Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бөтөнөев: Улуу Ата Мекендик согушту изилдөөдө артта калдык

© Sputnik / Табылды КадырбековОш мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Бөтөнөев
Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Бөтөнөев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Жазылуу
Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Бөтөнөев Улуу Ата Мекендик согуш темасы жеткиликтүү иликтенбей жатканын айтты.
Өкмөт тарыхчыларга тапшырма берип, Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу 10 томдук чыгарсак болмок. Буга көп деле каражаттын кереги жок. Мындай пикирин Жолдошбек Бөтөнөев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Бөтөнөев: Улуу Ата Мекендик согушту изилдөөдө артта калдык
Анын айтымында, Өзбекстан, Казакстан экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу илимий эмгектерди жаратууда Кыргызстандан бир топ алдыга озуп кеткен.

"Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу биз, тарыхчылар, бир дагы китеп чыгара элекпиз. Ар ким өзүнүн айылынын, районунун деңгээлинде изилдеген же социалдык тармактардын алкагында жүргүзүп жаткан иштеринен башка колго аларлык эч нерсебиз жок. Бул багытта Советтер Союзуна кирген алыскы мамлекеттерди мындай кой, кошуна Казакстан, Өзбекстан ат чабым алдыга озуп кетти. Алар бир эмес, 10 томдуктарын чыгарып коюшту. Биздин да өкмөт тарыхчыларга тапшырма берип, илимпоздордун тобу айылдарды кыдырып, башкасы архив менен иштеп, тарыхыбыздын ушул бүркөмүн ардагер ата-энелердин көзү тирүү кезинде жазып калсак болмок. Буга көп деле каражат талап кылынбайт, тапшырма берүү жана уюштуруу иштери гана керек болуп турат. Өкмөт колго албаса тарыхчылар арасында деле башка тармактардагыдай илим изилдегенге эмес, аткаминер болгонго аракет көргөндөр көп", — деди Бөтөнөев.

Тарыхчы азыркы муун маселени колго алууда убакыттан уттуруп, келечек муундун алдында калыбына келтирилгис ката кетирип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0