Батыш кайрадан "Россияны жеңүүгө" белсенди

© AP PhotoУкраинанын президенти Владимир Зеленский жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Жазылуу
"Россияга каршы согушууга жана аны жеңүүгө жөндөмдүү болгон армия түзүү кажет". РФ менен эми Британия армиясынын Генералдык штабынын жаңы жетекчиси Патрик Сандерс согушмакчы. Анын ачыкка чыкпашы керек болгон меморандумун "кокусунан" ВВС чыгарып жиберген.
73 миң жоокерден турган армияны көлөмдүү деп айтууга болбойт, бирок генералдын дымагы көктө: "Россиянын Украинаны басып кириши Улуу Британияны коргоо, согушууга даяр туруу жана кургактагы кагылышууда жеңишке жетип Россия тараптан болчу куралдуу агрессиянын мизин кайтаруу жөндөмүбүздү бекемдөө негизги максатыбыз экенин тастыктады". Кырдаалга россиялык журналист Петр Акопов баам салып, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Ушуга чейин Британия менен Россия эки ирет согушкан. Акыркы Крым кагылышуусунда дал ушул англиялыктар кол салган болчу. Эми Россия акыры күчүн чогултуп, Улуу Британияга кол салууга даярдык көрүп жатабы? Жок, бирок Европа мамлекеттерине, НАТО мүчөлөрүнө чабуул коюу планында бар имиш. Премьер-министр Борис Жонсон өткөн ишембиде Sunday Times басылмасына кокусунан эле макала жазып жиберген жок да:
"Путин Украинаны жиликтеп эле тим калбашы мүмкүн экенин билебиз. Өткөн жумада эле ал өзүн Улуу Петрга теңеп, Россияга иши кылса качандыр бир кезде "славяндар" отурукташкан жерлерди кайтарып алуу укугун ыйгарды. Бул доктрина Европа мейкиндигин, НАТО өлкөлөрүн ээлөөгө жол берет".
Жонсондун макаласына "мүмкүн" деген кызматчы сөз адаштырбашы керек, мындай апаат Европа Украинанын Россия менен аннексиясын алдын ала албай калса гана болушу ыктымал. Макала "Украинадан жүз буруп кетсек эч убакта коопсуз турмушта жашай албайбыз" деп аталат. Европанын, өзгөчө аралдагы падышачылыктын коопсуздугуна Россиядагы кезектеги тарыхый окуя жана түбү бир элдин биригүүсү кандайча таасир этери түшүнүксүз, айтор, буга жол бербөө керек!
Эгер генерал Сандерс жөн гана "Россиянын агрессиясы Европадагы коопсуз жашоону жокко чыгарган жаңы бир доорго алып келгенин", мындан улам Британия армиясын модернизациялоону тездетүү керектигин жазса, Жонсон: "Биз союздаштарыбыз менен биргеликте коопсуздугубузду Украинанын коопсуздугун коргогондой эле коргойбуз, Путиндин жана ага окшогусу келгендердин өлүмгө кептеген кыялдарынан бүтүндөй дүйнөнү сактайбыз", — деди. Башкача айтканда, бүт ааламга коркунуч жараткан "славяндык Гитлер" жана аны Чыгышта туурай турган Си Цзиньпинге кыйытма.
АКШ жана ЕБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Батыш эмне үчүн согушка кызыкдар? Кыргызстандык экономист дүйнөлүк кризис тууралуу
Бул сөздөрдүн мааниси бир эле: англосактар Батышты узакка созулчу согушка даярдап жатат. Мындай бүтүмгө НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин билдирүүсүнөн кийин да келүүгө болот:
"Узак жылдарга созулушу мүмкүн, биз буга даяр болушубуз керек. Украинаны колдоону токтотпоо зарыл. Аскердик жардам берсек дагы, азык-түлүк менен энергия кубатынын баасы асман чапчыса да колдоону уланта берүү керек".
Жонсон Украинага төрт багытта жардам берүүнү сунуштап жатат: курал-жарак, акча каражаты, эгин экспорту үчүн логистика жана аны чыгаруу. Премьердин айтымында, "мунун баары Улуу Британия менен анын союздаштарынан чечкиндүүлүктү талап кылат, айларга, жылдарга созулушу мүмкүн".
Британиянын премьери мындай жардамдын негизги максаты "президент Зеленский айткан талаптын негизинде согушту токтотуу үчүн украин досторубузду күчтөө" экенин белгиледи. Башкача айтканда, Лондон Россияны согуш талаасында Украинанын колу менен жеңүүгө болот деген пикирде экенине ишенүү керекпи? Алардын ою боюнча Украинада согуш жүрүп жаткан маалда британ армиясы кийинки кагылышууларда Россиянын үстүнөн жеңишке жетүүгө даярданып алышы керек экен. Качан? Украинадан жеңилген Россия Прибалтика же дароо эле Польшага кол салгандабы? Мындай логикага ким ишенет?
Албетте, эч ким. Британиянын континентте согушуу ниети жок, Россия НАТО өлкөлөрүнө кол салат деп да ойлобойт. Бирок британ лидерлери польшалыктар сыяктуу эле Европа — Россия мамилесине доо кетирүүгө кызыкдар. Бул үчүн эки тарапты байланыштырып турган болгон-бүткөн нерсенин баарын бүлүндүрүүгө аябай аракет кылат. Демек, Украинада согуштук абал канчалык көпкө чейин созулса, Лондон үчүн ошончолук жагымдуу шарт түзүлөт.
Британия элди орустардын Берлинге жасай турчу жүрүшү менен коркутууга жете элек, буга Варшава жана анын түркөй жетекчилиги бар эмеспи. Британия жөн гана бул процессти көздөп-тескеп, Европаны орустар менен коркутуп кырдаалды ого бетер курчутуп турсам дейт. Буга чейин бир нече ирет колдонулган эски ыкма. Өткөн кылымдарда жакшы эле пайдаланылып келген, бирок акыркы эки согушта анын үзүрүн океандын ары жагындагылар көрдү.
Бүгүнкү күндө Британиянын андагыдай армиясы да, флоту да жок, бирок ири комбинацияларды ишке ашырып жибере ала турган жогорку класстагы элитасы бар. Бирок аракетке түртө турган шарт-жагдай анча эмес болуп турат — орустар өзүнүкүн кайтарып жатат, жок дегенде Польшаны карап ыкыс берип койсо жакшы болмок. Анткен менен кооптуулук бар деп айгай сала берсе болот да, мисалы, учурунда Европаны Кавказдагы, Балкан өлкөлөрүндөгү, керек болсо Борбор Азиядагы орустар менен бир топ эле коркутуп койбоду беле.
Ушу тапта Британия кырдаалдын боло турчу кесепетин көп эсепке албай жатат, өзүн жеңүүчү катары көрүүдө. Бирок тарых деген өтө кыйды нерсе, аалам тушуккан азыркыдай кырдаалда арабанын туура тарабынан орун алуу зарыл, болбосо ооп түшүп калыш да тез эле эмеспи.
Америкалык философ Фрэнсис Фукуяма. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Философ Фукуяма. Батыштагы талкуунун кызыктары
Жаңылыктар түрмөгү
0