Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Красуха-4С" Украинада. РФтин радиоэлектрондук күрөш комплексине сереп

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүРоссиянын "Красуха-4С" комплекси. Архив
Россиянын Красуха-4С комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жазылуу
Россиянын радиоэлектрондук күрөш комплекстери аба буталарынын бардык түрүн, ал тургай болушунча жапыз учкандарын да, зениттик ракеталык тутумдардын радарларына байкалбагандарын да таап, жок кыла алат.
Радиоэлектрондук күрөш каражаттары абадан коргонуу тутумдарынын ордун алмаштырбастан, тескерисинче, тыгыздаштырат. Аскердик баяндамачы Александр Хроленко зениттик каражаттар менен интеграцияланып, Украинадагы россиялык атайын операцияда ийгиликтүү пайдаланылып жатканын белгилейт. Бул жолку макаласында "Красуха-4С" комплексинен кеп козгогон.
29-июнда РФ Коргоо министрлиги Борбордук аскердик округунун "Красуха-4С" радиоэлектрондук күрөш мобилдик каражаттарынын жогорку технологиялык ишин көрсөттү. Анда алар украиналык аба мейкиндигин сканерлеп, Украина Куралдуу күчтөрүнүн чалгындоочу учкучсуз аппаратынын борттук радиолокациялык станциясынын ишин басат.
Аталган комплекстин тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү каалаган бийиктикте 300 чакырымдан ыраакта аба буталарынын бардык түрүн бөгөөгө мүмкүндүк берет. Радиоэлектрондук күрөштүн программалык-аппараттык каражаттары касташкан тараптын учкучсуз аппараттарын башкаруу радиоканалдарын, учак жана тик учактардын борттук электроникасын "басып", башкача айтканда, чалгындоого, мээлеп сокку урууга жол бербейт. Бийиктөөгө, абадан коргонуу каражаттары кыйрата ала турган зонага кирүүгө мажбурлайт. Андан ары зениттик эсептер иштейт. Өткөн суткаларда россиялык абадан коргонуу каражаттары Харьков жана Херсон облустарында украиналык Су-25 чабуулчусун, Николаев облусунда Ми – 8 тик учагын, аскердик чектешкен чийининдеги ар кыл тилкелериндеги тогуз учкучсуз аппаратын атып түшүргөн.
Радиоэлектрондук күрөш адистеринин баамында, атайын операциянын жүрүшүндөгү негизги буталар – украиналык Су-25 чабуулчулары. Алар абдан жапыз учуп, россиялык күчтөрдүн радиолокациялык талаасында жылчык издеп убара. "Красуха-4С" радиоэлектрондук күрөш комплекстери негизинен аскердик бөлүк, абадан чалгындоочу каражаттарын жана командалык пунктулардын таамай куралдарын, абадан коргонуу каражаттарын, маанилүү өнөр жай объектилерин калкалайт. Мындай комплекстер дайым душмандын мейкиндигин сканерлеп, буталарды таап, аппаратурасынын иш жыштыктарын талдап, алардын кеңири диапазонунда радио тоскоолдуктарды жаратат. Душмандын учак, тик учактары жана учкучсуз аппараттары, анын ичинде Bayraktar да пайдаланган радиолокациялык станциялардын бардык түрүн басып коёт.
Кандагы канттын дэңгээлин өлчөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Кыргызстанда 10-октябрда "Кандагы канттын деңгээлин билип ал" кампаниясы башталат

Россиялык радиоэлектрондук күрөш комплексинин өзгөчөлүктөрү

Ар кандай ургалдуулуктагы азыркы куралдуу жаңжалдарда радиоэлектрондук күрөш комплекстерин кызуу колдонуу өз күчтөрүн коргоп, душмандын автоматташтырылган башкаруу тутумунун ишин бузуп, чабуулдук аракеттерге шарт түзүүгө мүмкүндүк берет.
Сирияда "Красуха-4" Хмеймим авиабазасына чабуул коюуга аракеттенген жихадчы согушкерлер жана батыш кураторлорунун учкучсуз аппараттардын үйүрүн басып, жерге кулаткан. Ошондой эле америкалыктар Араб Республикасына сокку урууга тырышкан "Томагавктарды" да атып түшүрүшкөн.
Украинадагы согуштук аракеттер театрында россиялык техника жана радиоэлектрондук күрөш комплексин пайдалануу тактикасы Украина Куралдуу күчтөрүнө аралыктан жардамдашкан Пентагон жана НАТОнун жогорку технологиялык чалгындоо каражаттары менен тиреште улам өөрчүп барат.
"Красуха-4С" радиоэлектрондук күрөш комплекси кыйла кынтыксыз модификация. Бул сериялык түрдө өндүрүлүп, 2013-жылдан бери россиялык күчтөр куралданып келет. Жаңы тутумдун негизги артыкчылыгы – маалыматты алуу жана иштеп чыгуунун дээрлик толук автоматташтырылышы, жүз пайыз майнаптуулугу.
Комплекс сигналдардын тибин талдап, корголгон байланыш тутумдарына ылайыкталып, күчтүү интеллектуалдык-тоскоол этүү менен душмандын радиолокациялык станциясын нурлантат. Берилген жана кабыл алынган маалыматтарды бурмалап, буталарды кармоо жана аларды таамай жабыркатуучу каражаттарды мээлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
Мурдараак "Ростех" 600 чакырымдык тилкени коргоо үчүн бир станция жетиштүү деп кабарлаган. Америкалык адистердин маалыматында, "Красуха-4С" спутник-шпиондордун электроникасынын ишин буза алат. Бул комплекстин дөңгөлөктүү базасы – жол тандабай жүрө алган, 50 градус сууктан 50 градус ысыкка чейинки температурада да согушка жөндөмдүү төрт дөңгөлөктүү "Камаз" (8Х8) автоунаасы.
"Красуха-4С" комплексинен сырткары Украинадагы атайын операцияда россиялык күчтөр жерге, ыраак аралыкка ылайыкталган "Москва" жана "Мурманск" радиоэлектрондук күрөш комплекстери, бир катар авиация жана кеме тутумдары да колдонулууда. Америкалыктар атаандашуучу комплекстерди түзүүгө аракет кылып, бирок андан майнап чыккан эмес. АКШ электр-магниттик спектрде россиялык күчтөр өз майнаптуулугун айгинелегенин моюнга алган.
Россия ар кыл ыраактыктагы радиоэлектрондук күрөш комплекстерин бардык чөйрөдө пайдаланууда лидерликти эч кимге бербей келет. Ушул тематика боюнча "Алмаз – Антей" аба космостук коргонуу, "Радиоэлектрондук технологиялар" (КРЭТ) концерндери, "Росэлектроника" холдинги жана "Коргоо тутумдары" компаниялар тобу ийгиликтүү иштөөдө.
РФтин аскер-саясий жетекчилиги радиоэлектрондук күрөш инструменттерин "маалыматтык-телекоммуникациялык мейкиндикте артыкчылыкка жетүүнүн майнаптуу жана экономикалык жактан пайдалуу ыкмасы" катары карайт. Радиоэлектрондук күрөштүн өзүнчө бригадалары Россиянын Кургактагы күчтөрүнүн төрт аскердик округунда тегин жерден түзүлгөн эмес. Мындай роталар танк бирикмелеринде, ошондой эле Аба-десанттык күчтөрдүн курамында да бар. Радиоэлектрондук күрөштүн аскер-деңиз күчтөрү РФтин төрт флотунда тең өзүнчө борборлорго бириктирилген.
Аба-космостук күчтөрүндө Радиоэлектрондук күрөштүн өзүнчө батальондору армиянын курамына кирет. Учкучсуз радиоэлектрондук күрөш комплекстери – өнүгүүнүн өзүнчө жана келечектүү багыты.
НАТОнун желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун согуш жарыялаганга тете саммити. Москва менен Минск кандай жооп берет?
Жаңылыктар түрмөгү
0