Тайванга америкалык ленд-лиз: жер жүзүн тыптыйпыл кылгысы барбы?

© AFP / SAM YEHАКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга барышы
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга барышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Жазылуу
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга барышы – жоопкерчиликтүү мамлекеттик дипломатия жана эл аралык катаал территориялык көйгөйлөрдү тынч чечүүнүн ордуна өзөктүк кагылышка кептечүдөй кадам болду.
Ушундай оюн ортого салган аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет америкалык үлкөн саясатчынын сапары, Кытай тараптын ага "камылгасына" токтолгон.
Нэнси Пелоси баштаган алты кишиден турган америкалык делегациянын атайын борту Тайвань аралына 2-августта барып конду. Вашингтон — Пекин — Тайбэй ортосундагы күчөп бараткан аскердик-саясий чыңалуу жана Украинадагы россиялык аскерий операциянын чагылышынан улам бул сапарга эл аралык коомчулук тыкыр көз салып турду.
Тайвань провинциясы – Кытай Эл Республикасынын мыйзамдуу жана ажырагыс бөлүгү, аралдын "мамлекеттүүлүгү" Бириккен Улуттар Уюмуна көрсөтүлгөн эмес. Болгону дүйнөдөгү 15 өлкө тарабынан гана таанылган, алардын арасында Кошмо Штаттар жок.
АКШда саясий салмагы боюнча үчүнчү аткаминер Нэнси Пелосинин Кытайдын суверендүү территориясына келиши Тайбэй үчүн америкалык ленд-лиз долбоору сымал эле чагымчыл аракет катары кабылданат. Буга чейин да, тагыраагы, 23-майда америкалык президент Жо Байдендин Кытай басып кирсе Тайванды АКШ армиясы коргоого даяр экенин билдирген эле. Пелоси аралды биротоло жок кылуу ниетинде баргандай элес калтырат.
Вашингтон Үчүнчү дүйнөлүк согушка жанталаша умтулуп, ал эми азырынча Тайванды да "украиналаштырууга" тырышып, Пекин менен Тайбэйдин куралдуу жаңжалына кыйыр түрдө катышуудан пайда тапкысы бар өңдөнөт. АКШ "бирдиктүү Кытайдын" саясатын жактаарын жарыялап, ошол эле учурда аралдагыларды кызуу куралдандырып келет.
Вашингтон Тайванга да F-16 истребителдерин, залптык октун реактивдүү тутумдарын, кемеге каршы коргонуучу системалары менен аскердик чалгындоо маалыматтарын берүүнү убада кылган.
Кытай менен ушундай түрдө алака куруу Азия — Тынч океан чөлкөмү жана Түндүк Американы болжоп болгус кесепеттерге кептеши толук ыктымал. Бирок Вашингтон дүйнөгө мурдагыдай эле үстөмдүк кылып жатканын далилдөө үчүн Тайванда Пекин менен (же Украинада Москва менен) тирешүүнү "демократия" жана "авторитаризмдин" күрөшүндөгү таянуу чеги катары карайт.
Тышкы иштер министрлигин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2022
Кыргызстан Тайвандагы кырдаалга байланыштуу позициясын билдирди

Кытай тараптын эскертүүлөрү

Пекин жакшыдан үмүт үзбөй, ошол эле убакта жаман күнгө да камынууда. Кытай лидери Си Цзиньпин Тайвань аралы менен "биригүүнү" өз башкаруусунун өзөгүнө айлантканы маалым. Жакында эле АКШ президенти Жозеф Байден менен сүйлөшүүдө анын "от менен ойногон ажал табат" дегени белгилүү. Бул – түшүнгөнгө чагымчылыктарга күч менен жооп кайтарыларына түз эскертүү.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин азиялык сапарынын убагында Тайвандын жанынан АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн кыйла калың тобу пайда болду. Атап айтсак, бир нече авиаташуучу, коштоочу ондогон кеме, жүздөгөн учак, анын ичинде F-35B Lightning II да байкалды.
Тегин жерден КЭР Тышкы иштер министрлиги АКШ чектен чыкканын баса белгилеп, сепаратисттер жана алардын шыкакчылары Тайвандын көз карандысыздыгына кымындай да мүмкүнчүлүгү калбастыгын эскертпеген чыгар...
Кытайдын эки авиаташуучусу деңизге чыгып, "машыгуулар үчүн" Түштүк Кытай деңизиндеги жаңы район 5 суткага жабылды. Кытайдын элдик-куткаруучу армиясы өлкөнүн түштүк-чыгышында аскер санын арттырып, Тайвандын жээгинен 125 чакырым нары Лунтянь авиабазасында J-11 жана J-16, ошондой эле Россиядан сатып алган Су-27истребителдеринин кыймылдаткычтарын кызытып турду. Жээкте "авиаташуучуларды кыйраткыч" атыккан DF-17 гиперүндүү ракеталар менен жабдылган жерге ылайыкталган кемеге каршы коргонуучу комплекстер тизилди.
Тайванга жакын Фуцзянь (орточо 130 чакырымдын тегерегинде) провинциясынын жээктерине Кытайдын элдик-куткаруучу армиясынын аскерлери жана техникасы ого эле көп коюлганын да айтпай койбосок болбостур.
Андан мурун эле Тайвань аралына жакынкы деңиз акваториясында Кытайдын Куралдуу күчтөрү "олуттуу эскертүү" катары бир топ аскердик окууларды өткөргөн. Кытайдын учактары Түштүк Кытай деңизинде 1 500 чакырым аралыкка чейинки гиперүндүү ракеталары менен америкалык Theodore Roosevelt авиаташуучусуна сокку урууга машыккан.
Тайбэйдин аскердик тармагы эки миллион колу бар Кытайдын элдик-куткаруучу армиясы, кемелеринин саны боюнча дүйнөдө биринчи саптагы Аскер-деңиз күчтөрү, учак жана тик учактарынын көптүгү менен планетада үчүнчү орундагы Аскер-аба күчтөрү менен тең тайлаша албастыгы айдан ачык.
Аралдагылардын күчтөрү 300 миң кишинин тегерегинде, алар Пентагондун стандарттары боюнча окутулуп, куралдандырылган. КЭРдин континенталдык армиясын Тайванда 480 америкалык танк, 2000 БТР, 600 өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүш жана 1 400 сүйрөлүүчү курал-жарак, сокку уруучу АН-64Е "Апач" жана АН-1W "Кобра" тик учагынан 69 бирдик, көп буталуу 175 тик учак, "Пэтриот" зениттик-ракеталык комплекстери, анын ичинде "Стингер" да күтүп алышы мүмкүн. Ошондой эле аларда америкалык F-16 Fighting Falcon истребители жана өз өндүрүшүндөгү учкучсуздар, кемеге каршы коргонуучу ракеталар бар.
Тайбэйдин кургактагы күчтөрү 35 бригададан турат: алардын 25и – пехоталык, бешөө – танк, үчөө механизациялаштырылган. Аскер-аба күчтөрүндө 90 миң, ал эми Аскер-деңиз флотунда 32,5 миң киши кызмат өтөйт. Мындан тышкары, кечээ Тайвань аралына жакынкы аба мейкиндигин АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн чалгындоочу учактары күзөттү. Мында аргасыз Украина эске түшөт.
Пекин менен Тайбэйдин аскердик жаңжалында (Вашингтон ленд-лизи менен) Кытайдын элдик-куткаруучу армиясынын бир нече айга созула турган атайын операциясы болушу ыктымал (татаал логистика, Тайвань кысыгы эң тар жерде – 130 км).
Америкалык санкциялар жана КЭРдин экономикасын солгундатуу аракеттери кепилденет. Оңой тандоо эмес. АКШ тарап Пелосини сапарында "кыжырдануудан да ызы-чуусу көп болорун" болжогон. Кандай болсо да Пелосинин сапары аскердик атайын операцияны, ал тургай Кытай менен Россиянын стратегиялык союзу үчүн "гегемондун" өч алуусун эске салгандай болду.
Мурдараак америкалык делегация картадан "из адаштыргандай" Тайванга чейин 3000 чакырым аралыктагы Малайзияга конду. Бул жакка Пелосини Тайванда коштоо же атайын бортту алмаштыруу үчүн АКШнын экинчи өкмөттүк учагы да конгон.
Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби америкалык күчтөр бул маршрутта, башкача айтканда, КЭРдин территориясында спикердин коопсуздугун камсыздап, колдоо көрсөтөрүн айткан (2001-жылы кытайлык Хайнань аралынын асманында АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн чалгындоочу учагы атып түшүрүлгөн).
Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган чагымчыл сапары, "Байден боюнча эскертүүлөр" жана Тайбэйдин сепаратисттери үчүн ленд-лиз долбоору АКШнын Кытай Эл Республикасына карата агрессия актысынын курамы, Үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосу экени америкалыктарга да түшүнүктүү.
Пентагондун европалык союздаштары да Кытайдын жообу катуу болоруна, АКШнын көңүлү Тайванга бурулуп, дүйнөлүк окуялардын тышына сүрүп чыгарышына тынчсызданып турат. Тарыхтын таразасы ушул тапта термелүүдө.
Баарынан жаманы, эскилиги жетип калган америкалык агрессия – АКШнын аксакал жетекчилеринин Кытайдын (же Россиянын) кандайдыр "таарынычына" карата ачууга алдырган реакциясы эмес, жарга карай сүйрөгөн мамлекеттик багыт.
Тайванда жетекчилер менен жолугушуудан кийин АКШнын мурдагы коргоо министри Марк Эспер Кошмо Штаттар "бирдиктүү Кытай" саясатынан толук баш тартып, коопсуздук жаатында Тайвань менен мамилени тактап алышы керектигин билдирген. "Бирдиктүү Кытайдын саясатына 50 жыл болду, менимче, ал эскирди" деген ал. Кыязы, Вашингтондо мамлекеттик жоопкерчилик жазасыз калганда башталат окшойт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга болгон иш сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2022
Пелоси Тайванга сапары чуу менен коштолгон себебин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0