Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Израилов: театрда эксперименталдык спектаклдер коюлушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Өмүрбек Израилов
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Өмүрбек Израилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Жазылуу
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Өмүрбек Израилов театрда заман талабына дал келген жаңы көз караштагы спектаклдер коюлушу керектигин айтты.
Жаш актёрлор эксперименталдык спектаклдерди коюп, чеберчилигин арттырса болот. Бул тууралуу Өмүрбек Израилов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Израилов: театрда эксперименталдык спектаклдер коюулушу керек
Анын айтымында, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды жаштардын көз карашына тууралап, сахналаштыруу үмүтү бар.

"Театрда заман талабына дал келген жаңы көз караштагы спектаклдер коюлса деген тилегибиз бар. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жаш актёрлору жетекчиликке кайрылып, эксперименттерди жасап, жаштардын талабына шайкеш келген спектаклдерди чыгаралы дегенбиз. Дүйнөлүк классикалык чыгармаларды жаштардын көз карашына тууралап, сахналаштырса болот деп ойлойм. Мисалы, өзбектердин "Ильхом" театрынан Брехттин пьесасынын мотивинде "Өлөрман эне жана анын балдары" спектаклин көрдүм. Азыркы учурга туура келген багытта коюшуптур. Кыргыз драма театрынын кичи сахнасында жаштар арасында эксперименталдык спектаклдер коюлса жакшы болмок", — деди Израилов.

Ошондой эле актёр улуттук академиялык драма театры оңдоп-түзөө иштеринен кийин актёрлордун репетицияларды сапаттуу өткөрүүсүнө ыңгайлуу болуп калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0