00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Толук эс алуу үчүн кишиге канча күн талап кылынат? Психологдун пикири

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКызгалдак талаадагы кыз. Архив
Кызгалдак талаадагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Адис дем алыш учурунда адам өзүнүн ишине таптакыр окшобогон нерселер менен алектениши керектигин айтат.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Психология илимдеринин кандидаты Светлана Колосова Sputnik радиосуна берген маегинде адамга эс алуу үчүн канча күн талап кылынарын айтты.
Адистин пикиринде, иштен мээни сергитүү үчүн үч күндөн жети күнгө чейин талап кылынат. Ал эми толугу менен эс алуу үчүн үч аптадай убакыт керек.
"Жумушта биз психологиялык жактан дагы чарчап-чаалыгабыз. Анткени адамдын мээси аркылуу көп маалымат өтүп, организмди кадимкидей алсыратат", — деди психолог.
Ошондой эле ал дем алыш учурунда адам өзүнүн ишине таптакыр окшобогон нерселер менен алектениши керектигин айтат. Бул жөн эле жатканга салыштырмалуу тезирээк калыпка келүүгө жардам берет.
"Мисалы, көл жээгинде жөн гана сууну карап жаткан адам калыбына келиш үчүн үч аптадай убакыт керек. Ал эми ошол учурда сүрөт тартып же ар кандай оюндарды ойносоңуз, энергия топтоого эки апта жетиштүү болот", — деди Колосова.
Буга чейин адис талаа жумуштарын жасагандан кийин чарчоону жана дененин ооруксунушун кантип жазуу керектигин айтып берген.
Футбол ойногон бала. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Баланы тажатпаган спорт ийримин кантип тандоо керек? Машыктыруучунун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0