Кыргызстанда ар улуттун канча өкүлү жашайт? Статистика

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАр кандай өлкөлөрдүн желектери. Архив
Ар кандай өлкөлөрдүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Жазылуу
Жыл башында жалпы калктын саны 6 миллион 747,3 миңди түзгөн.
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстанда жашаган ар улуттун өкүлдөрүнүн саны боюнча 1-январга карата алынган маалыматтарды жарыялады.
Жыл башында жалпы калктын саны 6 миллион 747,3 миңди түзгөн.
Улут боюнча бөлүп кароо:
кыргыздар — 4 миллион 995,9 миң адам;
өзбектер — 999,3 миң;
орустар — 335,2 миң.
10 миңден 100 миңге чейин:
дунгандар — 76,6 миң;
уйгурлар — 61 миң;
тажиктер — 60,1 миң;
түрктөр — 45,9 миң;
татарлар — 26,1 миң;
азербайжандар — 21,6 миң;
казактар — 36,8 миң;
корейлер — 17 миң.
Миңден 10 миңге чейин:
украиндер — 8,4 миң;
немецтер — 7,9 миң.
түркмөндөр — 2,1 миң;
чечендер — 1,7 миң;
Миңге жетпегендер:
армяндар — 0,8 миң;
беларустар — 0,7 миң;
грузиндер — 0,6 миң;
еврейлер — 0,4 миң;
молдавандар — 0,4 миң;
латыштар — 0,1 миң;
литвалыктар — 0,1 миң;
эстондор — 0,1 миң.
Башка улуттун өкүлдөрүнүн саны 48,5 миң экени белгиленди.
Ош шаарындагы трассадагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Статком: биринчи жарым жылдыкта өлкө боюнча жол кырсыктары азайган
Жаңылыктар түрмөгү
0