"Бал" менен "Бастион" Россия жээгинде. Кемеге каршы ракеталарга аскерий сереп

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүү"Бастион" ракеталык комплекси. Архив
Бастион ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Жазылуу
Кадимки жана өзөктүк куралдар жаатында Россиянын эл аралык аброю жана технологиялык артыкчылыгы башкалардын Москвага тышкы саясатынын эрежелерин таңуулоого, каалагандай санкцияларды жарыялоого жол бербейт.
АКШ менен НАТОнун Россияга каршы дүрбөлөңүнө өлкөлөрдүн аралашуусу көп уюлдуу дүйнөнүн башаты кыйла сезилерлик жүрүп жатканын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул жолу ал кемеге каршы ракеталардын мүнөздөмөлөрүнө токтолуп, салыштырып да өткөн.
Батыш түйшөлүп туру. Россия кокус зарылдыгы чыкса, Балтика деңизинде НАТОлук флотилиясын чөктүрүү үчүн Калининградга "Бал" жана "Бастион" аттуу жээктен коргоочу ракеталык ыкчам комплекстерин жайгаштырды. Мында ачууга алдырбастан, себептерин, кесепетин жана "өч алуу" мүмкүндүгүн карап чыгуу чоң мааниге ээ.
АКШ жана Европа биримдиги тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын чегинен тыш кабыл алынган мыйзамсыз санкциялардын негизинде Калининград облусун кургакта жана деңизде бөгөт коюу аракеттери согуш жарыялоого тете. Мындай тейде жыла берсе Вильнюстун бир-эки натуура кадамы гана согуштук аракеттерди тутантууга жетишерлик.
Бирок россиялык "Бал" жана "Бастион" мобилдик комплекстери жээкте дайым күзөттө. Ошентсе да кемеге каршы коргонуучу ракеталар олуттуу себеп болбостон, атылбайт. Анткен менен ушундай эле комплекстер НАТОнун Балтика жээгиндеги өлкөлөрүндө мурдатан эле жайгашып, Россиянын Аскер-деңиз флотунун кемелерине коркунуч туудуруп келет.
Түндүк атлантикалык альянска мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери 30-июнда Мадридде Россияга каршы жаңы стратегиясын кабыл алышты. НАТОнун келерки саммити россиялык чек арадан (Калининград облусунан) 150 чакырым аралыктагы Вильнюста өтмөкчү. Кара деңиз чөлкөмүндө Түндүк Атлантика альянсы өзүнүн агрессивдүү багытын улантып, киевдик режимди жээкке ылайыкталган америкалык, норвегиялык жана франциялык – Harpoon, NSM жана Exocet кемеге каршы ракеталарынын бүтүндөй топтому менен жабдууда.
Ошол эле учурда Европадагы туруктуулук жана коопсуздук деңгээлин саясий, экономикалык, технологиялык жактан чындап аныктаган Россиянын кызыкчылыктары таптакыр эске алынбайт. Россия жээктерин эриш-аркак аракеттеги "Бал" жана "Бастион" ыкчам ракеталык комплекстери ынанымдуу камсыздайт.
"Бал" комплексинин мүнөздөмөлөрү 500 чакырымдан ашуун ылдамдыктан душмандын кемелерин Х-35У ракеталары менен кыйратууга мүмкүндүк берет. Мээлөө системасы бутасын кургакта да көрө алат. Зарылдыгы чыкса Калининграддан Х-35У ракеталары Швеция, Дания, Германия, Польша жана Балтика өлкөлөрүнө карай "учат". Андан да күчтүү – үндөн ыкчам (саатына 2 500 чакырымга чейин) "Оникс-М" таамай ракеталары "Бастион" комплексинде колдонулат. Аталган бирдик Балтика жээгинен 300 килограммдык салмактагы огу менен Хельсинки, Осло, Прага, Вена, Финляндия, Норвегия, Львовго да жете алат. Бул курулай кеп эмес, "Оникстер" Сирияда да, Украинадагы россиялык атайын операциянын жүрүшүндө да сыналган.
Россиянын Красуха-4С комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Красуха-4С" Украинада. РФтин радиоэлектрондук күрөш комплексине сереп
Аралаш, тагыраак, инерциялык жана активдүү радиолокациялык (соңку баскычта) мээлөө системасына ээ. Бир залптык ракеталар буталарын маанилүүлүгүнө жараша өз алдынча бөлүштүрүп, чабуул тактикасын тандап, кастарын тиккендердин каражаттарынан буйтай алат.
Батыштын кемеге каршы ракеталарын россиялык аналогдоруна салыштырып болбойт. Кыйла жакшыртылганы – америкалык Harpoon ракетасы. Саатына 850 чакырымга чейинки ылдамдыкта 220 чакырымчалык аралыктан 225 кг салмактагы ок менен бутасын жабырката алат. Ал эми норвегиялык NSM (Naval Strike Missile) жана франциялык Exocet саатына 1 100 чакырымдык ылдамдыкта 120 кг жана 150 кг салмактагы окту пайдалана алат. НАТОлук бул үч бирдик тең үндөн жай экенин, ок учунун күчү да анчейин эмес экенин белгилей кетели. Салыштырмалуу жаңы NSM согуш талаасында сынала элек. Harpoon кемеге каршы ракетасы 1991-жылдагы "Чөлдөгү борооон" аталган америкалык операцияда 40 чакырымдык аралыкка колдонулган. Анан да ракета чакан кеменин бортуна түшүү үчүн ылдыйлай албай, бутасынан тайып жарылганы маалым.
Exocet ракетасы 1982-жылы Фолкленд аралдары үчүн британиялык-аргентиналык салгылашта пайдаланылган. Аргентиналык эки чабуулчу-ракета ташуучу Британия Аскер-деңиз флотуна таандык "Шеффилд" эсминецин жана "Плимут" фрегатына 37 чакырым аралыктан чабуул койгон. Ракеталардын биринин активдүү радиолокациялык ок учу "Шеффилдге" 12 чакырым аралыктан тийип, 2 метрге чейин ылдыйлап, бортту шамал сызыгынан 1,8 метрге тешип, бирок корпустун ичинде жарылбай калган. Экинчи ракета жоголуп кеткен.
1987-жылдын 17-майында Ирактын "Мираж" истребители америкалык "Старк" фрегатына карай эки Exocet ракетасын кое берген. Экөө тең фрегаттын бортуна тийип, бирок бирөө гана жарылган. Балким Украина НАТОнун кемеге каршы бул ракеталарын алат чыгар, бирок маселе алар менен чечилип калбасы анык. Бутага мээлөө жагынан америкалыктар көмөктөшкөн күндө да даярдалган эсептер керек. Ал эми андай нерсе Украина Куралдуу күчтөрүндө жок.
Ракеталардын НАТОлук модификациялары менен жабдууга жамааттык Батыш "Украинанын портторун эгинди алып чыгуу үчүн ачууга" гана эмес, Россиянын Николаев жана Одесса облустарын бошотушуна бөгөт болуу үчүн да умтулуп туру.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
НАТОнун желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун согуш жарыялаганга тете саммити. Москва менен Минск кандай жооп берет?
Жаңылыктар түрмөгү
0