Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Евразия экономикалык форуму
Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө. Ага 15 өлкөдөн 2,5 миңге чукул киши келди. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтүп, өнөр жай, электрондук соода, энергетика, транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча 6 панелдик талкуу болот. Форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Кыргыз-казак чек арасында соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЖүк түшүрүү учурунда жүк ташуучу унаа. Архив
Жүк түшүрүү учурунда жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Жазылуу
Индустриялык соода-логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемишти кайра иштетүү пландалууда.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" жана "Кара-Суу" өткөрмө пунктуларынын аймагында биргелешкен кыргыз-казак индустриялык соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай иш-чара Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында болгон.

"Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин кеңейтилген курамдагы жолугушуусунда жыйындын катышуучуларына аталган комплекстин курулушуна капсула салуу аземинен видеотасма көрсөтүлдү. Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьери, соода жана интеграция министри Бахыт Султанов катышкан. Алар мамлекет башчыларына комплекстин курулушу тууралуу отчет беришти", — деп айтылат маалыматта.

Индустриялык соода-логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемишти кайра иштетүү, консерваланган төө буурчак чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошулмаларды жасоо, фармацевтикалык препараттарды, кийим-кече жана башка товарларды чыгаруу пландалып жатканы кошумчаланды.
Рабочая поездка Садыра Жапарова в Иссык-Кульскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2022
Караколдо жаңы аэровокзал курула баштады. Эскиз
Жаңылыктар түрмөгү
0