https://sputnik.kg/20220728/uch-oblusta-zher-titiredi-1066370616.html
Кечээ үч облуста жер титиреди
Кечээ үч облуста жер титиреди
Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусунда жер силкинүүнүн күчү 4,5 баллга жеткен. 28.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-28T09:58+0600
2022-07-28T09:58+0600
2022-07-28T09:59+0600
кыргызстан
ош облусу
жалал-абад облусу
нарын облусу
жер титирөө
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/1a/1050203191_0:0:2020:1136_1920x0_80_0_0_fb197b6a05c1524f619252d21069e110.jpg
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында өлкөнүн үч облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.Маалыматка ылайык, кечээ, 27-июль күнү, саат 06:41де Ош облусунун аймагында очогунда 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер силкингенде жабыркагандар катталган эмес.Ал эми саат 15:52де Жалал-Абад облусундагы жер титирөөнүн очогунда күчү 4,5 баллга жеткен. Аксы районунун Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Жылгын, Коргон, Авлетим, Мукур, Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу, Аркыт айылдарында 4 балл, Ак-Дөбө, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Кара-Жыгач, Чарбак, Жүзүмкан, Кызыл-Көл айылдарында жана Кербен шаарында 3 балл, Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Ошондой эле кечки 20:54тө Нарын облусунда дагы жер титиреп очогунда 3 балл болгону катталган. Кочкор районунун Шамшы, Дөң-Алыш, Комсомол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
https://sputnik.kg/20220722/ysykta-ort-chyguu-kooptuulugu-zhogoru-1066251031.html
ош облусу
жалал-абад облусу
нарын облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/1a/1050203191_0:0:1856:1392_1920x0_80_0_0_fda958d82f465a35a2adf776e60c685b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош облусу, жалал-абад облусу, нарын облусу, жер титирөө
кыргызстан, ош облусу, жалал-абад облусу, нарын облусу, жер титирөө
Кечээ үч облуста жер титиреди
09:58 28.07.2022 (Жаңыртылды: 09:59 28.07.2022) Жалал-Абад облусунда жер силкинүүнүн күчү 4,5 баллга жеткен.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында өлкөнүн үч облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-июль күнү, саат 06:41де Ош облусунун аймагында очогунда 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер силкингенде жабыркагандар катталган эмес.
Ал эми саат 15:52де Жалал-Абад облусундагы жер титирөөнүн очогунда күчү 4,5 баллга жеткен. Аксы районунун Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Жылгын, Коргон, Авлетим, Мукур, Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу, Аркыт айылдарында 4 балл, Ак-Дөбө, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Кара-Жыгач, Чарбак, Жүзүмкан, Кызыл-Көл айылдарында жана Кербен шаарында 3 балл, Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ошондой эле кечки 20:54тө Нарын облусунда дагы жер титиреп очогунда 3 балл болгону катталган. Кочкор районунун Шамшы, Дөң-Алыш, Комсомол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.