Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын стратегиялык резерви жок кылынды: россиялык ракеталар кайда учат?

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАтайын операция зонасында "Искандер М" ракеталык комплексин иштетүүсү
Атайын операция зонасында Искандер М ракеталык комплексин иштетүүсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Жазылуу
Донбасстагы ири жана майда курчоодо калган украиналык армияны ырааттуулук менен жок кылып, россиялык күчтөр стратегиялык максатын — бүтүндөй Украинаны демилитаризация жана денацификациялоону көңүлдөн чыгарган жок.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам тылы, анын ичинде батыш аймактарына да россиялык ракеталык, авиациялык жана артиллериялык сокку уруулар күн сайын күч алып жатканын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Алыс аралыкка ылайыкталган канаттуу таамай ракеталар демилитаризациялоодо негизги ролду ойнойт. РФ Аба-космостук күчтөрүнүн Ыраак авиациясынын учактары 26-июнда Украинанын аскердик инфраструктурасына кезектеги ракеталык соккусун уруп, Украина Куралдуу күчтөрүнүн Чернигов, Житомир, Львовдун аймагындагы үч окуу борборун ийгиликтүү жок кылды.
Натыйжада Украинанын стратегиялык резервдеринин курамындагы – түпкү тылында "чыгыш фронтко" жоокерлерди жөнөтүү алдында даярдоочу 65, 66-мотопехоталык жана 46-аэромобилдик бригадасы толугу менен аскердик жөндөмүн жоготту. Согуштук аракеттер зонасына украиналык үч бирикменин күчтөрүн жеткирүү үзгүлтүккө учурады. Мындан сырткары, Киевде залптык октун реактивдүү тутумунун ок-дарысы чыгарылган "Артём" корпорациясынын цехтерин төрт россиялык ракета иштен чыгарды.
Сутка ичинде Россия Куралдуу күчтөрүнүн артиллериясы, ракеталык күчтөрү, армиялык жана ыкчам-тактикалык авиациясы Украина Куралдуу күчтөрүнүн жеке курамы топтолгон 286 жай жана техникасын, 64 артиллериялык позициясын, эки тескөө пунктун жана төрт ок-дары кампасын кыйратты. Бул фронттун чегиндеги душманды ыкчам жок кылуу тактикасынын уландысы жана өнүгүшү. Ошондой эле АКШ жана НАТОнун стратегдерине Россия Куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.
Андан мурунку күнү эле россиялык күчтөр Киев, Днепропетров, Николаев, Харьков облустарындагы аскердик объектилерге ракеталык сокку урду. Николаев облусунда, деңиз пехотасынын пунктунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ыкчам тобу, ал эми Николаевде чет өлкөлүк курал жана ок-дары, Донбасста 25-июнда таамай сокку менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн "польшалык" 80 "ыктыярчысы" жок кылынды.
Украина командачылыгы Россиянын топтоштурулган ракеталык соккуга (ар кандай аралыкка бир залп менен 50гө чукул ракета – Х-22, "Оникс", "Искандер" учуп келгенде) туруштук бере албастыгына шылтоо издөөгө тырышууда.
Киев чектелген мейкиндик секторунда объектилерин коргоо үчүн чыгарылган америкалык Patriot зениттик ракеталык комплекстерин алууга үмүттөнөт. Анткен менен 80 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган бул бирдиктер үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүнүн ракета жана учкучсуздарына каршы тура албай келет.
Кандагы канттын дэңгээлин өлчөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Кыргызстанда 10-октябрда "Кандагы канттын деңгээлин билип ал" кампаниясы башталат

Алыстан демилитаризациялоо тактикасы

Артиллериянын ок толкунун пайдалануу менен катар Украина Куралдуу күчтөрүнүн объектилерине топтоштурулган таамай ракеталык соккулар Украинаны демилитаризациялоо жана анын чегинен тыш НАТО күчтөрүн деморализациялоонун майнаптуу инструментине айланды.
Мындай ийгиликтин негизин РФ Куралдуу күчтөрүнүн технологиялык артыкчылыгы, бардык деңгээлдеги штабдардын калыпка салынган иши, аскердик (космостук, радиотехникалык, агентуралык жана атайын) чалгындоо, жер, деңиз жана абадагы ракеталык курал адистери түзөт.
Россиялык күчтөрдүн согушка жарамдуулугу жана жабдылышы өлкөнүн коопсуздугун жана суверенитетин ынанымдуу коргоого чоң өбөлгө. Бир калыптагы аскердик иш апта, ай, ал тургай жылдарга (атайын операциянын максаты эрте жүзөгө ашса, андан бетер жакшы) эсептелген. РФ Куралдуу күчтөрүнүн дурус ойлонуштурулган тактика жана жөнгө салынган логистикасы Украина Куралдуу күчтөрү (жана НАТОго) контрчабуул жасоого дармансыз кылат.
Россиялык ракеталар жана дүрмөттөрдүн кору түгөнбөс. Арсеналдары активдүү согуштук аракеттерди "аралыктан" жүргүзүүгө, ички курамдын жоготууларын болушунча азайтууга мүмкүндүк берет. Х-22 "советтик" канаттуу ракетасынан 1000ден ашуун чыгарылган. Баштапкы салмагы 6 тонна, үндөн ыкчам бул бирдикти россиялык Ту-22М3 бомбалоочулары ийгиликтүү пайдаланып келет.
Х-22 ракетасы душмандын абадан коргонуучу заманбап тутумдарын жеңип, ири жана мыкты корголгон аскердик объектилерине (ок бөлүгүнүн салмагы – 950 килограммга чейин, саатына 4000 чакырымга дейре ылдамдыкта жүрүп, 550 чакырымдай аралыкты багындырып) катуу сокку ура алат. РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, соңку жылдары таамай куралдарды ташуучулардын саны 13, ал эми жер, аба жана деңизге ылайыкталган канаттуу ракеталардын арсеналы 37 эсеге өстү.
Х-101 (ыраактыгы 5500 чакырымга чейинки), "Калибр" (2600 чакырымга дейре), "Кинжал" (2000 чакырымга чейинки), "Оникс" (800 чакырымга чейинки) жаңы ракеталарынын үзгүлтүксүз өндүрүшү үч нөөмөт менен уюштурулган. Касташкан тарап россиялык арсеналдардын түгөнүшүн же Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операциясы аяктаганча соккуларды чабалдатарын күтпөй эле койгону оң.
Украина Куралдуу күчтөрү өтө көп жоготууга учурап, Донбасста оңтойсуз чегинүүдө. Батыш эки жактын дараметиндеги айырманын ордун толтура албайт. Тескерисинче, Северодонецк жана Лисичанскиде украиналык күчтөрдүн кыйрашына британиялык премьер Борис Жонсондун да салымы бар. Себеби ал Зеленскийди G7 – Чоң жетиликтин саммитине дейре ал жакта "кармалып турууну" суранган. Киевдик режим россиялык армияны "20 күндө" жеңүүнү дале пландоодо. Бул үчүн ал M142 HIMARS залптык октун реактивдүү тутумун пайдаланмакчы.
Батыш курал жабдуу менен "Россияны токтотууну" талап кылып, контрчабуулга өтүп, россиялык армияны 24-февралдагы позициясына кайтарууга убада кылууда. Бул үчүн Украина коргоо министри Куралдуу күчтөрдүн санын бир миллионго жеткирүүгө ниеттенүүдө. Анткен менен согуштан качкандар – бул милдетти ишке ашырууга чоң бөгөт.
Украина Куралдуу күчтөрү Белгородго ракеталык сокку урууну көздөп, жер жана инфраструктуралык объектилерин тандоодо. Негизи Украина Куралдуу күчтөрү аракеттеринин террордук мүнөзүн мурда да эч ким жашырган эмес. РФтин көзөмөлүндөгү аймактарда Украина президентинин кеңсеси, Коопсуздук кызматы, Чалгындоо башкы башкармалыгынын стратегиясын "тескелүүчү террор" деп ачык эле аташат. Ал түгүл чалгындоочу кызматтын башчысы Кирилл Буданов муну батыш басма сөзүндө тастыктаган.
Украиналык саясий жетекчилик ушул нерсени – Украина Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиясынын диверсанттарынын аскердик объектилерди эмес, жайкын тургундарды жок кылышы бүтүндөй Украина мамлекетин террордук деп эсептөөгө негиз берет. Бул – россиялык атайын операция үчүн олуттуу аргумент.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Украиналык жоокер Харьковго жакын жерде өзүнүн формасында АКШнын желегин көрсөтүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
АКШ жана Британиянын "легионерлери" Украинага өлүм издеп келүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0