Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: Украинадагы атайын операцияны чагылдырууда тарыхты кароо керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясий жана коомдук ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт Токон Мамытов
Саясий жана коомдук ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Жазылуу
Саясий жана коомдук ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт Токон Мамытов Украинадагы кырдаалды түшүнүп, аны токтотуу үчүн тарыхка кайрылып изилдөө керектигин айтты.
Мамытов: Украинадагы атайын операцияны чагылдырууда тарыхты кароо керек
Учурда Украинадагы кырдаал боюнча  түрдүү варианттагы окуялар, жаңылыктар жазылып жатат. Кайсынысы туура, кайсынысына ишениш керек экенин билбей калдык. Себеби Россия, Украина же Батыш болобу, экономикалык, саясий, билим, маданий алакасын изилдеп, окуянын себеби мына ушунда деп алып чыккан эч ким жок. Балким окуянын чоо-жайы өздөрүнө белгилүүдүр, бирок бизге жетпей жаткандыр. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттер аралык маселелерди өз учурунда ийри отуруп, түз чечпесе 50-100 жыл өтсө дагы башамалан абал өкүм сүрө бериши ыктымал.
"Батыш өлкөлөрү, ошондой эле мурдагы Советтер Союзуна кирген, азыркы көз карандысыз республикалар Украинадагы азыркы кырдаал эмнеден улам качан башталып, эмне себептен ушундай абалга жетип калганына түп-тамырынан көңүл бөлгөн жок. Менимче, бул СССР ураган соң 1990-жылдары эле (Беловежа чер токоюнун документине кол коюу) курч абал калыптана баштаган. 30 жылдан соң эки жакын, тектеш славян элинин ортосунда карама-каршылыкты жаратты. Экинчиден, ички жана сырткы да себептер бар. Бардык нерсени социалдык-экономикалык маселеге шылтап койгон туура эмес. Аны менен бирге саясий-идеологиялык, эл аралык, этникалык, административдик, психологиялык, илим-билим, маданий өңдүү комплекстүү себептер бар. Бүгүнкү күндө серепчи, окумуштуу, журналисттер ушул жагдайларды эске албастан, жаңылык алмашканда эле "сен кайсы тараптасың?" деген суроого жооп издеп калышты. Жалгыз гана славян элинде эле эмес, түрк, араб, перс, батыш, англосакстардын арасында дагы көп көзгө көрүнө бербеген, окумуштуулар айтмакчы, латенттүү мүнөзгө ээ болгон процесстер бар. Мындай абалды илим адамдары өз учурунда талдап, анализдеп, элге, бийликке жеткирип турушу керек. Ошондой эле мамлекеттер аралык маселелерди өз учурунда ийри отуруп, түз чечпесе 50-100 жыл өтсө дагы башамалан абал жаралып калышы ыктымал", — деди Мамытов.
Ал Украинадагы атайын операцияны токтотуу үчүн Кытай лидерине кайрылып, анын модераторлугунун алдында Батыш, Чыгыш мамлекеттеринин башчылары чогулуп, ири конференция өткөрүү убактысы келгенин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0