Камчыбек Букалаев: "Ыр десте" менен "Булуттар" Гүлнур Сатылганованын бренди болуп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековОбончу, КР эмгек сиңирген артисти Камчыбек Букалаев
Обончу, КР эмгек сиңирген артисти Камчыбек Букалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Жазылуу
Өткөн айда атактуу обончу, КР эмгек сиңирген артисти Камчыбек Букалаев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында отчёттук концертин берди. Эл арасында 40 жылдан бери ырлары ырдалып жүргөн талант менен колумнист Алмаз Батилов баарлашкан.
Камчыбек Букалаев 1957-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында жарык дүйнөгө келген. Бүгүнкү күндө борбордогу №69 гимназия менен Сокулуктагы №1 бала бакчада музыкадан сабак берет. Касым Тыныстановдун урпагы чыгармаларынын көбүн балдардын жан дүйнөсүнө арнаган. Жубайы экөө үч уулду тарбиялап, учурда сегиз неберенин чоң ата, чоң апасы.
— Алгачкы музыкалык билимди кайсы мектептен алдыңыз?
— Төртүнчү класска чейин Чырпыкты айылынын орто мектебинде окудум. Андан кийин Фрунзе шаарындагы Мукаш Абдраев атындагы мектеп-интернатка которулуп, ал жерден эки класс эле окуп, аккордеон черткенди үйрөндүм. Бирок бул мектептин шартына көнө албай, борбордогу №1 мектеп-интернатта эжем иштегендиктен, ошол мектепке которулдум. Интернаттын жанындагы "Кыргызфильм" киностудиясы чыгармачылыгыма түрткү болду десем болот. Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу "Смелого пуля боится" менен "Полонез Огинского" көркөм тасмаларын орусчадан кыргызчага которуп жаткан маалда дубляжга катышып, кичинекей каармандарды "сүйлөттүм". Ошол эле убакта Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадио комитетинин "Даяр бол" жана "Жеткинчек" аттуу радиожурналдарында диктор элем. Мындан сырткары, мектептеги өздүк чыгармачылык кечелерде аккордеон чертип жүрдүм. 1972-жылы 8-классты бүткөн соң Таштан Эрматов атындагы Музыкалык-педагогикалык училищеге өтүп, өзүм окуган интернатка музыка боюнча мугалим болуп орноштум. Училищенин акыркы курсунда кокусунан атактуу акын Абзий Кыдыровдун бөбөктөргө арнаган "Ачык көңүл балдарбыз" деген ырын журналдан окуп, аябай жактырып, обон жаздым. Интернаттагы окуучуларым менен бул ырды ырдап, конкурска катыштык, эл абдан жакшы кабыл алды. Бир аз убакыттан кийин бала бакчадагы бөбөктөр менен орто мектептин окуучулары ырдап чыгышты. Ошентип ал чыгармам элдин арасына сиңип, ушул ыр мен үчүн чыгармачылыктын башаты болду. Азыркы күндө бул обонду кичинекей балдар менен өспүрүмдөр ырдайт.
1976-жылы училищени ийгиликтүү аяктадым. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна өттүм.
© Фото / из личного архива Камчыбека Букалаева Алмаз Букалаев "Ак куу" ансамблиндеги кесиптештери менен. Чолпон-Ата. 1984-жыл
Известный композитор, заслуженный артист КР Камчыбек Букалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Алмаз Букалаев "Ак куу" ансамблиндеги кесиптештери менен. Чолпон-Ата. 1984-жыл
— Фамилияңыз тууралуу да уктум эле. Букалаевдин сизге жакындыгы деле жок экен...
— Ооба, Букалаев менин фамилиям эмес. Маркум Асан Букалаев деген киши биздин тууган жана атамдын досу болчу. Асан атадан туяк болбоптур. Менин фамилиям өчүп калабы деп атама кейип айтчу экен. Ыраматылык атам абдан боорукер болчу. "Асан, сага менин балдарым жөлөк болсун, фамилияң өчпөсүн" деп мени баш кылып төрт бир тууганымды анын фамилиясына өткөрүп коюптур. Кийин айылдан сураштырсам Асан ата өзү берешен киши, далай айылдаштарга жардам берген экен. Республиканын чыгармачылык жаатында аты-жөнүм чыгып калды. Ал мени телевидение жана радиодон фамилиямды угуп, көргөндө абдан кубанарын айтып калчу. "Фамилиямды өчүрбөй элдин арасында жайылтканың үчүн ыраазымын" деп Асан атам айылга келгенде нечен ирет алкыш айткан. Бул фамилия мен үчүн акжолтой болуп, кыргыз элине таанылдым.
© Фото / фото из личного архива Камчыбека БукалаеваКамчыбек Букалаев Аксуубай Атабаев менен. Чолпон-Ата шаары. 1982-жыл
Известный композитор, заслуженный артист КР Камчыбек Букалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Камчыбек Букалаев Аксуубай Атабаев менен. Чолпон-Ата шаары. 1982-жыл
— Искусство институтунда белгилүү обончулар Асанкалый Керимбаев жана Аксуубай Атабаев өңдүү залкар обончулар менен окуган экенсиз. Чыгармачылыгы таасирин тийгизгендир?
— Албетте. Асанкалый Керимбаев менен окууга тапшырганда таанышып калдым. Анын "Биз чогуу жүргөн айлуу түн кайда" деген обону эл арасына тарап калган. Кыязы, окууга тапшырып жатканда ал менин залдан аккордеон черткенимди жактырган окшойт. Жатаканада бир бөлмөдө чогуу жашайлы деп калды, макул болдум. Бир жыл чогуу жашадык. Экөөбүз тең бойдокпуз. Стипендияга жетпей материалдык жактан кыйналып окудук. Себеби ошол учурда партиялык идеологияга байланыштуу көп түшүнүксүз сабактар бар эле. Аларды окубай койгондуктан стипендия албай калчубуз. Ошол убакта телевидениеде Асанкалый Керимбаевдин чыгармаларын ойноп калдым. Түз эфир эле, жаздырып коюу деген жок болчу. Ошондуктан аябай даярданып барчубуз. Мен жаңылбасам Керимбаев баш-аягы бул жогорку окуу жайда он жыл окуган болуш керек. Өмүрүнүн акырына чейин кол үзүшкөн жокпуз. Институтта окуп жүргөн учурда №1 мектеп-интернатта да иштеп жүрдүм. 21 жашымда үйлөнүп, мектептин жетекчилиги мага бекер бөлмө берди. Тун балам ошол жерде өстү, аны интернаттагы балдар эркелетип чоңойтушту. Мындан сырткары, №17 орто кесиптик училищеде музыкадан сабак бердим. Тикмечиликке окуган монгол кыздарга кыргызча жана орусча ырларды үйрөттүм. Өзгөчө "Катюша", "Подмосковные вечера" сыяктуу ырларды берилип угушчу.
Аксуубай Атабаев менен да чогуу окудум. Ошол кезде анын "18 жаш", "Чагылган" деген ырлары эл оозунан түшпөй калган. Ал да турмуштун айынан институтта бир топ убакыт окуп калды. Аксуубай абаны орус улутундагы мугалимдер биздин ардактуу композитор сабакка келди деп тамашалашчу. Агай менен байланыштуу көп күлкүлүү окуялар болду. Бир окуясын айтып берейин. Мен окууну бүтүп Чолпон-Атада иштеп жүргөн учурда ал конокко келип, экөөбүз тең таң атканга чейин кара терге түшүп ырдадык. Эртеси кошуна апа "Камчыбек, кечээ эмне концертти эрте токтоттуңар, балкондун эшигин ачып алып уктабай рахаттанып уктум" деп айтканы эсимде. Аксуубай ава менен ага-инидей болуп катышып жүрдүм.
© Фото / из личного архива Камчыбека Букалаева"Ак куу"ансамбли Москвадагы конкурска барган учуру. 1982-жыл
Известный композитор, заслуженный артист КР Камчыбек Букалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
"Ак куу"ансамбли Москвадагы конкурска барган учуру. 1982-жыл
Негизи эле институтта Мукан Рыскулбеков, Эсенбек Мааданбеков жана Каныкей Эралиева өңдүү белгилүү обончулар, ырчылар чогуу окуп, аралашып жүрдүк. Алардын ырлары менен обондору калк арасында жайылып, ырдалып калган. Композиторлор союзуна барып, чыгармаларыбызды текшерүүдөн өткөрчүбүз. Ал жерден Мукаш Абдраев жана Калый Молдобасанов менен тааныштым. Булар музыка үчүн жанын берген, боюн көтөрбөгөн, абдан карапайым адамдар эле. Деги эле чыгармачыл дүйнөнүн адамдары бала кыял келет, байлык, бийлик, даңкка такыр жулунбайт.
Институтта окуп жүргөн учурда лирикага өтө баштадым. Экинчи курста белгилүү акын, ыраматылык Турдубек Эламанов "Издейм көлдүн ак куусун" деген ырына обон чыгардым. Аны атактуу ырчы Аваз Чикеев Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадио комитетинин курамындагы эстрадалык оркестрдин дирижёру Альберт Усачевдин коштоосунда ырдады. Бул ийгилик мага дагы дем берди. Андан кийин акын маркум Сапарбек Медербековдун "Апаларга таазим" аттуу ырына обон жаздым. Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри аткарганда төбөм көккө жеткен. Абзий Кыдыровдун "Сагындым курбуларым кайдасыңар" жана "Эң аярым" ырларына обон чыгардым. Бул чыгармаларды белгилүү дирижёр Асанкан Жумакматов жетектеген симфониялык оркестр аткарган. Мунун баары менин чыгармачылыгымдын мазмунун дагы байытты.
© Фото / из личного архива Камчыбека Букалаева“Ак куу” ансамбли Францияга гастролго барган учуру. 1985-жыл
Известный композитор, заслуженный артист КР Камчыбек Букалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
“Ак куу” ансамбли Францияга гастролго барган учуру. 1985-жыл
— Окууну бүткөндөн кийин Чолпон-Атага кетиптирсиз. Көл кылаасы дагы кандай чыгармаларды жаратканга түрткү болду?
— 1980-жылы институтту бүткөн соң Чолпон-Атанын "Ак куу" атындагы ансамблинде эмгек жолумду уланттым. Ансамбль 1979-жылы түзүлгөн экен. Бул топ менен 1981-1982-жылдары Москвадагы конкурстарга катыштым. 1982-жылы акын Турар Кожомбердиевдин "Кереметтүү көл кечи" ырына обон жаздым. Аны даңазалуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев ырдаган. Менин обонума көңүл буруп, алып чыкканына аябай сыймыктанам. Миңжылкыев ырдаган ырларды Кыргызстандын алтын кору деп эсептейм. Марат Осмоновдун "Атың жакшы Ысык-Көл" аттуу чыгармасына да обон чыгардым. Бул ырды да эл жактырып кабыл алды. Маркум Марат Осмонов өзү партиялык кызматкер болгону менен чоң акын болчу. Чолпон-Атада иштеп жүргөн учурдан баштап атактуу композиторлор ыраматылык Калыйбек Тагаев жана Черикчи Бакасов менен тыгыз иштештим. Тагаев жана Бакасов кыргыздын нукура колорити менен айкалышкан чыгармаларды жазган, тилекке каршы, экөөнүн мурасы көп бааланбай калды.
Улуу акын Алыкулдун ырлары бир жагынан терең философияга ээ. Экинчи жагынан анын чыгармаларында калың журттун ички дүйнөсү ачылганын баалайм. Мисалы, Осмоновдун "Жалжалым" ырында "Толкун жок жымжырт эки жак. Чырпыкты жактан от чыгат" деп жазганы мени абдан кызыктырды. Алыкулдун китебин окусам ал Балыкчыдан пароходго түшүп кетип бара жаткан учурда менин кичи мекеним Чырпыкты кыштагын көрүп жазыптыр. Аягында үч чекит коюптур. Сыягы Касым Тыныстановдун айылынын жанынан өтүп бара жатам деген окшойт. Ошол маалда Тыныстанов жөнүндө эч бир сөз айтууга мүмкүн эмес эле. Осмонов Касым атам менен байланыштырып жазган болуш керек деп боолголодум. Мен Алыкулдун "Түнкү кайык" ырынын бир нече куплетине обон жазгам. Ал эми белгилүү ырчы, обончу Жамиля Муратова анын ушул чыгармасынын башка куплеттерине обон чыгарып ырдап жүрөт. Экөөбүздүн ушул ырга чыгарган обонубуз калк арасында ырдалганы элдин жактырганы болсо керек.
© Фото / из личного архива Камчыбека БукалаеваОбончу Камчыбек Букалаев КР эл артисти Сардарбек Жумалиев менен. Бишкек. 2011-жыл
Известный композитор, заслуженный артист КР Камчыбек Букалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Обончу Камчыбек Букалаев КР эл артисти Сардарбек Жумалиев менен. Бишкек. 2011-жыл
— Гүлнур Сатылганова ырдаган "Ыр десте" жана "Булуттар" ырларынын обондору кандайча жазылды?
— 1997-жылы мен Чолпон-Атадан Бишкекке көчүп келдим. Себеби "Ак куу" ансамбли өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн улам чачырады. Кокусунан "Аксакалдар" чайканасынан Гүлнур Сатылганова менен таанышып калдым, таанылып калган кези эле. Гүлнур акын Кыялбек Урманбетов экөөбүздөн жеке концертине бет ачар ыр жана обон жазып берүүнү өтүндү. Ошондо Кыялбек "Ыр десте" ырын жазып, мен анын обонун чыгаргам. Бул ыр Гүлнурга аябай жагып, ырдап чыкканда элдин арасында популярдуу болуп кетти. Бир аз убакыттан кийин ал кайрадан экөөбүздөн маркум күйөөсүнүн арбагына арнап чыгарма жазып берүүнү суранды. Кыялбек "Булуттар" ырын жазып, мен обонун чыгардым. Бул ыр да Гүлнурдун купулуна толду. Бул ырлар 20 жылдан бери ырдалып жүрөт. Азыркы заманбап тил менен айтканда, анын бренди болуп калды. Башкалар да ырдап көрүштү, бирок Сатылгановадай ийине жеткире алган жок.
© Фото / из личного архива Камчыбека БукалаеваОбончулар Камчыбек Букалаев жана Черикчи Бакасов. 2003-жыл. Чолпон-Ата
Известный композитор, заслуженный артист КР Камчыбек Букалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Обончулар Камчыбек Букалаев жана Черикчи Бакасов. 2003-жыл. Чолпон-Ата
— Отчёттук концертиңизде "Улуу Жеңиш" аттуу ыр ырдалды. Таржымалы терең болсо керек...
— 2000-жылдардын башында мени атайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, белгилүү геолог Бакир Чодобаев издеп таап, 9-майда полктоштору үчүн ырдап берүүмдү өтүнгөн. Командачылык анын кан майданда көрсөткөн каармандыгын баалап "Эрдик үчүн" медалы менен эки ирет жана "Ата Мекендик согуштун" 1-даражадагы ордени менен сыйлаган. Абдан активдүү инсан болчу. Бакир ата Жеңиш күнү куралдаштарын жана тылдагы эмгекчилерди чогултуп дасторкон жайып, концерт уюштуруп, ар түрдүү белектерди берчү. Ошондой салтанаттуу кечтерде мен ардагерлерге "Журавли", "Подмосковные вечера", "Дороги" сыяктуу ырларды ырдачумун. Бир ирет ал Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу жазган китебин белекке берди. Анын ичинде кан майданга арналган ырлары да бар болчу. "Улуу Жеңиш" аттуу ыры мага өзгөчө жакты. Себеби бул ырда согуш учурунда Кызыл армиянын жоокерлери менен совет элинин муңу жана кубанычы так чагылдырылган. Бакир ата да ушул ырга обон чыгарып берчи деп күлүп суранды. Тилекке каршы, көзү тирүүсүндө жазганга үлгүргөн жокмун. Анын үстүнө Чодобаевдин каза болгонун укпай калып топурак сала албай калдым. Ошондон кийин чыгынып Бакир атанын жогорудагы ырынын үч куплетин иргеп алып, обон чыгардым. Атамдын иниси Жума Макилдеев кан майданда каза болгон, бул факт да бул чыгармага өзгөчө көңүл бурууга түрткү болду. Чыгарманы КР эмгек сиңирген артисти, белгилүү опера ырчысы Бакыт Ыбыкеев симфониялык оркестрдин коштоосунда ырдап чыкканда купулума толду. Ыбыкеев ырдаган "Улуу Жеңиш" Лев Лещенконун "День Победы" ырына тете чыгарма. Ушул ырды калың элдин арасында жайылтыш керек деп ойлойм.
© Фото / из личного архива Камчыбека БукалаеваКамчыбек Букалаев кесиптештери менен КР эмгек сиңирген артист наамын алган учур. Бишкек. 2018-жыл
Известный композитор, заслуженный артист КР Камчыбек Букалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Камчыбек Букалаев кесиптештери менен КР эмгек сиңирген артист наамын алган учур. Бишкек. 2018-жыл
— Айрым изилдөөчүлөр бүгүнкү күндө кыргыз композиторлору опера менен балет жанры боюнча жаза албай жатышат деген пикирде. Кошуласызбы?
— Ооба, толук кошулам. Сиз айткан жанрдагы чыгармалар жокко эсе болуп жатканы жанымды кейитет. Өлкөдө композиторбуз дегендер көп, бирок булардын көпчүлүгү обон гана жазат. Мисалы, бүгүнкү күндө Кыргыз опера жана балет театрында 1943-жылы советтик композитор Михаил Раухвергер жазган "Чолпон" балетин коюшат. Андан кийин Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесов жазган классикалык чыгармаларын көрүп жатабыз. Аксакал композитор Сатылган Осмоновдун кээ бир чыгармалары коюлуп жүрөт. Отуз жылдын ичинде кыргызстандык композиторлор опера жана балет жанры боюнча анча-мынча чыгарма жазышты. Бирок эл тамшана турган чыгарма жаралган жок деп так кесе айтат элем. Алар мамлекеттин идеологиясын түптөөгө салымын кошо албады. 2019-жылы Бишкекте Кытайдын Борбордук театрынын опера труппасы "Манас" операсын тартуулашты. Муну менен коңшу өлкөнүн композиторлору жана артисттеринин алдында биз, Манастын урпактары, уят болдук. КР композиторлору классикалык жанрда чыгарма жаратууга умтулушу абзел.
Кыргызстандык аткаруучу Түмөнбай Колдошов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2019
Түмөнбай Колдошов: "эл эмне дейтти" сындырсам, азыр башка болмокмун
Аккордеон. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2020
Бактылуу болду бекен махабаттан... Асанкалый Керимбаев тууралуу 7 факт
Кыргызстандын эл артисти, аткаруучу Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2017
Зейнеп Шакеева: менин бактыма Түгөлбай акжолтой болду окшойт
Жаңылыктар түрмөгү
0