https://sputnik.kg/20220615/akylbek-zhaparov-tim-ehkonomika-diplomatiya-1065272110.html
Жапаров ТИМге экономикалык дипломатияны күчөтүүнү тапшырып, 6 милдет койду
Жапаров ТИМге экономикалык дипломатияны күчөтүүнү тапшырып, 6 милдет койду
Sputnik Кыргызстан
2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Ага ылайык, жылына ИДПнын 13 пайызынан кем эмес (жылына болжол менен 1 миллиард доллар) чет... 15.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-15T13:14+0600
2022-06-15T13:14+0600
2022-06-15T13:15+0600
кыргызстан
акылбек жапаров
экономика
саясат
тим
тапшырма
туризм
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0f/1065272076_0:317:3077:2048_1920x0_80_0_0_e4047f3ff36a1c744193e0dfe074b75e.jpg
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүшү зарыл. Мындай тапшырманы ведомствонун алдына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров койгонун өкмөттөн кабарлады.Эске салсак, 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Ага ылайык, жылына ИДПнын 13 пайызынан кем эмес (жылына болжол менен 1 миллиард доллар) чет элдик инвестиция тартылып, экономиканын ар жылдык реалдуу өсүү темпи беш пайыздан ашышы керек.Анын айтымында, министрлик жана чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин алдына төмөнкү милдеттер коюлган:
https://sputnik.kg/20220614/evraziya-ekonomikalyk-komissiyasynyn-fokusunda-zhashyl-ekonomikanyn-perspektivasy-1064998220.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0f/1065272076_346:0:3077:2048_1920x0_80_0_0_7a64214ddb0a723dbbff93fa8e540de6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акылбек жапаров, экономика, саясат, тим, тапшырма, туризм
кыргызстан, акылбек жапаров, экономика, саясат, тим, тапшырма, туризм
Жапаров ТИМге экономикалык дипломатияны күчөтүүнү тапшырып, 6 милдет койду
13:14 15.06.2022 (Жаңыртылды: 13:15 15.06.2022) 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Ага ылайык, жылына ИДПнын 13 пайызынан кем эмес (жылына болжол менен 1 миллиард доллар) чет элдик инвестиция тартылышы керек.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүшү зарыл. Мындай тапшырманы ведомствонун алдына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров койгонун өкмөттөн кабарлады.
Эске салсак, 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Ага ылайык, жылына ИДПнын 13 пайызынан кем эмес (жылына болжол менен 1 миллиард доллар) чет элдик инвестиция тартылып, экономиканын ар жылдык реалдуу өсүү темпи беш пайыздан ашышы керек.
"Биз сиздерден социалдык-экономикалык маселелерди жана алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө конкреттүү жыйынтыктарды күтөбүз. Чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин иши тийиштүү деңгээлде аткарылбаса, жылдын соңунда өлкө жетекчилиги тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынат", — деди Жапаров.
Анын айтымында, министрлик жана чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин алдына төмөнкү милдеттер коюлган:
өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү;
эки тараптуу инвестициялык фонддорду түзүү үчүн инвестицияларды, жеңилдетилген кредиттерди, кошумча финансылык ресурстарды тартуу;
республиканын экспорттук потенциалын эске алуу менен "экспорттук корзинаны" иштеп чыгуу;
2022-жылдын соңуна карай конкреттүү максаттуу көрсөткүчтөр менен экспортту илгерилетүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу;
Кыргызстан менен кызматташуусу жөнгө салынган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү, виза саясатын өркүндөтүү маселесин иштеп чыгуу;
туристтик визаларды алуу үчүн арыздарды кароо убактысын кеминде 36 саатка чейин кыскартуу.