БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бүгүн, 4-майда, Садыр Жапаров баштаган президенттин администрациясынын командасы футбол боюнча “Мурас” достук мелдешине катышууда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Иш-чара Кыргызстандын футбол бирлигинин жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулду.Мамлекет башчысы мелдешти ачып жатып өткөн жылы Кыргызстанда кыргыз футболунун 100 жылдыгы белгиленип, футбол боюнча достук турнири өткөнүн жана андан соң мындай иш-чараларды жылына эки жолу үзгүлтүксүз өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды.Спорттук иш-чарага 12 команда катышууда. Алар: Президенттин администрациясы, Жогорку Кеңештин аппараты, ата мекендик футболдун ардагерлери, дин жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, медицина кызматкерлери, мугалимдер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана спорт федерацияларынын, бизнес-коомчулук жана маданият ишмерлеринин өкүлдөрү.Садыр Жапаров мелдештин катышуучуларын жеңиш үчүн күч-аракетин жумшоого чакырды.Эске салсак, мелдеш эки күн болот. Бугүн тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш өтөт.Оюндарды Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана "КТРК Спорт" телеканалы (4-майда саат 10.00дө, 5-майда саат 12.00дө ) түз алып көрсөтөт.
Мамлекет башчы мелдештин катышуучуларын жеңиш үчүн күч-аракетин жумшоого чакырды.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бүгүн, 4-майда, Садыр Жапаров баштаган президенттин администрациясынын командасы футбол боюнча “Мурас” достук мелдешине катышууда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы мелдешти ачып жатып, өткөн жылы Кыргызстанда кыргыз футболунун 100 жылдыгы белгиленип, футбол боюнча достук турнири өткөнүн жана андан соң мындай иш-чараларды жылына эки жолу үзгүлтүксүз өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды
Мамлекет башчысы мелдешти ачып жатып, өткөн жылы Кыргызстанда кыргыз футболунун 100 жылдыгы белгиленип, футбол боюнча достук турнири өткөнүн жана андан соң мындай иш-чараларды жылына эки жолу үзгүлтүксүз өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды
Мамлекет башчысы мелдешти ачып жатып, өткөн жылы Кыргызстанда кыргыз футболунун 100 жылдыгы белгиленип, футбол боюнча достук турнири өткөнүн жана андан соң мындай иш-чараларды жылына эки жолу үзгүлтүксүз өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды
Оюндарды Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана "КТРК Спорт" телеканалы (4-майда саат 10.00дө, 5-майда саат 12.00дө )түз алып көрсөтөт.
Иш-чара Кыргызстандын футбол бирлигинин жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулду.
Мамлекет башчысы мелдешти ачып жатып өткөн жылы Кыргызстанда кыргыз футболунун 100 жылдыгы белгиленип, футбол боюнча достук турнири өткөнүн жана андан соң мындай иш-чараларды жылына эки жолу үзгүлтүксүз өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды.
“Спорт — ден соолуктун булагы, тынчтыктын элчиси. Бүгүн мелдешке башка мамлекеттердин элчилери катышууда. Бул биздин биримдигибизден, ынтымагыбыздан кабар берет”, — деди Жапаров.
Спорттук иш-чарага 12 команда катышууда. Алар: Президенттин администрациясы, Жогорку Кеңештин аппараты, ата мекендик футболдун ардагерлери, дин жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, медицина кызматкерлери, мугалимдер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана спорт федерацияларынын, бизнес-коомчулук жана маданият ишмерлеринин өкүлдөрү.
Садыр Жапаров мелдештин катышуучуларын жеңиш үчүн күч-аракетин жумшоого чакырды.
Эске салсак, мелдеш эки күн болот. Бугүн тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш өтөт.
Оюндарды Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана "КТРК Спорт" телеканалы (4-майда саат 10.00дө, 5-майда саат 12.00дө ) түз алып көрсөтөт.