Күн катуу ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Жазылуу
Бишкекте күн ачык, ысык болору божомолдонду.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын акыркы эки күнүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, дем алыш күндөрү өлкөнүн айрым жерлеринде күн ачык болсо, кээ бир аймактарына жамгыр жаайт. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 34 градуска чейин ысышы ыктымал.

Чүй, Талас облустары

Чүйдө 18-19-июнь күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 33 градуска чейин ысыйт. Таласта 19-июнда күндүз өткүн өтүшү ыктымал. Башка учурда күн ысык болуп, абанын температурасы 29...31 градусту көрсөтөт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан себелеп, тоолуу райондоруна жамгыр катуу жаашы күтүлүүдө. Жалал-Абад жана Баткен облустарында 19-июнь күнү гана жаан жаайт. Ишембиде күн ачык болуп, абанын температурасы 32...34 градуска чейин ысыйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө өткүн өтүп, жаан жаайт. Анткен менен абанын температурасы 25 градуска чейин ысык болот. Нарында дагы жаан жаай турганы айтылды. Абанын температурасы 20...25 градусту көрсөтөт.
Кыз фонтандын жанында отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Жайдын биринчи айы ысык болобу? Июнга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0