Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору. Кытайдан 80 адис келди

© Sputnik / Илья ПиталевТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Жазылуу
Темир жолду куруу боюнча келишимге сентябрда ШКУнун саммитинде кол коюу пландалууда.
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Кытай долбоорлоо институтунан 80 адис келип, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иштерин баштады. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Буга чейин аталган ведомствонун жетекчиси Эркинбек Осоев Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтунун өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда тараптар темир жолду курууда ишти күчөтүү зарылдыгын белгилешкен.
"Темир жолдун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин биргелешип иштеп чыгуу боюнча буга чейинки макулдашуу бар. Кыргызстандын жетекчилиги аны тез арада ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшоодо", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Эске салсак, темир жолду куруу боюнча келишимге сентябрда ШКУнун саммитинде кол коюу пландалган.

Долбоор эмне үчүн маанилүү?

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол магистралы кытай темир жолдорун Өзбекстан менен байланыштырып, андан ары Афганистанга, Иранга жана Түркияга кетиши керек. Буга чейин министрлер кабинети КР аймагындагы магистраль Торугарт — Макмал — Жалал-Абад аркылуу өтүшү мүмкүн экенин билдирген. Долбоор ишке ашса Борбор Азия маанилүү транзиттик маршрутка айланат.
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022
Жапаров Кытайдын ТИМ жетекчисин кабыл алып, маанилүү долбоорлорду талкуулады
Жаңылыктар түрмөгү
0