00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Гипотония: что делать при низком давлении? Советы невролога
14:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кайындарынын кордугунан дартка кабылган сиңдимди ажыраштырсамбы? Эженин даты

© Sputnik / Табылды КадырбековЫйлап жаткан келин. Иллюстративдик сүрөт
Ыйлап жаткан келин. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кайындарынын басмырлоосунан, кордугунан улам сиңдиси айыккыс дартка чалдыкканын айткан айым кат жазган.
Саламатсыздарбы! Биз сиңдим экөөбүз ата-энебиз эрте каза болуп калып, жакын туугандарыбыздын колунда чоңойдук. Кийин шаарга келип биринчи мен, андан кийин сиңдим турмушка чыкты. Ал окуган жок. Жашоо-турмушу жакшы жерге барганына башында абдан кубандым. Кайындарынын эки кабаттуу үйү бар, жолдошу, кайындары да жакшы жумушта иштейт. Эми сиңдим бактылуу жашайт деп ойлогом. Бой жеткиче ар кимдин кийимин кийип өскөндүктөн өз үйү бар, бай адамдар бактылуу болсо керек деп ойлочумун. Анын үстүнө баары окуган-чокуган билимдүү адамдар болгонуна ишендим эле. Бирок кеп билимде деле эмес экен. Кайындары сиңдиме көрсөтпөгөндү көрсөтүштү. "Жетим кызсың, кимиң бар эле" деп ачык эле айтып, кудагый далай ыйлатты. Күйөөсү да апасынын сөзүнөн чыкпайт. "Апама эмнеге ушундай мамиле кыласың, минтпей коюпсуң" деп да энесинин тилине кирип кол көтөргөн учуру болду. Сиңдим бир уул төрөп берген. Андан кийин эки жолу боюнан түшүп калды. Ошентип ыйлап-сыктап жүрүп, акыры оорукчан болуп отурат. Мен жакшы сөздөрүмдү айтып, моралдык жактан колдоо көрсөткөнүм менен колумдан деле эч нерсе келген жок. Эми баары жакшы болот, убакыттын өтүшү менен баарын жеңет деп эле ишенип келгем. Бирок сиңдим байкуш акыры көп капаланып жатып айыккыс дартка кабылып калды. Азыр химия алып ооруканада. Мында да жакшы карабай жатышат. Кайненесинин жүрөгү ташпы, билбей койдум. Ата-энебиз болсо сиңдим мынчалык кор болбойт беле. Баласына да боорум ооруйт. Сиңдим азыр 26 жашта. Анын азыркы абалы жанымды кейитип турат. Аябай чүнчүп кетти.
Эркек менен аялдын ортосундагы мамиле. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Аялымдын муздак мамилесинен тажадым. Көңүлү бузулган күйөөнүн каты
Ушуну менен ажыраштырып алсамбы деп ойлоп жатам. Кайра ажырашкандан кийин депрессия болуп, ал оорусун күчөтөбү деп кайра коркуп да жатам. Кандай кылсак болот? Өзүнүн маанайы жок. Эч нерсеге көңүлү чаппайт. Ооруканадан чыгып барса баягы эле ызы-чууга туш болот да. Ушуну ойлоп санаам санга бөлүндү.

Психолог Урмат Курманов:

— Ооба, сиз бир тууган катары четте карап тура албай, сиңдиңизге абдан жардам бергиңиз келип жатат. Бул жагы түшүнүктүү. Бирок ар бир адам чечимди өзү кабыл алышы керек. Эгер сиңдиңиздин тандоосу ошол болуп жатса, ал жашоонун ушул нугунда жашайт. Психологияда курмандык жана өз жашоосунун кожоюну деген эки түшүнүк бар. Учурда сиздин бир тууганыңыз турмушунда курмандык болууга өтүп алыптыр.
Катыңызда анын жашоосу үчүн сиз чечим чыгарып жаткандай жазыптырсыз. Ал баарын өзү ойлонуп, таразалап, анан туура жыйынтык чыгарышы керек. Анткени кийин ага жакпагандай бир нерсе болуп кетсе, ал үчүн кайра сиз күнөөлүү болуп каласыз. Ошол себептен өз тандоосуна коюңуз. Болгону түрткү гана бере аласыз. Сиңдиңиз жакшы, тажрыйбалуу психологго барып көрүнүшү керек. Ошондо жеке инсандык өсүү болуп, балким, жашоого көз карашы өзгөрөр. Анан туура жыйынтык болот.
Кош бойлуу аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Кайындарым курсактагы балаңды абысыныңа бер деп жатышат. Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0