https://sputnik.kg/20220502/temirkul-umotaliev-aaly-tokombaev-frotton-kat-1064109815.html
Ар күнү миңдеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Фронттон кат
Ар күнү миңдеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Фронттон кат
Sputnik Кыргызстан
Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы 9-майда белгиленет. Бул майрамга карата Sputnik Кыргызстан агенттиги майдандан жазылган каттарды окурмандарга сунуштайт. 02.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-02T20:11+0600
2022-05-02T20:11+0600
2022-05-11T15:07+0600
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
фронт
кат
https://sputnik.kg/img/07e6/05/02/1064109783_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_2ed477d6f4266084937d7fdcac1737e3.jpg
Бул ирет акын Темиркул Үмөталиевдин жазуучу Аалы Токомбаевге жолдогон катын сунуштайбыз. Кат 1944-жылы Фрунзе шаарына жөнөтүлгөн. Аны биз Борбордук мамлекеттик архивден таап чыктык. Аны фронттогу жоокер кагазга эмес кичинекей картонго жазып, ичиндеги болгон күйүтүн батырганга аракет кылган.Каттын орфографиясы ошол боюнча сакталды.Кагылайын Аалыке! Жоомартты укканыма 5 күн болду. Көзүм караят, жүрөгүм ысыйт. Ыйлай берип көзүмүн жашы түгөндү. Кызыл армиянын даңктуу жеңиштеринин күнү. Ар күнү миңдеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Эл кубанып жүрөт. Мен болсом нес кишиче кубанууну да, же ыйлоону да билбей басып жүрөм.Акыркы чоң жеңишти баарыбыз чогу көрсөк жакшы болот эле. Ойлогондой болбойт экен да. Колдон келер эч арга жок. Жоомарттын эмнеден каза тапканын эч ким жазбайт, Аалыке. Эмне болду? Саламат болуңуз. Темиркул.Эске сала кетсек, Жоомарт Бөкөнбаев согуштан келип 1944-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында жол кырсыгынан каза болгон. Акын 34 жашта эле болгон. Ал жылдары Аалы Токомбаев Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын төрагасы, "Советтик Кыргызстан" журналынын башкы редактору болгондуктан фронттогу көптөгөн акын, жазуучулар өз каттарын ага жолдоп турушкан.
https://sputnik.kg/20220501/uluu-zhenish-fronttogu-sogush-kazakbaevdin-katy-1064088167.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/02/1064109783_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_52f43315ae4bca94fe5c0708394ecf15.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, фронт, кат
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, фронт, кат
Ар күнү миңдеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Фронттон кат
20:11 02.05.2022 (Жаңыртылды: 15:07 11.05.2022) Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы 9-майда белгиленет. Бул майрамга карата Sputnik Кыргызстан агенттиги майдандан жазылган каттарды окурмандарга сунуштайт.
Бул ирет акын Темиркул Үмөталиевдин жазуучу Аалы Токомбаевге жолдогон катын сунуштайбыз. Кат 1944-жылы Фрунзе шаарына жөнөтүлгөн. Аны биз Борбордук мамлекеттик архивден таап чыктык. Аны фронттогу жоокер кагазга эмес кичинекей картонго жазып, ичиндеги болгон күйүтүн батырганга аракет кылган.
Каттын орфографиясы ошол боюнча сакталды.
Кагылайын Аалыке! Жоомартты укканыма 5 күн болду. Көзүм караят, жүрөгүм ысыйт. Ыйлай берип көзүмүн жашы түгөндү. Кызыл армиянын даңктуу жеңиштеринин күнү. Ар күнү миңдеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Эл кубанып жүрөт. Мен болсом нес кишиче кубанууну да, же ыйлоону да билбей басып жүрөм.
Акыркы чоң жеңишти баарыбыз чогу көрсөк жакшы болот эле. Ойлогондой болбойт экен да. Колдон келер эч арга жок. Жоомарттын эмнеден каза тапканын эч ким жазбайт, Аалыке. Эмне болду? Саламат болуңуз. Темиркул.
Эске сала кетсек, Жоомарт Бөкөнбаев согуштан келип 1944-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында жол кырсыгынан каза болгон. Акын
34 жашта эле болгон.
Ал жылдары
Аалы Токомбаев Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын төрагасы, "Советтик Кыргызстан" журналынын башкы редактору болгондуктан фронттогу көптөгөн акын, жазуучулар өз каттарын ага жолдоп турушкан.