Бензин менен доллардын Бишкектеги баасы кандай? 28-июлга карата маалымат

© Sputnik / Табылды КадырбековКүйүүчү май куйуучу жай. Архив
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Өткөн суткада доллар менен евронун курсу бир аз өзгөрүлдү, ал эми уютулган алтын менен автомайлардын баасы ошол тейде турат.
Шаршембиге салыштырмалуу банктарда доллардын курсу 6 тыйынга көтөрүлдү. Акча алмаштыруучу жайларда курс жогорураак: сатып алуу 83 сом, ал эми сатуу — 84 сом. Евро 14 тыйынга кымбаттаса, теңге менен рублдин баасы болор-болбос өзгөргөн.
Автомайлардын баасы ошол тейде турат. Алтын куймалардын 100 граммдыгы 6 383 сомго кымбаттагандыгын эске албаганда, калгандары мурдагыдай эле турат.
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2022
Бүгүн Бишкекте доллар, бензин жана алтындын баасы кандай болууда
Жаңылыктар түрмөгү
0