Эндокринолог: йод жетишпесе түйүлдүктүн мээсине, нерв системасына терс таасир берет

© Фото / из личного архива Кайыргуль ЖоошбаевойЭндокринологиялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары, эндокринолог Кайыргүл Жоошбаева
Эндокринологиялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары, эндокринолог Кайыргүл Жоошбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жазылуу
Кыргызстан эндемиялык аймакка киргендиктен жер кыртышында йод жок. Ошол себептен калктын организминде йод жетишпегени байкалып, өлкөдө түйүндүк богок ооруларынын көбөйүшүн шарттоодо.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто Эндокринологиялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары, эндокринолог Кайыргүл Жоошбаева болду. Адис менен калкан сымал без кандай функцияларды аткарары жана анын ишинин үзгүлтүккө учуроо кооптуулугу тууралуу сүйлөштүк.
— Калкан сымал без деген эмне? Анын функциясы организмге канчалык маанилүү?
— Калкан бези (щитовидная железа) бизге керектүү гормондорду бөлүп чыгарып турат. Ал иштебей калса адам акырындап отуруп комага түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан буга маани берүү керек. Калкан бези адамдын мойнундагы көпөлөк сымал оң жана сол канатчадан турган эң чоң гормоналдык орган. Анын жалпы салмагы 15-20 милиграммды түзөт. Калкан бези йоддун жардамы аркылуу адамдарды керектүү гормондор менен камсыздайт. Алар организмдеги зат алмашууну, түйүлдүктүн мээсинин калыптануусун жөнгө салып, адамдын мээсинин, нерв системаларынын жана организмдин иштешин жөнгө салып турат. Бул үчүн йод жетиштүү болушу керек. Ал эми биздин өлкө тоолуу аймак болгондуктан климатыбызда йод жетишсиз. Ошол себептен да мындай илдеттер көп кездешет. Бул көйгөйгө олуттуу карап, көңүл бурушубуз керек.
— Кыргызстанда калкан сымал безге байланышкан кандай оорулар кезигип жатат? Деги эле абал кандай?
— Калкан бези — бул орган. Ал эми калкан безинин сезгенүүсү жана анын чоңоюшуна байланышкан ооруларды богок оорулары деп коёт. Богок оорусу десе эле эл мойну жоон, көзү чекчейип чанагынан чыгып кеткен, арык адамды элестетишет. Бирок дароо эле андай болбойт да. Аталган илдеттин түрлөрү көп. Эгер калкан безинин иштешинде кандайдыр бир өзгөрүүлөр жүрсө — ал оорунун башталышы. Калкан безинин ишин жөнгө салуучу мээдеги гипофиз аркылуу бөлүнүп чыгуучу ТТГ (тиреотроптук гормон) да маанилүү. Мында калкан безине йоддун жетишсиздигинен улам иш ыргагы бузулат да, богок оорусу пайда болот. Сейрек учурда бул дарт тукум кууйт. Түйүндүк богок ооруларынын залалдуу шишикке айлангандары жана жөн гана ыйлаакча болуп кеткен түрлөрү да бар. Адамда эндемиялык богок илдети да кездешет. Мында калкан безинин иштеши жакшы болгону менен йод жетишсиздигинен калкан безинин көлөмү чоңоё баштайт.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖоошбаева: калкан бези йоддун жардамы аркылуу адамдарды керектүү гормондор менен камсыздайт
Эндокринолог Кайыргуль Жоошбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жоошбаева: калкан бези йоддун жардамы аркылуу адамдарды керектүү гормондор менен камсыздайт
Богоктун дагы бир түрү - гипотиреоз. Калкан бези өз нормасынан аз көлөмдө гормон иштетип чыгарып калат же иштебей калат. Оорунун белгиси — адамды шишик басат. Кыймыл-аракети жайлап, уйкусурап, жай сүйлөп калат. Кээ бир учурда оору байкалбастан өнүгө берет. Ал эми гормонду көп чыгара баштаса, адамдын көзү чанагынан чыгып кетчүдөй болуп калат жана арыктап кетет. Гормондордун бөлүнүп чыккан өлчөмүнө жараша да богок бир нече түргө бөлүнөт.
Илдеттин пайда болушуна аутоиммундук жол да таасир этет. Мында калкан безинин клеткалары талкаланып, акырындап иштөөсү бузулат. Буга дары-дармектер да себеп болушу мүмкүн.
— Тиреотроптук гормон (ТТГ) тууралуу айтсаңыз. Бул гормон көп өлчөмдө чыга баштаса ал эмнеси менен кооптуу?
— Калкан безинин иштеши солгундап, ал тийиштүү деңгээлде гормон бөлүп чыгара албаса, организмде тиреотроптук гормон көбөйө баштайт. Бирок калкан безинин гормонун таблетка түрүндө иче баштаганда эле ТТГ нормалдашат.
Кош бойлуу аялда калкан безинин көйгөйлөрү бар болсо, ал түйүлдүккө сөзсүз таасир этет. Энеде калкан безинин гормондору аз чыгып, ал түйүлдүккө жетпесе баланын акыл-эси кем же органдары аномалдуу болуп төрөлүп калышы мүмкүн. Бойдон түшүп калуу кооптуулугу бар. Ошондой эле боюнда бар аялдын ТТГсы жогору болсо да сөзсүз балага зыяны тиет. Эгер балдарда, чоң кишилерде жана карыларда да ал көрсөткүч жогору болсо, жүрөк-кан тамыр ооруларына, зат алмашуунун жайлашына алып келет. Зат алмашуу начарлаганда кандын көрсөткүчү түшүп, адам анемияга чалдыгып, эске тутуусу начарлап, жай кыймылдап калат. Мындан улам шишип, заңы катып башташы мүмкүн. Жогорудагыдай жагдай жаралып калса сөзсүз түрдө эндокринологго көрүнүү керек.
Жоошбаева: йоддун жетишсиздиги адамды комага жеткириши мүмкүн
— Бул ооруларга кимдер чалдыгышы ыктымал?
— Гормондорду көп бөлүп чыгарган уулуу богокко тукумунда оору бар адамдар көп чалдыгат. Вирустук оорулардан кийин калкан бези сезгенип калат. Бул бездин өзүндө аутоиммундук жактан өзгөрүүлөр болсо да уулу богокко чалдыгышы мүмкүн. Ал эми жөнөкөй богок менен бардык эле адамдар ооруп калышы ыктымал. Калкан бези күнүнө 150-200 микрограмм йодду талап кылып турат. Ал тамак-ашта, сууда бар. Жетишсиздик жаралып калса калкан бези чоңоюп, богокко алып келет. Муну менен күрөшүү үчүн йоддолгон туз жана байытылган унду колдонобуз. Анткени туз арзан болгондуктан аны йоддоштурганбыз. Көп нерсе сактанып жүрүүгө да байланыштуу.
— 2010-жылы дарыгерлер эл аралап йоддолгон туз колдонууга үгүттөп, калктын акыбалын текшерүүгө алышты эле. Йоддолгон тузду жөнөкөй туздан кантип айырмалоого болот?
— Мүшөктөгү таразага тартылган туз йоддолгон эмес. Кичинекей пакеттеги йод кошулган туздарды алыш керек. Дайыма оозу жабык идиште кармап, сатып алып жатканда жарактуулук мөөнөтүн карай жүрүңүз. Кургак жерде, көлөкөдө сактап, тузду тамак бышарга аз калганда гана сээп коюу зарыл. Аны да нормадан ашык колдонгонго болбойт. Биздин жер кыртышында, сууларда йод аз болгондуктан малдын этинде деле жетишсиз. Кээ бир бейтаптар "жаңгакты аракка чылап ошону ичип жатам, йод көп экен" деп келишет. Бул туура эмес. Бизде өскөн азыктарда йод аз. Негизинен деңиз азыктарын жегенге аракет кылуу керек. Эгер муну алууга каражат жетишпесе, йоддолгон тузду эле керектүү санда колдонуп койгон туура.
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Кан басымы жогорулар канча дарыланса да тузду азайтпаса майнап чыкпайт. Маек
— Иммунитетти көтөрүү үчүн кошумча витаминдерди ичишет. Ошол эле боюнда бар аялдарга йод жетишпестигинин зыяндуулугун айттыңыз. Калкан безинин ооруларына кабылып калбоо үчүн кандай коргонуу керек, бул жаатта дагы кандай сунуштарыңыз бар?
— Кээ бир богок ооруларында калкан бези гормондорду көп бөлүп чыгарат. Мындай бейтапка йод кошулган дары берүүгө болбойт. Йод берсе ал кишиде андан да көп гормондор иштелип чыга баштайт. Мындан зат алмашуу күчөп, адам тердейт, арыктайт, жүрөгү тез-тез согот, дайыма ысый берет. Тамак жегиси келип суусайт, жаман түштөрдү көрөт, денесин майда калтырак басат. Ошондой белгилер пайда болсо сөзсүз дарыгерге барыш керек. Антпесе олуттуу илдеттерге алып барышы ыктымал. Бул нерв, жүрөк ооруларында да болушу мүмкүн. Ошондуктан илдеттин себебин аныктап алып анан дарылануу өтө маанилүү. Эгерде улгайып калган адамдардын калкан безинде түйүндүк шишиктер (узловой зоб) болсо аларга дары-дармек түрүндө йод колдонууга болбойт. Анткени ал калкан безинин ишин бузуп коёт. Балалуу болууга даярданып жаткан аял эндокринологго сөзсүз көрүнүшү шарт. Эгер калкан бези жакшы иштеп жатса анда күнүмдүк йодду нормадан калтырбай төрөгүчө жана баланы эмизип жатканда да ичиши керек.
© Фото / из личного архива Кайыргуль ЖоошбаевойЖоошбаева: биздин өлкө тоолуу аймак болгондуктан климатыбызда йод жетишсиз
Эндокринолог Кайыргуль Жоошбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жоошбаева: биздин өлкө тоолуу аймак болгондуктан климатыбызда йод жетишсиз
— Стресс, депрессиянын кандайдыр бир таасири болобу?
— Ооба, таасири бар. Тукумунда богок илдети болсо, стресстен кийин да калкан бези сезгенип калышы мүмкүн. Стресс ооруну козгойт.
— Кандай жол менен дарыланса болот?
— Ар бир богоктун түрүнүн дарылоо ыкмалары бар. Эгер калкан безинен гормон көп бөлүнүп чыкса таблетка берилет же радиойодотерапия менен дарыланат. Ал эми түйүндүү богокто залалдуу эмес шишик болсо, ал тамакты кысып кыйнабаса жүрө берет. Ал эми залалдуу түйүн (узел) болсо биопсия менен карап, онкологдор дарылайт. Калкан бези гормонду аз бөлүп чыкса, анда ал кишиге өмүр бою гормон ичүүгө туура келет. Мойнуңуз ооруп, ал тамакка, тишине, кулактарына берсе да дарыгерге барыңыз. Күнүмдүк тузду туура тандап, өлчөмү менен колдонуңуз.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун улук илимий кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, невролог Уулболсун Нурбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Баланын гиперактивдүүлүгүн түйүлдүк кезинде алдын алууга болот. Неврологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0