Сүйгөнүм Күкөй!.. Полктун комиссары Рысмендиевдин фронттон жазган каты
© Sputnik / Mark Markov-Grinberg / Медиабанкка өтүүСоветтик жоокерлер почтаны талдоо учурунда. Архив
© Sputnik / Mark Markov-Grinberg
/ Жазылуу
Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз жоокерлеринин фронттон жазган каттарын архивден таап, аларды жарыялоону улантат.
Бул жолу полктун комиссары Асанкул Рысмендиевдин аялына жазган катынын текстин окурмандарга сунуштайбыз.
Рысмендиев согуш башталганга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин катчысы болгон. Оор учурда мамлекеттик кызматтагылар Кызыл армиянын катарына атайын чакыртылган. Себеби андай уюштуруучулук жөндөмү бар адамдар кан майданда керек болчу. Ал атчандар полкунун комиссары катары кызмат өтөп, фронтто жүрүп канынан жаралган баласын көрбөй өтүп кеткен.
© Фото / Центральный государственный архивПисьмо комиссара полка Асанкула Рысмендиева с фронта Великой Отечественной войны
1/8
© Фото / Центральный государственный архив
Письмо комиссара полка Асанкула Рысмендиева с фронта Великой Отечественной войны

2/8

3/8

4/8

5/8

6/8

7/8

8/8

Каттын орфографиясы сакталды.
Сүйгөнүм Күкөй!
(Мурунтан эле орусчалыш элем. Ого бетер орусташып кыргызчаны унутуп бара жатамын. Айтор, уруш бүтүп барганча кыргыз тилин унутамын го деймин. Сөз тизиминде көп кемчилик болууга мүмкүн. Орусча жазайын деп сизден коркуп колум барганы жок. Ошондуктан эскертип кылган тил каталыгым айып этбессиз.)
+Мен Алмаз экөөңөрдүн 5-6/IX салган катыңарды 19/ IX алып, ошол күнү эле кечинде сап шилбей коюп жибердим эле. Бүгүн биз өз убагында атайын (Окулбайт) бир-эки ооз сөз жазайын деп отурупмун.
1.Күкөй! Сенин жазган каттарыңдагы анча-мынча кемчилик тууралуу жазсам керек эле. Ошогон кошумча мына буларды айткым келет:
а) Сен экөөбүз бардык оорчулукту мойнубузга алып сүйүшүп, өмүрлүк жолдоштукка кол кармашып, белгисиз убакытка убактылуу анда-мында болуп отурабыз. Бул экөөбүз үчүн артыкча, сен үчүн оор. Анткени сен жашыңдан эле турмуш көрүп, эл-журт менен таанышып келе жаткан кезиң болучу. Ал эми мен болсом жаш болсом дагы анча-мынча кагылып калгандыгым аркасында бел байлаймын.
=Ушул күндөгү экөөбүздүн убактылуу бирибизди бирибиз сагынган акыбалга келип турушубуз сен үчүн өтө чоң сын болуп эсептелет. Эгер сен менин суугума тоңуп, ысыгыма күйө турган, мен тууралуу болгон барлык кыйынчылыкты көтөргөн жарым болсоң бул сынды көтөрөсүң.
=Ты должна помнить, что для нас интересы народа, интересы нашей великой родины, интересы партии Ленина – Сталина. Все мы с тобой хотим жить. Наша жизнь дорога, но если надо отдать его для моего народа, для моей партии – которая нас с тобой воспитывала, сделала человеком, не только человеком, но и государственными деятелями. (окулбайт)
=Мына ошондуктан, кашайып мен саган дайыма кат жазганда оокат тууралуу аз жазамын. Анткени, сен иштеген күндө дагы бир жыл оокатың жетет. Экинчиден, сен дени сак болсоң турмуштан кысылбай Алмасты мен барганча өстүрүп, мен саган мына бул ишим менен жардам кылдым деп айтат деп ишенгендигимден болгон иш.
=Сен элден кеп угуп, сени көрөмбү дагын деп жазыпсың. Мен муну айтар элем, урушка барган кишинин барлыгы эле өлүп калбайт. Убактысы келсе үйдөн деле өлөт, кеп анда эмес. По этому ты пиши: "Так бей врага по крепче, быть героем я решила, нежиль быть женой труса, быть вдовой героя", это будет здоровое рассуждение.
Балалык кепти айтышың маган жардам кылат жаным Күкөй! Мына ушул Күкөй.
Мурунку колго кошоюн дегеним, кээ бир жерине кыргызча келтире албай, орусчалатып жибердим, айып этпеңиз. Эки ооз сенин (окулбайт) турмушуң жөнүндө:
Курбум Күкөй!!!
Сенин жазган катыңды бүгүн алдым. Турмуштун кызыгына тойбой кээ бир убакта түн неге мынча кыска деген кыялды көзүмө элестеттим.
Бирок, экөөбүздүн сүйүшүбүз биздин замандын бекем болушуна байланышкандыктан, жеке гана сен экөөбүз эмес, бүтүн совет элинин жыргалдуу турмушу чечилип жаткан майданда туруп, өз керт башыңдын кызыгын ойлогуң келбей дагы кетет.
Биздин жеке башыбыздын (окулбайт) элдикине баш иерин билип турсаң дагы "Жаш жүрөк булкуп Күкүмдү эстетет".
Күкөй, сен турмушка чыга бере турган акыбалдасың. Сагынып менин бир далай убакытка сенин жаныңда болбогонум жакшы деп ойлоймун. Анткени мен бир жыл жок болсом биз далай жылга турмушту үйрөнүп, балалык кыялдан ажырооңо тез жол чабат.
Сен кыргыз элинин астында мактанууң керек. Сенин жарымың – жан жолдошуң улуу күрөштү башка элдердей сезип кана турбастан өз күчү менен катышып аткандыгы сен үчүн мактаныч болуу керек. Мына ошондуктан менин бул жакта улуу күрөштө жүрүшүм саган эч кандай капа келтирүү керек эмес.
Өзүм жөнүндө бир-эки ооз сөз:
Мен азыр саган эч нерсе айта албаймын. Бирок, бир жылсыз (окулбайт) көз жетип турат. Саламаттык жакшы эмес. Анча-мынча (окулбайт) калса аны жеңүү керек.
Менин сага айтарым:
1.
Күндөлүк турмушка (окулбайт) берип кандай турууң керек экенин өзүң так бере жатарсың.2.
Бул катты алганча балким төрөт үйүндө болуп каларсың. Төрөт убагында, андан кийинки убактарда балага абдан көз салгын.3.
Мен канча убакыт бул жакта калсам дагы айылга келемин деп ойлобогун.4.
Мурунку катка дагы жаздым эле, дагы эскертейин, үй ичине сак болгун. Байкап жатсаң керек, элдин көп (окулбайт) жакка.5.
Өзүңдү жакшылап күт. Түнүчүндө жүргөндө тапанчаны дайыма алып жүргүн, тапанча бар экендигин эч кимге көрсөтпөгүн.6.
Баякы кемпирди кетирбе.7.
Кышка даярдыкты эмитен көрүп алгын.8.
Акча кужат жагыңды абдан эсептегин, кыйналып калып жүрбө, ырксыз жоготуп коюп. Ун ж.б. айылдан кемпирден алсаң деле болот да.21/IX 41.
Кошумчалай кетсек, бул катты жазгандан бир нече ай өткөндөн кийин Рысмендиев 1942-жылы 8-февралда Россиянын Смоленск облусунун Пастиха кыштагында эрдик көрсөтүп курман болгон. 31 жаштагы аскер кызматкери өз уулун көрбөй көз жумган.
Катта сөз болуп жаткан Алмаз аттуу баласы кийин Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч чакырылышынын депутаты болуп шайланып, өнөр жай тармагында узак жыл иштеп өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп, өткөн жылы 80 жаш курагында көз жумган.
Тема боюнча: