Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина үчүн ленд-лиз кеңейтилди. Чечкиндүү аракетке мезгил жетти көрүнөт...

© AFP / ANATOLII STEPANOVОк атып жаткан украина аскерлери. Архив
Ок атып жаткан украина аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2022
Жазылуу
АКШ менен НАТОнун киевдик режимди курал менен камсыздоону тездетиши Россиянын коргонуу дараметин чабалдатууга умтулганын билдирет. Америкалыктар ушул айда үчүнчү ирет Киевге аскердик жардам топтомун — 700 миллион доллар бөлүү жөнүндө жар салышты.
Дүйнө тартиби үчүн жамааттык Батыштын геосаясий күрөшүндө Украина ырааттуулук менен садага чабылууда деп баамдайт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Анын бул жолку материалы Кошмо Штаттардын Украина жаатындагы акыркы кадамдары туурасында.
АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Пентагондун башчысы Ллойд Остин жекшемби күнү Киевге келип, Украина президенти Владимир Зеленский менен кезигишти. Ал эми кечээ Остин мырза "украиналык-россиялык согуштун максаты Россияны алсыратуу" экенин билдирди. Өз кезегинде Энтони Блинкен да Украина бул согушта "ийгиликке жеткенин" белгиледи.
Киевдик режим каржылык планда жетишкендиктеринде кеп жок, бир ай ичинде үчүнчү ирет жардам бөлүнгөнү турат. Бирок аскердик ийгиликтери байкалбайт. Украина Куралдуу күчтөрү эки айдан бери коргонуп, чегинип, аскерлеринен ажырап, техникасынан кол жууп жатат. Туткунга түшкөн украиналык аскерлердин саны 4 000ден ашып, улам өсүүдө.
"Жабдуу жана колдоо жарашса Украина согушта жеңиши мүмкүн", – деди Остин. Буга чейин андай жардам НАТОнун чыгыш европалык өлкөлөрүнүн Варшава келишимине ылайык мурастап калган "советтик" танк, пехота машиналары, зениттик-ракеталык комплекстерин камтыган. Алардан тышкары, технологиялык жактан эскирип калган америкалык Stinger көчмө зениттик, Javelin (же анын европалык аналогу) танкага каршы ракеталык комплекстери берилген.
Украина Куралдуу күчтөрүнө берилген ок өтпөс ондогон техника жана миңдеген көчмө ракеталык комплекстер (жардамдын алгачкы топтому 800 млн. доллар эле) талкаланды. Ал эми бир даары украиналык мамлекеттик аткаминерлер тарабынан уурдалып, курал-жарактын "ашыкчасы" катары Африка өлкөлөрүнө кайра жөнөтүлдү.
Америкалыктар куралдын фронтко жеткирилишин көзөмөлдөгөн жок. Жоготуунун ордун союздаштары жана өнөктөштөрүн ленд-лизге тартуу менен толуктоого аргасыз. АКШнын Ramstein авиабазасында бүгүн, 26-апрелде, 40 өлкөнүн өкүлдөрү Остиндин жетекчилигинде Украинага "кеңейтилген жана кыйла кооптуу куралдар" менен көмөктөшүүнү талкуулашат. 20 өлкө эмитен эле аракеттерди күчөтүүгө даярдыгын билдирген.
Су-25 чабуулчу учактын ракеталык аткычтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Куру убада, насыяга берилген эски курал. Батыштын Украинага көрсөткөн "жардамы"

Артиллериялык тест-драйв

Жалпы 1,5 млрд. долларды (800 млн. + 700 млн.) түзгөн экинчи жана үчүнчү жардам топтомунун айырмасы – тизмеде оор куралдардын пайда болушу. Соңку үлгүдө эмес, бирок кырдаалды курчутуу аракети айдан ачык.
АКШ мамлекеттик катчысы жана Пентагондун башчысынын Киевге кезектеги курал менен жабдууну макулдашуу үчүн келиши чектен чыккан көрүнүш, мындай маселелер адатта жабык байланыштар аркылуу чечилет. Кыязы, бир топ олуттуу маселе талкууланды. Балким америкалыктар "Азовсталдын" жер төлөсүндө АКШ менен НАТОнун улук офицерлеринин болушунан улам чочулап туру.
Украинага 300 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган M142 HIMARS залптык октун реактивдүү тутуму жана башка куралдар берилиши да ажеп эмес. Киевдик режим жакын арада Кошмо Штаттардан: 1400 "Стингер", 5 500 "Жавелин", 14 миң "танкага каршы башка ракеталык комплекс", 200 ок өтпөс транспортер, 120 учкучсуз, ошондой эле 155 миллиметрлик калибрдеги 90 гаубица жана алар үчүн 140 миң дүрмөт алат. Британия Украинага 155 миллиметрлик калибрдеги AS-90 өзү жүрүүчү артиллериялык орнотмодон 20 бирдик жана аларга 45 миң артиллериялык дүрмөт берет.
Ак үй Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскердик жөндөмүн танктар менен бекемдей тургандай жаңы жардам топтомун даярдоодо. Германия 1970-жылдары чыгарылган Marder пехоталык машинасынан 100 бирдик экспорттоого даяр. Булардан сырткары, "эски запастарынан" 50 Leopard-1 танкын жана ок өткөрбөс техника ташуучу да бермекчи. Канада (акчасына) 155 миллиметрлик 4 гаубица (өздөрүндөгү 37 бирдиктен) тапшырды.
Чехия жана Польша "советтик" Д-30 гаубицаларын, "Гвоздика" өзү жүрүүчү артиллериялык орнотмо, БМ-21 "Град" залптык октун реактивдүү тутумун жана Т-72 танктарын жөнөтөт. Мындай жардам жагынан Нидерланд, Франция, Испания, Словакия. Австралия, Канада жана Түркия абдан ынтызар.
Батыш тарабынан кошумча берилген 100 – 200 бирдик артиллериялык курал же ок өткөрбөс транспортер фронтко жеткен күндө да Украина Куралдуу күчтөрүнүн жагдайын жакшыртып жибербейт. Артиллерияны колдонуу үчүн бир чакырымга башка тыгыздык зарыл, ал эми таамай атуу жана түздөөнү учкучсуздар гана камсыздай алат. Ал эми мында НАТОлук стандарттагы жүздөгөн артиллерист жана учкучсуз аппараттар операторлорун даярдоо маселеси келип чыгат.
20-апрелден бери Польшанын аймагында британиялык 155 миллиметрлик М777 гаубицаларын пайдалануу боюнча украиналык адистерди даярдоо уюштурулган. Ошону менен бирге эле европалыктар Украинаны курал менен жапырт жабдуу өздөрүнүн коргонуу дараметин чабалдатып, купуялуулугун да бузарынан кооптонот. Ар ким өзүн ойлойт эмеспи.
 Сармат баллистикалык ракетасынын сыноо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Мизи кайтарылгыс табылга. Россиянын "Сарматы" айрымдарды санаага салчудай

Логистиканы солгундатуу

Польшадагы Жешув авиабазасына (украиналык чек арадан 70 чакырым аралыктагы) бир сутка ичинде С-17А эки аскердик-транспорттук учак, төрт транспорттук Boeing 747, бир британиялык С-17А жана украиналык Ан-124-100 киевдик режим үчүн курал жүктөп келди.
Deutsche Welle агенттигинин маалыматына караганда, АКШ менен НАТО курал-жарактын жаңы партиясын Днепрдин оң жээгине, Киевдин айланасына жайгаштырып, Украинанын батыш облустарында катуу бекемделген райондорду түзүүгө ниеттенет.
Батыш тарабынан Украинаны куралдандыруу активдешкен маалда Россия үчүн Украина Куралдуу күчтөрүнүн алдыңкы жана терең тылдагы арсеналдарын "демилитаризациялоо", логистиканы талкалоонун орчундуулугу дагы арта түшөт.
Полтава облусундагы Кременчуг шаарында 24-апрелде "Калибр" канаттуу ракеталары менен чет өлкөлүк куралдар сакталган хаб жок кылынды. 23-апрелде Одессага жакын жайгашкан аскердик аэродромдогу Батыш курал-жарагынын ири партиясы сакталган логистикалык терминалга сокку урулду.
Андан мурун Украина Куралдуу күчтөрүнүн Львовдун жака-белиндеги логистикалк борбору "демилитаризацияланган". Россиялык Аба-космостук күчтөрү, Аскер-деңиз флоту, ракеталык күчтөр жана артиллериясынын ушундай эле соккулары ар суткада АКШ жана НАТОнун киевдик режимге аскердик жардамынын таш-талканын чыгарууда.
Россиянын Кошмо Штаттардын дарегине киевдик режимди курал менен жабдууну токтотуу жөнүндөгү нотасы катуу аракеттер менен коштолууда. Батыштын аскердик жардамынын ченемсиз агымын токтотуу үчүн украиналык транспорттук байланыш жана көпүрөлөрдү талкалоого мезгил келгендей. Өтө маанилүү көпүрөлөр кырктан бир аз ашып, темир жолдук электр подстанциялары жана түйүндөр андан көбүрөөк, бирок ишке ашырууга болот.
25-апрелде аба тревогасы Украинанын дээрлик бардык территориясында жаңырды. Украина Куралдуу күчтөрүн демилитаризациялоонун күндүзгү сеансы Львов, Винница, Николаев, Харьков, Днепропетров, Полтава жана Одесса облустарында жүрдү.
Россиянын Куралдуу күчтөрү ракеталык соккулар менен Украинанын бардык мейкиндигиндеги тартуучу подстанцияларды жана өтө маанилүү темир жол түйүндөрүн иштен чыгара баштады. Украина Куралдуу күчтөрү үчүн Батыштын курал-жарактары бар курамдар бөгөттөлүп, бирок "тазалай" турган жерлер дале арбын.
НАТОго мүчө-өлкөлөр менен транспорттук байланыштар толугу менен үзүлгөндө Киев менен Вашингтондун машыгуу үчүн талаалары кыйла тарып, Украина Куралдуу күчтөрү дагы көп курчоого алынышы ыктымал. "Батыш бизге жардам берет" деген ойго алдырып Россия менен согушууга киевдик режимдин алысты көрө албаган өкүлдөрү гана даай алат.
Атайын аскердик операция башталгандан бери 141 учак, 110 тик учак, 566 учкучсуз учуучу аппарат, 265 зениттик ракеталык комплекс, 2526 танк жана башка ок өткөрбөс машина, залптык октун реактивдүү тутумунун 283 бирдиги, 1096 талаа артиллериясы жана миномет, ошондой эле атайын аскердик автомобилдик техникасынын 2362 бирдиги жок кылынды.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Киевдеги куралчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Террордук тактика үчүн Киев жалгыз жооп бербейт. Диверсиялык аракеттерге сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0