00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жанар Акаев: түрмөнү криминал башкарып калды, акчасы жоктор кыйноого кабылууда

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Жазылуу
Эл өкүлү түрмөлөрдү толугу менен реформалоо керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Түрмөлөр өзүнчө өлкө болуп калды, аларды криминал башкарып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
Ал Кыргызстанда күн сайын миңдеген адамдар кыйноого кабыларын айтып, түрмөлөрдү радикалдуу түрдө реформалоо керектигин белгиледи.
"Смотрящий", "положенец" дегендер түрмөдөгүлөр үчүн президент. Ошолордун уруксаты менен гана ысык сууга жуунат, ата-энеси жиберген тамакты жейт. Ким телефон колдонуш керек, ким менен жатыш керек, бүт ошолор чечет. Ондогон адамдар муну тыюуну сурап кайрылууда. Жуунганга ысык суу бербей 50-100 сомдон алып жатышыптыр. Ушуну кантип көрбөйсүңөр? Ал жерде бүт криминал жана акча", — деди депутат.
Аны менен катар Акаев абакты башкарып алган криминалды ордуна коюп, баарына тегиз мамиле кылууга чакырды.
"Түрмөлөр өзүнчө өлкө болуп калды. Кедей-кембагалдын балдары гана кыйноого кабылат. Дарыгерлердин орой мамилеси да бар, акчаң болсо адамсың, болбосо малдай мамиле кылат. Алар дагы кылмыш кылганы менен биздин жарандар да. Ушунчалык кордоп жатпайбызбы", — деди Акаев.
Депутат буга байланыштуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун статусун көтөрүп, акча каражатын аябай берүү керектигин белгиледи. Ошону менен бирге Башкы прокуратурада кыйноолорду алдын алуу боюнча өзүнчө бөлүм ачууну сунуштады.
Саясат таануучу Марат Казакпаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Марат Казакпаев абакта отурганда эки нерсеге арызданып жүргөнү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0