Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донбасс жана Запорожьедеги россиялык чабуулдун өзгөчөлүгү

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүУкраинадагы Россиянын улуттук гвардиянын аскер кызматкери
Украинадагы Россиянын улуттук гвардиянын аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
Россиялык атайын операциянын экинчи этабында Донбасста украиналык күчтөрдүн тобу тегерете курчалып, батыш багытынан контрсоккуга жол бербөө үчүн Гуляйполе —Павлоград —Изюм тышкы чийини түзүлүп, курчоодогу дасыккан жана кыйла согушка жарамдуу аскер бөлүктөрү жок кылынат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет Донбасстагы операцияга баам салган. Байкоочулар Донецк жана Луганск республикаларынын территориясында 18-апрелден бери украиналык күчтөрдүн позицияларын союздук аскердик бөлүктөрдүн топтоштурулган артиллериялык аткылоолору тууралуу айтышууда.
Ошондой эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн Николаев, Запорожье, Днепропетровск, Харьков, Киев, Львов облустарындагы объекти, техника жана резервдерине ракеталык жана авиациялык сокку уруулар операциянын фронт ичинде болжол менен 500 жана түпкүрдө 1000 чакырымга чейин жайылганын баса белгилеп турат.
Украина президенти Владимир Зеленский "Донбасс үчүн күрөштүн" 18-апрелде башталганын жарыялаган. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавровдун пикиринде, Зеленскийдин билдирүүлөрүнө олуттуу карап болбойт, анткени ал өз көз карашын улам алмаштыра берет. Ошентсе да Россия Тышкы иштер министрлиги атайын операциялар экинчи баскычка өткөнүн билдирди.
Киевдик режимге батыштык кураторлору Украина Куралдуу күчтөрүнүн согушка жарамдуулугун сактап калуу үчүн аскер бөлүктөрүн Донбасстан "коргонуунун экинчи чебине" алып кетүүгө кеңеш берген. Бирок Зеленский андай ыкмадан баш тарткан.
Мариуполдогу украиналык күчтөр талкаланып, ички курамдын жана ок өткөрбөс техника жаатындагы жоготуулары бир топ. Киевдин моюн бербеген тейдеги медиага чыккан билдирүүлөрүнөн сырткары Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстагы тобу 15 миңдин тегерегиндеги жакшы даярдыктан өткөн жоокерлеринен ажырап, ондогон НАТОлук аскердик кеңешчи, Батыштан келген куралдарынын кыйла көп бөлүгүнөн кол жууп калды. Алардын ордун толуктай алышпайт. Россия Куралдуу күчтөрүнүн согуштук күчү жана технологиялык артыкчылыгы украиналык күчтөрдү курчоосун улам тарытып, кыйроого гана дуушар кылат.
“Сармат” континенттер аралык баллистикалык ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Россия биринчи жолу континенттер аралык “Сармат” ракетасын учурду

Киевдин террордук тактикасы

Майнаптуу контрчабуул коюуга мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан Украина Куралдуу күчтөрү, Улуттук гвардиясы Донецк жана Луганск республикаларынын калктуу конуштарына, чектешкен Россиянын аймактарына сокку уруу тактикасына өтүүдө. 19-апрелдин таңында украиналык тарап РФтин Белгород облусундагы Головчино айылын артиллериялык дүрмөттөр менен аткылады. Үч тургун жарадар болуп, 30дан ашуун үй жабыр тартты. Ушуну менен бул жолкусу "алаксытуучу" бешинчи соккусу болду.
РФтин 5 субъектисинин чек арага жакын райондорунда 11-апрелден тарта террордук коркунучтун жогорку деңгээли жарыяланганы маалым. Украина Коопсуздук кызматынын генералитети Белгород, Брянск, Воронеж же Курск облустарындагы конуштарды Украина Куралдуу күчтөрүнүн бирикмелеринин күчү менен басып алуу реалдуу деп эсептейт. Аскердик көз караштан алганда террордук тактиканын маңызы жок, бирок 30 жыл бою Украина Батыш тарабынан "Анти-Россия" катары түптөлүп келди. Ошондуктан киевдик режим РФтин жайкын калкына чагым уюштуруп, чабуул коюшун, ал тургай биологиялык же өзөктүк курал колдонууга чейин барышын күтүүгө болот.
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш "жарандар арасындагы көптөгөн курмандык жана кыйроолор менен коштолгон" Львов, Днепропетровск, Харьков жана Николаевге жасалган чабуулдарга катуу тынчсызданарын, "курчоого алынган Мариуполдогу үрөй учурган гуманитардык кырдаалга өтө санааркап" турганын билдирди. Анткен менен 2016-жылдан бери Донбасстагы кандуу жарандык согуш БУУнун башкы катчысы Гуттериштин санаасын санга бөлгөн эмес.
Маектеринин биринде: "Мен эч качан кайсы бир тарап саясий максаттары үчүн манипуляциялай тургандай адам болгон эмесмин... БУУнун башкы катчысы дүйнөгө кызмат өтөп, анын уставын сыйлап жана бирөөлөрдүн башкаларына каршы куралы болбоо үчүн ушул кызматты ээлейт", – деген ал. Чындап эле ушундайбы?
Сирия БУУга америкалык коалициянын аскердик кылмыштары тууралуу кат жолдогон. АКШнын жетекчилиги менен мыйзамсыз эл аралык коалициянын күчтөрү 2017-жылдын июнь айынан октябрга чейин Ракка калаасын дээрлик жер менен жексен кылып салышкан. Миңдеген жайкын жашоочуларды өлтүрүшкөн. Бирок ошондо да дүйнө Гуттериштин минтип кайгырганын уккан эмес эле. Пентагондун Украинадагы отуз биолабораториясы да БУУнун башкы катчысын мынчалык тынчсыздандырган жок. Батыш лидерлери жана ишмерлеринин жеке жана бир тараптуу бааларына карабастан РФтин Украинадагы атайын операциясы коюлган максаттардын баарын жүзөгө ашыруу менен аяктайт.
Россиянын аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун Украинадагы "темир агымын" басаңдатуу. Россиянын максаты жана каражаты
РФ президентинин администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенко бүгүн Россия улутчулдук эч качан дүйнөнүн эч бир жеринде баш көтөрө алгыс кылуу үчүн бүт күчүн жумшай турганын билдирди. Украина мамлекеттүүлүгүн сактап, эми эч качан "Анти-Россия" долбооруна негиз болбойт.
Атайын операциянын алгачкы күнүнөн тарта украиналык согуштук театрда россиялык күчтөр активдүүлүк көрсөтүп келет. 19-апрелге оогон түнү эле Россия Аба-космостук күчтөрү тарабынан Украина Куралдуу күчтөрүнүн 13 таяныч бекети, Славянск, Барвенково, Попасная шаарларына жакын жердеги аскер жана техникалары топтолгон 53 районго ракеталык соккулары таамай урулду.
Россиялык ыкчам-тактикалык жана армиялык авиация каршылаш тараптын 60 аскердик объектисине, анын ичинде үч аскердик башкаруу бекети жана "Точка-У" тактикалык ракеталарынын учтары сакталган эки кампаны талкалады. Мындан сырткары, россиялык ракеталык күчтөр жана артиллерия Украина Куралдуу күчтөрүнүн 1 260 объектисин, Николаев, Киров райондорундагы 25 башкаруу бекетин, Воскресенск шаар тибиндеги кыштагына жакын жерде жайгашкан ракеталык-артиллериялык эки кампаны, "Бук-М1" зениттик ракеталык комплекстин эки бирдигин, аскерлер топтолгон 1 200дөн ашуун жайды кыйратты.
РФтин Абадан коргонуу тутумунун каражаттары Донецк облусунда дагы бир украиналык МиГ-29ду атып түшүрүштү. Атайын операция башталгандан бери Украина Куралдуу күчтөрүнүн 140 учагы жок кылынды.
Вашингтондун украиналык долбоору соңку айларын сүрүүдө. АКШ менен НАТО сегиз жыл бою улутчул киевдик режимди эмне менен куралдандырып, жабдып келген болсо, баарынын "таш-талканы" чыкты.
Reuters агенттиги Батыштын дармансыз каарына жана жаңы санкцияларына карабастан Россия Украинада согуштук аракеттерди абдан узак жүргүзө аларын белгилейт. Өлкөнүн жогорку технологиялык коргоо дарамети жана орус калкынын чечкиндүүлүгү дагы бир жолу Европаны улутчулдуктан куткарууда. РФтин атайын операциясынын калыс мүнөзү дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн Россияга каршы санкция киргизбегени менен да ырасталат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
АКШ аскерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алаксытуу амалыбы? АКШ менен Польша Калининграддын жанында машыгуу өткөрүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0