Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эксперт: АКШ Кытайдын күчтөнүп бара жатканынан кооптонууда

© Sputnik / Асель СыдыковаЭл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Жазылуу
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул алдыдагы жарым кылымда дүйнөнүн канча полярдуу болорунун аныкталышы күмөн экендигин белгиледи.
Россияны ар кандай согуштук провокациялар аркылуу алсыздандырып, жерин бөлүп алуу аракети дагы болушу ыктымал. Анткени аталган өлкөнүн аймагы эбегейсиз чоң. Мындай пикирин Чынара Эсенгул Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эксперт: АКШ Кытайдын күчтөнүп бара жатканынан кооптонууда
Анын айтымында, абалтан батыш өлкөлөрү Россияны, ага чейин СССРди алсыздандыруу аракетин көрүп келишкен.
"Жакынкы 50 жылдын ичинде дүйнөнүн канча полярдуу болорунун аныкталышы күмөн. Анткени эки полярдуу дүйнө дегенде көпчүлүк Кытай менен АКШны полис катары карайт. Анда Россиянын ролу кандай болуп калат? Ушул сыяктуу согуштар аркылуу Россияны алсыздандырып, жерлерин бөлүп алуу сценарийи да болуп кетиши ыктымал. Анткени аталган өлкөнүн жери чоң. Кытай Ыраакы Чыгышка көз салып келсе, ошол эле Япония "Курилди алабыз" деп жанданып калды. Айтор, ар бир мамлекет Россиянын жеринен өзүнө үлүш алып калуу аракети бар. Ошондуктан АКШ менен Кытай ич ара сүйлөшүп алган болушу ыктымал деген да божомолдор айтылууда. Экинчи жагынан Кытай "батыш Россияны алсыздандырса, мындай коркунуч бизге келет" деп ойлонушу ыктымал. Анда АКШ менен Кытай ич ара келишип алган деген гипотеза автоматтык түрдө жокко чыгат. Себеби АКШ дагы Кытайдын күчтөнүп бара жатканынан кооптонууда. Мындан тышкары, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европанын коопсуздугун камсыз кылуу модели жок. Германияда 1947-жылы СССРди алсыздандырууга багытталган "Трумен доктринасы" кабыл алынган. Бирок 1949-жылы НАТО түзүлүп, ал аркылуу Европа АКШга көз каранды болгондуктан дүйнөдө кандайдыр бир полис катары каралбайт. Жалпысынан батыш мамлекеттери деп гана айтылып жүрөт. Ошондуктан полис катары АКШ кала берет. Россия Индия, Бразилия, Кытайдын башын кошуп дагы бирди түзгөнгө аракет кылууда", — деди Эсенгул.
Эксперт Батыш — Россия тирешинде Кытайдын позициясынан көп нерсе көз каранды экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0