Кышында оорубаш үчүн жайында эмне кылуу керек? 8 эреже

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүТоодо саякаттап жүргөн адамдар. Архив
Тоодо саякаттап жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Жазылуу
Иммунолог иммунитетти көтөрө турган эрежелерди санап берди.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Жайкысын сергек жашоо образын канчалык жакшы карманса, кышкысын ошончолук ден соолук бекем болот. Буга күн жылуу кезде чыңдалган иммунитет жардам берерин "Доктор Питер" порталына берген маегинде иммунолог жана патофизиолог Елена Парецкая айтып берди.
Ден соолукту чындай турган эрежелер:

Жөө басуу

Сейилдөө ар дайым пайдалуу. Басып жүргөндө организм кычкылтекти көбүрөөк сиңирип алып, дары (эгер ичип жаткан болсоңуз) жана витаминдерди жакшы кабыл алат.

Денени чыйралтуу

Жай — денени чыйралтуунун эң сонун мезгили. Кышкы суукта тез эле ооруп калбаш үчүн денени акырындык менен муздакка бышыруу керек. Ал үчүн муздак суу куюнуп үйрөнүңүз. Бирок ден соолукка карап, дарыгер менен бир кеңешип коюуну унутпаңыз.

Компьютер менен гаджеттен качыңыз

Жок дегенде жайкы каникулда ар кандай гаджеттерди, өзгөчө компьютерди унутуш керек. Көз кадимкидей эс алып, мээ сергийт. Андан көрө суунун жээгине отуруп, алыс жакка көз чаптырганга аракет кылыңыз.

Көлгө барыңыз

Мүмкүн болушунча көлгө же деңизге барып келүүгө аракет кылыңыз. Суу жээгиндеги аба дем алуу системасын жана терини жакшыртат. Кургак абада жана кондиционер иштеген бөлмөдө кургай берген мурун көңдөйү калыбына келет.
Баш ооруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Башы көп ооругандар кайсы азыктарды жебеши керек? Дарыгердин кеңеши

Суу жээктеп, таштардын үстүнөн көп басуу керек

Жээктеги таштардын үстүнөн басып сейилдөө организмге абдан пайдалуу. Буттагы рецепторлордун дүүлүгүшү менен иммундук система жакшырат.

Гамакта көбүрөөк эс алыңыз

Омуртканы эс алдыруу үчүн гамакка көбүрөөк жатса болот. Омуртка жалпы организм үчүн, анын ичинен кан айлануу үчүн өтө маанилүү.

Ичегилердин ишин жакшыртуу

Кышкысын майлуу жана нык тамактардан кыйналып калган ашказанды жеңилдетип, жер-жемиш, жашылча менен тамактануу керек. Минералдык суу дагы өтө пайдалуу.

Дене кумары

Жайкы эс алуу учуру романтикага өтө ыңгайлуу. Дене кумары учурунда организмде ырахат гормондору бөлүнүп чыгат. Ал иммунитетти жогорулатып, зат алмашууну стимулдайт, уйкуну жана табитти жакшыртат.

Музыка угуңуз

Өзгөчө классикалык музыка угуу организмге өтө пайдалуу. Нерв системасын калыбына келтирет.
Казанга кайнатылган брокколи. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Диетолог: айрым жашылчалар кайнаган соң пайдалуу
Жаңылыктар түрмөгү
0