Кыргызстанда үч жылдын ичинде түрмөдө отурган 151 адам каза болду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Жазылуу
Бир адам милициянын кыйноосунан улам көз жумган деген шек бар.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. 2019-2021-жылдар аралыгында абакта отурган 151 адам каза болду. Бул туурасында Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бактыбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, кээси оорунун айынан көз жумса, айрымдарынын өлүмүнүн себеби аныкталбай калган. Бир адам милициянын кыйноосунан улам каза болгон деген шек бар.
"2020-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төлөс айылынын тургунуна милиция тарабынан кыйноо болгону тууралуу бизге билдирүү келип түшкөн. Биз ушул жаран кыйноодон каза болду деп шектенип жатабыз", — деди Рысбеков.
Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун маалыматына ылайык, 41 киши жүрөк-кан тамыр оорусунан ажал тапкан, 25инин кайсы илдеттен көз жумганы так көрсөтүлгөн эмес. 19 адам коронавирус жана пневмониядан, 11и цирроз, сегизи ВИЧ, жетөө ар кандай этиологиядагы жарааттардан каза болгон. Бешөө инсульт алган.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Жанар Акаев: түрмөнү криминал башкарып калды, акчасы жоктор кыйноого кабылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0