Байден Сауд Арабиясына, Путин Иранга жол тартат. Тынчтыкка ким көбүрөөк кызыкдар?

© Sputnik / Антон ДенисовРоссия президенти Владимир Путиндин учагы. Архив
Россия президенти Владимир Путиндин учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Жазылуу
Түркиянын НАТОго мүчө экенине карабай Москва менен Анкаранын мамилеси акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатат. Блоктогу тилектештикке кол шилтеген Түркиянын саясаты өз алдынчалуу, антироссиялык санкцияларга кошулбай келет.
Бүгүн Жо Байдендин өтө маанилүү, саясий карьерасы үчүн чечүүчү сапары башталды. Президент Израилге, Иордан дарыясынын эки жээгине, соңунда Сауд Арабиясына барат. Ал жакта Эр-Рияд менен эле эмес, Перс куймасынын өлкөлөрүнүн кызматташуу кеңешинин алты мүчө мамлекети, ошондой эле иш-чарага чакырылган Египет, Ирак жана Иордания лидерлери менен сүйлөшүүлөр жүрмөкчү. Жакынкы Чыгышка жасалчу бул турне узак жылдарга региондун тагдырын аныктап, глобалдуу процесстердин жүрүшүнө таасир этери бышык дейт Давид Нармания. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
АКШ бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй инфляцияны башынан кечирип жатат, карапайым калктын көзүн "путиндик кымбаттоо" менен жазгыруу кыйынчылык жаратууда. Буга кошумча шайлоочулар арасына жогорку соттун 40 жылдан бери бойдон алдыруу укугуна кепилдик берген токтомду жокко чыгарып, ар бир штаттын карамагына өткөрүп берип койгону да жик салды. Мындан улам Байдендин рейтинги 30 пайызга чейин түшүп кетти. Мамлекет көз көрүнөө конфедерацияланып бара жатат, демократтардын кийинки президенттик кампанияны эле эмес, ноябрга белгиленген конгресске болчу шайлоодон да утулуп калчудай түрү бар.
Абалды жөнгө салуу үчүн АКШ президенти кечээ жакында эле "элден бөлүп салам" деп жаткан Сауд Арабиясына сурануучу тарап болуп барууга аргасыз.
Бирок энергетикалык көз карандылыктан кутулуу да оңой эмес, анын үстүнө Россияны жалгызсыратуу үчүн кандай гана кадамдарга барбайсың...
Байдендин жемесине калган Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман убакытты текке кетирбей, бул сапарга мыктылап даярданган. Июндун соңунда суннит дүйнөсүндө таасири күч Египет менен Түркияга барып келди. Экономикалык кызматташуу тууралуу сөз болду деп айтылганы менен америкалык президенттин улам кийинкиге жыла берген сапарынын алдында региондогу оюнчулар позициясын бекемдеп, бир пикирге келип алган сыяктуу.
Анан эле ушундай маанилүү сапардын алдында Байдендин турнесинен кийин Владимир Путиндин Режеп Тайип Эрдоган менен жолугары, болгондо да "астана форматы" менен Тегеранда өтчү саммиттин алкагында жүз көрүшөрү белгилүү болуп отурат.
Сирия боюнча мындай жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү Түркиянын ал жакта атайын операция жүргүзүп, башкача айтканда, өлкөнүн түндүгүндөгү күрд топторуна каршы туруу планы менен түшүндүрсө болот. Ушундай эле операция Иракта үч айдан бери жүрүп келет. Дамаск муну суверендүүлүгүнө доо кетирүүдө дегени менен чынында аталган аймак Вашингтон каржылаган "Сирия демократиялык күчтөрүнүн" карамагында, ал эми анын негизин күрд отряддары түзөт. Булар Асаддан автономия талап кылып келишет. Ал эми Анкара өз кезегинде Сириянын түндүк тарабында 30 чакырымдык коопсуздук зонасын түзүүгө ниеткер.
Түзүлгөн жагдайды эске алсак Анкаранын мындай планына Москва да, Вашингтон да түз көз карашта эмес.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Путин Батышка каршы жашыруун курал таап алганы айтылды
АКШнын позициясын өзгөртүү үчүн Эрдоган Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулушу боюнча маселеде ийкемдүүлүгүн көрсөтүп, макулдугун берди. Бирок ошол эле учурда скандинавдарды баалуулуктарынан четтөөгө мажбурлап, күрддөрдүн Түркияга экстрадицияланышына макул болууга аргасыз кылды. Бир нече ай мурун мындай сценарий дегеле акылга сыйгыс эле.
Албетте, бул жерде соодалашмай аягына чыга элек: Стокгольм менен Хельсинки Анкаранын шартына формалдуу түрдө көнгөнү менен альянстын Мадридде өткөн саммитинен кийин дароо эле экстрадиция тууралуу дегеле сөз болбогонун айтып чыгышты. Меморандумда жарандарды өткөрүп берүү боюнча сурамдардын баары "майда-чүйдөсүнө" чейин карала турганы кепилденген, бирок бул күрддөрдүн экстрадицияланышын түшүндүрбөйт дешти. Анда Анкаранын да эки мамлекет боюнча кабыл алган чечими Швеция менен Финляндия НАТОго толук кандуу мүчөсүнө айланат дегенди билдирбей калат.
Эми Эрдоган Сирия боюнча Кремль менен мунасага келиши керек. Маселе анын Россияга тилектеш мамлекеттин аймагында туруп АКШнын союздаштары менен күрөшүү үчүн эмне сунуштай аларында.
Түркиянын НАТОго мүчө экенине карабай Москва менен Анкаранын мамилеси акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатат. Блоктогу тилектештикке кол шилтеген Түркиянын саясаты өз алдынчалуу, антироссиялык санкцияларга кошулган эмес. Ошону менен бирге эле Киевге учкучсуз аппараттарын жөнөтүүнү да токтоткон жок.
Россия менен Түркиянын мамилеси өтө кылдат дипломатияны талап кылат: коңшулук жана эки державанын дымагынан улам жаңжалдаша кетчү себеп жетиштүү. Батышка ыктоо Түркияны Россияга каршы тарапка өтүүгө мажбур кылат, ал эми Эрдогандын курамына бүт түрк элдери кирген Улуу Туран түзүү идеясы Россия суверенитетине коркунуч жаратат. Албетте, тикелей карама-каршылык жараткан бул долбоор азырынча жөн гана сөз, талкууланган күндө деле эки тарапка тең тийгизе турган кесепети чоң.
Муну менен бирге Россия менен Түркиянын кызматташуу үчүн мейкиндиги кең: экономиканы тек койгондо да эки өлкө үчүн тең Жакынкы Чыгыштагы тынчтык, бейкуттук өтө маанилүү.
Демек, алдыдагы сүйлөшүүлөр Сирияга гана арналат деген ой жаңылыштык. Кеп эмне тууралуу болорун түшүнүү үчүн жалпы аймакты көздөн өткөрүү зарыл.
Жакынкы Чыгышта араб-израиль чырынан кийин эле опурталдуусу Сауд Арабия менен Ирандын тирешүүсү болуп турат. Суннитер менен шииттердин кылымдан берки диний пикир келишпестиги саясий маселелер менен коштолуп келген: 2016-жылы эки өлкө кайрадан дипломатиялык алакасын үзүп, 2021-жылдан тарта байланышты жандантууга аракет көрүлө баштады.
Россия биринчи кезекте жеке коопсуздугу үчүн региондогу мен-мен деген оюнчулар менен туруктуу алака түзөт, анткени олку-солку болуп турган Жакынкы Чыгышта дагы бир "Ислам мамлекети" пайда болуу ыктымалдуулугун эч ким жокко чыгара албайт. Ал эми АКШ нефтини пайдалуу баада алуу үчүн гана аймакта тынчтык өкүм сүрүшүнө кызыкдар. Нефть алуу үчүн тынчтыктын деле анча зарылдыгы жок, болгону мунай алчу жерди көзөмөлдөө жетиштүү, Сирия буга айкын мисал. Ал эми Москванын ортомчулугунун аркасында Эр-Рияд менен Тегерандын элдешүүсү АКШнын Россияны обочолонтуу жана "цивилизациялуу дүйнөнү" арзан отун менен камсыздоо аракетин таш каптырмакчы.
Америка президенти Жозеф Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Байдендин Сауд Арабияга сапары ага ыңгайсыздык тартуулайт
Жаңылыктар түрмөгү
0