Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Айласы куруп... Украина армиясынын бургулоо платформалары менен Змеиныйга чабуулу

© Фото / ЧерноморнефтегазМунай бургулоо платформасы. Архив
Мунай бургулоо платформасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Жазылуу
Аскерий көз караш менен алганда Украина армиясынын бургулоо платформалары менен Кара деңиздеги Змеиный аралына урган соккусу — Киев режиминин Батыштагы демөөрчүлөрүнө жагынуу аракети. Муну менен бийлик жаңы насыя жана курал-жарак алууга үмүт артып жатат.
Россия менен болгон тиреште АКШ жана НАТОнун куурчагына айланган Украина үчүн финансы-экономикалык кызыкчылык башкы орунда. Батыштын көмөгүсүз согуштук аракеттер Украинанын бир нече күндөн кийинки капитуляциясы менен аяктайт. Мындан улам Киев бир нерсе кылып жаткандай түр көрсөтүп, аны жар салып, эптеп эле акча жана курал-жарак алууга далалаттанып жатат дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Анын айтымында, улутчулдук менен русофобия азыр экинчи планда, анткени мобилизациялык ресурс согушту жылдап жүргүзүүгө жол берип, элдин пикири эске алынбайт.
Куралдуу күчтөрүнүн согуш талаасында өтө эле алсыз экенин билген Киев режими сууда да, кургакта да террордук тактиканы көбүрөөк пайдалана баштады. Донецкинин калк жашаган аймактарына, Одесса облусунан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан шельфтеги нефть казылган платформаларга урулган соккуларды ушинтип гана түшүндүрүүгө болот.
Украина армиясы "Черноморнефтегаздын" бургулоо платформаларына жана Змеиный аралына 20-июнь күнү кол салды. Аралга абадан сокку уруу үчүн 15 учкучсуз учак пайдаланылган, анын ичинде Bayraktar TB2 да бар. Мындан тышкары, АКШнын стратегиялык чалгындоочу "Глобал Хок" RQ-4 пилотсуз учактары да байкалган.
Киев режиминин операциясы Змеиныйга улам-улам катаал сокку уруп, андан соң аралга десантты түшүрүүнү максат кылган. Одессадан батышты көздөй кеткен тараптан арал Украинанын "Точка-У" баллистикалык ракетасы, "Ураган" деп аталган залптык октун реактивдүү тутуму жана НАТОнун 155-миллиметрлик М-777 гаубицалары менен аткыланды. Бирок россиялык аскер бөлүктөрү эч жоготуусуз украиналыктардын Змеиныйды кайтаруу аракетине бөгөт койду. Россиянын абадан коргонуучу "Панцырь" менен "Тор" системалары 13 пилотсуз учакты, төрт "Точка-У" ракетасын, "Урагандын" 20дан ашуун реактивдүү снарядын жок кылды. Аралга каршы тараптын бир да каражаты жеткен жок. Адатта акылдуулар бирөөнүн катасын көрүп тажрыйба топтойт эмеспи, украиналыктар өзүнүкүн да этибарга албай жатышат.
Май айындагы чабуулда Украинанын Куралдуу күчтөрү төрт сокку уруучу учагынан, 10 тик учагынан, 30 пилотсуз учагынан, 1241 долбоорунун "Молния" корветинен, 58181 долбоорунун "Кентавр" деп аталган десанты менен үч сооттолгон катеринен ажыраган. Ал эми Россия армиясы Змеиныйды коргоону зениттик-ракеталык комплекстер жана залптык оттун реактивдүү тутуму менен күчөттү. Кара деңиздин түндүк-батыш тарабындагы Змеиный аралы стратегиялык мааниге ээ (Румыниядан Одесса менен Николаевге каттай турчу деңиз маршрутун көзөмөлдөйт), демек, "ажаан чабуул" уланат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Батыш кайрадан "Россияны жеңүүгө" белсенди

Украинанын катасы

Россиянын жамгырдай жааган огу Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгын Змеиныйга десант кондуруу оюнан баш тарттырды. Максаты аткарылбай калган киевдик режим аралдан чыгышты көздөй 40 чакырым аралыкта жайгашкан россиялык газ өндүргөн инфраструктурадан "өч алууну" чечкен. Bayraktar TB2 жана ракеталуу катерлер менен урулган соккудан үч платформа жабыркады. "Черноморнефтегаздын" үч кызматкери каза таап, дагы жетөө дайынсыз болууда. 94 киши эвакуацияланды. "БК-1" платформасындагы ири өрт Кара деңиз жээгиндеги бир катар өлкөлөрдү экологиялык апаатка кептөө коркунучун жаратты.
Бургулоо платформаларына Украинанын "Нептун" ракеталары менен сокку урулса да НАТО адистеринин кийлигишүүсү толук мүмкүн. Россиялык эксперттердин пикиринде бул чабуулда америкалык өндүрүштөн чыккан кемеге каршы Harpoon ракеталары колдонулган, булар учурунда Даниядан келген. Альянстын аскерлери майдагы чабуулга да катышканын эскерте кетели.
Киев режиминин террордук чабуулуна жооп кылып Россиянын Куралдуу күчтөрү "Оникс" канаттуу ракеталары менен Одессанын аймагындагы "Школьный" деп аталган аскер аэродромунда Украинанын Bayraktar TB2 учкучсуз аппараттары турган ангарды жок кылышты. Бир эле учурда Очаков менен Тузланын жанындагы "С-300" системасынын эки түзүлүшү жарактан чыкты.
Украинанын аймагындагы аскерий объектилер чекесинен жок болуп жатат. Россия армиясы өткөн суткада эле Украина Куралдуу күчтөрү жайгашкан 216 районго, 28 башкаруу пунктуна, 64 артиллериялык бөлүккө сокку уруп, 13 танк, ок-дары сакталган эки кампа кыйрады. 570 улутчул жок кылынды. Андан бир күн мурун 57 генерал менен офицер отурган жыйынга ракеталык сокку урулган.
Россия менен согушууда НАТОнун курал-жарагы жардам берген жок, Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес буга чейин россиялык артиллериянын Украинаныкынан 20 эсе мыктылык кыларын айткан жайы бар. Украина Куралдуу күчтөрүнүн жай тургундарга жана жарандык объектилерге карата террордук аракеттери европалык лидерлерди эсине келтирип коюп жатат. Германия, Франция жана Италиянын Киевге оор техника жөнөтүүдөн баш тартканы да жөн эмес. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба күрөк менен согуша берерин айтып жатат. Европа Киев көйүнөн чарчап бүттү. Оюнчукка айланган Киев режими Вашингтон жана Лондондун айдагы менен бир баскан жерин миң басып, өзүн кыйратуусун улантууда.
АКШ менен Британия азырынча согушту "акыркы украиналык калганча" колдоого даяр, бирок бул мамлекеттердин өзү экономикалык каатчылыкка кабылып, ички саясаты олку-солку боло баштады. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг азыр деле Украинадагы чыр узакка созуларын айтып, союздаштарын даяр турууга үндөп жатат. Батыш акырындап чүнчүп, чөгүүдө. Луганск облусунун "губернатору" Сергей Гайдай РФ армиясынын ири чабуулу башталганын жар салды. Анын айтымында, кагылышуу жүргөн жер чыныгы "тозокко" айланууда. Украинанын аскер кызматкерлери жапырт туткунга түшүп берип жатат. Дүйнө түзүлүшүн оодара турган күз да жакындап калды...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыз.
АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жетекчиси Саманта Пауэр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
USAID: Украинанын бир айлык чыгымы 5 млрд. доллардан ашып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0