Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиялык курал экспортунда эмне үчүн авиациянын үлүшү көп? Сереп

© Sputnik / РИА НовостиСу-30СМ россиялык истребителдер
Су-30СМ россиялык истребителдер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Жазылуу
Россиялык жогорку технологиялык истребителдер майнаптуулугу, сапаты, наркы боюнча дүйнөлүк рынокто алдыңкы сапта.
"Рособоронэкспорт" ишканасынын жетекчиси Александр Михеев 4-июлда россиялык куралдар экспортунун жалпы көлөмүндөгү авиатехниканын үлүшү 50 пайыздан ашарын белгиледи. Соңку 20 жылда РФтен чет өлкөгө 700 Су-27/Су-30 аскердик учагы сатылып, 2021-жылы аталган компаниянын буюртмалар топтому Су-30СМ учагы боюнча да жаңы келишимдер менен толукталганын айтат аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар автор россиялык авиация экспортуна кайрылган.
Сатып алуучулар мамлекеттик көз карандысыздыкты коргоо үчүн улуттук Аскер-аба күчтөрүн чыңдоого ниеттенет. Россиялык өндүрүштөгү гана аскердик учактардын кыймылдаткычтарын, авионикасын, куралдарын жогору баалашат. РФтин буюртмаларды аткаруу, жабдуу жагынан ынанымдуулугу жана кепилдик милдеттенмелери мезгил сынынан өткөн.
"Сухой" компаниясынын учактары – Батыштагы авиатехниканын экспортчулары кыянаттык менен пайдаланган технологиялык шантаждан сактайт. Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн сокку уруучу авиациясынын Сирия жана Украинадагы ийгиликтүү аракеттери дүйнөлүк рынокто Су-30СМ, Су-34, Су-35 аскердик учактарына талапты жогорулатат.
Абадагы үстөмдүк – кандай аскердик жаңжал болбосун жеңишке жеткирчү негизги факторлордун бири. "Сухой" компаниясынын учактарынын жогорку маневрдүүлүгү жакынкы аба кармашында бир топ артыкчылык берип, душмандын ракеталык чабуулдарын үзгүлтүккө учуратууга мүмкүндүк түзөт.
Тескелген жана тескелбеген күчтүү ракеталык курал жана 30 мм авиациялык замбирек аскердик артыкчылыкты кепилдейт. Абада узакка кармалып жана май куюулушу оперативдүү мейкиндикти кеңейтет.
Россиялык истребителдерде авионика жана куралдар комплекстеринин ишке ашырылган ачык архитектура принциби "Сухой" компаниясынын катышуусунда чет өлкөлүк буюртмачыларга өз өндүрүшүндөгү системаларга интеграциялоого жол берет.
Базалык платформалардын тынымсыз заманбапташтыруу технологиялык үстөмдүгүнөн ажырабастан учактардын "өмүрүн" кыйла узартат. Согуштук коркунучтун өсүшү дүйнөлүк курал рыногундагы күрөштү күчөтөт. Россиялык истребителдерди сатып алуу менен чет өлкөлүк операторлорго РФ менен узак аскердик-техникалык кызматташууга жол ачылат. Кошмо Штаттар буга болгон күчүн сарптап тоскоол кылууга тырышып келет.
Атайын операция зонасында Искандер М ракеталык комплексин иштетүүсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын стратегиялык резерви жок кылынды: россиялык ракеталар кайда учат?
АКШ конгрессинин июнь изилдөөсүнө үңүлсөк, Египетке мандеми арбын америкалык F-35 бомбалоочу истребителдерин таңууланганы чагылдырылат. Бул үчүн Каир россиялык өндүрүштөгү Су-35 көп буталуу истребителдерин сатып алуудан баш тартууга тийиш.
Эрксизден америкалыктарга алданган Түркия менен Бирикен Араб Эмирлиги эске түшөт. Аталган мамлекеттер С-400 зениттик-ракеталык тутумун жана улуттук коммуникациялык түйүнгө Huawei инфраструктурасын сатып алганы үчүн гана АКШ аларга F-35 учактарын сатпай калган. Америкалык "көзгө көрүнбөстөр" начар учуп, өз операторлорунун аркасынан аңдып, АКШга жашыруун маалыматтарды жөнөтөрү маалым. Союздаштары менен өнөктөштөрү көп учурда Кошмо Штаттардын өндүрүшүндөгү эски куралдарды сатып алууга мажбурлайт, себеби Вашингтондун "эрежелери" ушундай.
XXI кылымдын башында россиялык Су-27, Су-30, Су-35 дүйнөдө суроо-талап күч истребителдерге айланган. Ушул тапта Ангола, Беларусь, Венесуэла, Вьетнам, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Малайзия, Уганданын аба мейкиндигин ынанымдуу коргоп келет. Россиялык авиатехниканын мыкты аскердик мүмкүнчүлүктөрүнүн бааланышы, дүйнөлүк рынокто ага суроо-талаптын жогору болушу РФтин конструктордук (илимий) мектебинин стратегиялык артыкчылыгы жана коргоо-өнөр жай комплексинин эң майнаптуу экенин айгинелейт.
4++ муунундагы жогорку маневрдүү Су-30СМ истребители "аба – аба" жана "аба – жер бети" тибиндеги заманбап таамай ракеталык куралды күнү-түнү пайдалана алат. Алар фазалык антенналык торчосу бар радиолокатор, тескелүүчү векторлуу кыймылдаткыч жана маңдайкы горизонталдык канат менен жабдылган. Су-30СМ учагынын коргоосу душмандын радиолокациялык станцияларын бортундагы радиоэлектрондук күрөш тутуму менен бөгөп кое алат.
Көп буталуу Су-35 истребители – дүйнөдөгү мыкты ыкчам-тактикалык учак, абада ага тең келе алчу авиатехника жок. Абадагы буталардын бардык түрүн таап, кармап жана аныктоого, абадан коргонуу каражаттары менен калкаланган душмандын жер жана суу бетиндеги объектилерин кыйратууга ылайыкталган.
4++ муунундагы учак буталарды аныктоочу жогорку маневрдүү, активдүү жана пассивдүү каражаттар менен жабдылып, үндөн ыкчам ылдамдыкка, кыйла кең аскердик радиуска, радиоэлектрондук күрөштүн заманбап тутумуна, куралдардын кеңири түрүнө ээ (пайдалуу жүк көтөрүмдүүлүгү – 8 тонна).
Россиянын Красуха-4С комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Красуха-4С" Украинада. РФтин радиоэлектрондук күрөш комплексине сереп
Су-35 истребителинин конструкциясында көзгө анча байкалбас технология ишке ашырылган. Аны пайдалануунун натыйжалуулугун учкучка интеллектуалдык колдоо көрсөтүүчү маалыматтык-башкаруу тутуму камсыздайт. Версиялардын биринде америкалык "Томагавк" канаттуу ракеталарынын бир даары 2017-жылдын 7-апрелинде россиялык Су-35С же Су-30СМ учактары тарабынан атып түшүрүлүп, Сириядагы буталарына жетпей калганы айтылат.
Аталган истребителдердин радиолокациялык станциялары сууда, жерде анча байкалбас канаттуу ракеталарды да таасын көрө алат. Ал гана эмес Су-35тер "учуучу радарларынын" милдеттерин аткарышат. Аскердик мүмкүнчүлүктөрү боюнча Су-34 бомбалоочу истребители 4+ муунуна таандык. Планетанын каалаган районунда ок жаап турган шартта да жер, деңиз жана абадагы буталарын ок-дарынын кеңири түрүн пайдалануу менен таамай жок кылууга жөндөмдүү.
Менимче, дүйнөлүк авиарыноктун көптөн көп күткөнү – бешинчи муундагы Су-57 истребители. Учак чет өлкөлүк адистердин жогорку баасына татыган. Су-57нин сериялык өндүрүшү башталгандан бери Россиянын Аба-космостук күчтөрүнө берилүүдө. Украинадагы атайын аскердик операцияда Су-30СМ жана Су-35 истребителдери менен катар Су-57 да кызуу пайдаланылып жатат.
Россия менен тең укукта жана өз ара пайдалуу аскердик-техникалык кызматташтыкка кызыкдар суверендүү мамлекеттер дүйнөдөгү эң мыкты "Сухой" истребителин сатып алууну улантат.
"Сухой" компаниясынын истребителдеринин белгилүү чет элдик операторлорунун бири – Индия. Бул мамлекетте Су-30МКИ өндүрүштүк лицензиялык программасы ийгиликтүү ишке ашырылган. Дал ушул учактар аталган өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнүн негизин түзөт. Индия жыл сайын Россиядан 5 миллиард долларга чукул каражатка курал сатып алып турат.
Россия менен Индиянын узактан бери келе жаткан аскердик-техникалык кызматташтыгы – көптөгөн өлкөлөргө үлгү. АКШнын союздаштары жана вассалдарынын жогорку технологиялык аскердик авиацияны өнүктүрүү жаатында келечеги жок.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Бастион ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
"Бал" менен "Бастион" Россия жээгинде. Кемеге каршы ракеталарга аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0