тууралуу айтып берди.
Соңку күндөрү шаарда таштандыны өз убагында алып кетпей, ар жерде үйүлүп жатканы тууралуу дооматтар көп түшүп жатат. Мэриянын маалымат кызматы "Тазалык" жана жеке компаниялар күнү-түнү иштеп жатканын билдирген. Калаада калктын санынын көбөйүшү, техника жетишсиздиги жана графиктин бузулушунан улам акыр-чикирлерди тазалап жетишпей жатканын белгилеген.
"Үч районго түзүлгөн график боюнча техникаларды чыгарып жатабыз. Машиналар штаттык режимде иштеп, график өз нугуна түштү. Бир гана Биринчи май районунда толук жөнгө салына элек. Ал жакта таштанды көп чогулат, бирок техника аз бөлүнгөн. Ошондуктан жеке компанияны тартканбыз, алар жетишпей же билбей калып жатышат. Бирок күн сайын ишин жакшыртууда, бир-эки күндө жөнгө салынат деп ойлойм", — деди Касымов.
Ошондой эле ал кечээ таштанды ташууга 44, санитардык тазалоого 105 машина тартылганын айтты. Ал эми 21 техника оңдоодо турат.
"Бүгүн эки машинаны оңдоп чыгардык, эртең дагы экөөнү оңдоп бүтөбүз. Акырындык менен паркты калыбына келтирип жатабыз. Тетиктер аябай кымбат болот, мисалы, 180 миң рублдик тетик бар, аны Россия же Беларустан алып келиш керек", — деди "Тазалыктын" директору.
Мындай кырдаалдын жаралышына күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн ички текшерүү жүргүзүлө элек.
"Азыр ички текшерүүгө колум бошобой жатат. Негизи механик, инженерлердин баарын чогултуп түшүнүк кат алыш керек эле. Жумуштан кетирүүгө чейинки жазага тартсак болмок, бирок азырынча андайга барбайм. Мага эмгек жамаат бир муштумга түйүлүп иштеп турганы жакшы. Кырдаалдан тезирээк чыгыш үчүн азырынча эч кимди жазалаган жокмун", — деди Касымов.
Соңунда ал "Тазалык" бир жуманын аралыгында мурдагыдай графикке түшүп иштеп каларын убадалады.
Бишкектеги таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Октябрь районунда үйүлгөн таштанды. Мэрия себебин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0