Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сатыбеков: 1-июнда геологдор арасындагы "Жаш илимпоз" сынагы башталат

© Sputnik / Асель СыдыковаКРдин ардактуу геологу, Геологияны өнүктүрүү фондунун негиздөөчүсү Мелис Сатыбеков
КРдин ардактуу геологу, Геологияны өнүктүрүү фондунун негиздөөчүсү Мелис Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Жазылуу
КРдин ардактуу геологу, Геологияны өнүктүрүү фондунун негиздөөчүсү Мелис Сатыбеков аталган фонд "Жаш илимпоз" сыйлыгына республикалык сынак жарыялаганын айтты.
Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жаткан сынактын максаты геология илимин жана кен байлыктарды геологиялык изилдөөнүн инновациялык технологияларын өнүктүрүү, жаш изилдөөчүлөрдүн кесиптик деңгээли менен кадыр-баркын жогорулатуу болуп саналат. Сынакка геология илиминин бардык өкүлдөрү катыша алат. Катышууну каалагандардын эмгектерин кабыл алуу 1-июнда башталып, жыйынтыгы ноябрь айында чыгарылат. Бул тууралуу Мелис Сатыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сатыбеков: 1-июнда геологдор арасындагы "Жаш илимпоз" сынагы башталат
Анын айтымында, "Жаш илимпоз" сынагынын байге фондунун жалпы суммасы 200 миң сом.
"Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери илим менен өндүрүш бири-биринен алыстап кетти. Азыркы геология жаатындагы жумуштар мурдагы илимпоздордун жасаган иштеринин негизинде жүрөт. Бүгүнкү күндө КР Илимдер академиясынын Муса Адышев атындагы Геология институтундагы адистер, геология илимдеринин кандидаттарынын акыркы 30 жылдын ичинде эмне иш кылып жаткандары, кандай эмгектери бар экендиги боюнча маалымат жок. Ошондуктан "Жаш илимпоз" сыйлыгына республикалык сынак жарыялап, алардын жаңы илимий иштерин ортого чыгарып, эмгектерин өндүрүштө колдонуп жана алардын идеясын ишке ашырууну көздөдүк. Фонд муну финансылык колдоого алууга даяр. Сынакка 40 жашка чейинки геология илиминин жана практикасынын өкүлдөрү чакырылат. Конкурска катыша турган изилдөө актуалдуу жана илимий жаңычылдыкка, изилдөө натыйжаларын практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл. Мындай сынактар Россия жергесинде абдан көп уюштурулат. Алардын геология жаатындагы илимпоздорунун атынан ачылган фонддору бар. Илимий иштерди конкурстук комиссиянын мүчөлөрү Розалия Женчураева, Николай Пак өңдүү геология тармагынын ардагерлери, академиктер карайт", — деди Сатыбеков.
Ал жаштар арасында геология кесибин жайылтуу максатында апрель айында "Менин кесибим геолог" темасында дилбаян жазуу боюнча биринчи республикалык сынак уюштурулганын, анын жыйынтыгы 1-июнда чыгарыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0