Күндүн көзү бузулат! Дем алышка карата аба ырайы

© AFP / NICOLAS ASFOURIЖаан учурда кол чатыр менен аял. Архив
Жаан учурда кол чатыр менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Жазылуу
Апта этегинде да күн бүркөк болуп, жамгыр жаашы ыктымал. Тоолуу жерлерге кар түшүүсү мүмкүн.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын акыркы эки күнүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн күркүрөп, жамгыр жаашы ыктымал. Бишкекте да жаан-чачын күтүлөт.

Чүй, Талас облустары

14-майда эки облустун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 15-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы Чүйдө 22...24 градус болсо, Таласта 20...22 градусту көрсөтөрү айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүк аймактарда да апта аягы жаанчыл болот. 14-майда кээ бир жерлерге жаан катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу аймактарга кар түшүүсү божомолдонду. Абанын температурасы 23...25 градустун тегерегинде болот.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы күндүз 14...19 градус, Нарында 17...19 градус болору божомолдонду.
Бишкектеги мартта жааган кар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Адис тез өзгөргөн аба ырайы адамга кандай таасир этерин айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0