"Адамзатка тегиз жетмек..." АКШ Афганистанга сарптаган каражаттын көлөмү ачыкталды

© AP Photo / U.S. Marine Corps / Sgt. Isaiah CampbellКабул эл аралык аэропортунда америкалык аскерлер. Архив
Кабул эл аралык аэропортунда америкалык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Жазылуу
Афган кампаниясы америкалыктарды дале санаага салып келет: өлкөдө 20 жылдык согуштун баасы тууралуу талаш жүрүүдө. Көз карандысыз иликтөөчүлөрдүн эсебинде буга кеткен каражат Пентагон жарыялаган суммадан бир кыйла көп.
Азыркы дүйнөдө согуштун баасы канча турары туурасында Сергей Андреев кызыгып көргөн. Серепчинин макаласын РИА Новости жарыялаган.

"Күнүнө бир миллиарддан"

2009-жылы Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Афганистандагы аскердик контингентин көбөйтүүнү чечкен. Ага каршы чыккандар согушуу абдан кымбат турарын жүйө келтиришкен.
Ошондо баары — Пентагондогулар да, сенаторлор да эсептеп киришкен болчу. Албетте, эки башка жыйынтык чыккан. Аскердик мекеме жети жылга 156 миллиард доллар чыгым кеткенин айтышса, парламентарийлер бул сумма 227 миллиард доллар экенин белгилешкен.
Эксперттер чакырылган. Талдоочулар жаңы ыкманы сунуштап, жарым жылда ар бир жоокерге канча кетерин баалоону сунушташкан эле. Айлыгы, тамак-ашы, жабдуу, логистикасы, анын ичинде аба жолу менен океан ар жагына жеткирүүнү эске алышкан. Медициналык тейлөө, шейит же жарадар болуп калган учурда камсыздандыруу төлөмдөрү, ошондой эле кызмат өтөп кеткенден кийинки пенсиясы эсепке кошулган эмес. Натыйжада бир адамга миллион доллар кетет деген тыянакка келишкен.
Ошол тушта Афганистанда 70 миңдин тегерегинде америкалык аскер бар эле. Анткен менен америкалык Ак үйдүн согушка дагы 35 миң аскер жөнөтүү чечимине (ротация алкагында ар бир кварталга беш миңден) коомдук талкуу жолтоо боло алган эмес.
Ал эми Афганистандын көчөлөрүндө 2010-жылы кампания башталгандан бери алгач ирет "Абрамстар" пайда боло баштаган. Бул ансыз да шек санагандарды ого бетер кыжырданткан. Себеби аталган танк эң кымбат гана болбостон (бир бирдиги 8,6 миллион доллар), майды да укмуштай ичет: 100 чакырымга ага 1 650 литр күйүүчү май кетет. Мисалы, "Чөлдөгү бороон" операциясы маалында бул аскердик техникага беш саат сайын май куюп турушкан.
"Кандай гана аскердик кампания болбосун, чыгымдардын көп бөлүгү күйүүчү майга кетерин билебиз. Орто масштабдагы жаңжалдарда бул күнүнө миллиард доллардын тегерегиндеги сумманы түзөт", — деп белгилейт аскерий талдоочу Тим Хиббетс.
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
НАТОнун Афганистандагы курал-жарагы Борбор Азияга дале кооптуулук жаратууда

Аскердик бюджети асман чапчыгандар

Жыл өткөн сайын бюджеттен көп каражат сарптала берген. Ал эми кампания жүрүшпөй, андан эч кандай майнап чыккан эмес. Америкалыктар улам заманга бап куралдарды колдонушкан. 2017-жылы Кабулда бир даанасы 339 миллион долларлык F-22 Raptor истребителдери көккө көтөрүлгөн. Бир сааттык учушу 69 миң долларды "жалмайт".
B-2 Spirit стратегиялык "көзгө көрүнбөстөрү" 20 жылдык кампанияда негизги сокку уруучу күч болгон. Алардын абадагы ар бир сааты 170 миң долларды чапчып, бомбалоочу учактын наркы эки миллиард доллардын тегерегинде. Америкалык журналисттердин пикиринде, бул баалар өтө эле ашыкча бааланган. Америкалык коргоо тармагынын алкымы ого эле чоң.
"Аскер-өнөр жай комплексинин чыгымы канчалык арткан сайын, коргонуу жөндөмү ошончолук төмөндөйт. Анткени ар бир сатып алынган бирдик кийинкисин кымбаттатат. Бир даана F-35 истребителинин баасы азыр жүз миллионго (2020-жылы — 78 миллион болчу. — ред.), ал эми "Форд" атомдук авиаташуучусу палубалык такталары жок эле 15 миллиардга чукулдайт", — деп түшүндүрөт Атлантикалык кеңештин улук консультанты Харлан Ульман.
15 жыл ичинде ошол эле "Спириттердин" баасы эки эсе кымбаттаган. Коргоо бюджети тынымсыз "көбүртүлөрүнө" таң калуунун кажети жок. 2018-жылы 700 миллиард доллар болсо, эми — 740ка чыккан. Ал эми Украинадагы жаңжалга байланыштуу Пентагон дагы көп – 773 миллиард сурады. Эгер конгресс муну бекитсе, анда бул сумма рекорд коеру ырас.
Кошмо Штаттар бир топ жылдан бери аскердик чыгымдар боюнча лидерликти эч кимге бербей келет. Андан кийинки саптагы Кытай — 2020-жылы 252 миллиард (Стокгольм дүйнө көйгөйлөрүн изилдөөчү институтунун — SIPRI маалыматтары) короткон. Индияда бул көрсөткүч — 72,9, Россияда — 61,7, Улуу Британияда 59,2 долларды түзөт.

"Чыгымы жагынан Экинчи дүйнөлүк согушка гана жетпейт"

SIPRI чыгарган эсептерди эксперттердин бир даары "коопсуздуктун жалпы чыгымдарын негиз кылып алганы үчүн" сынга алат. Маселен, ага армияга да, атайын кызматтарга да бөлүнгөн каражат камтылат.
Кошмо Штаттарда жалпы суммадан Афганистанга керектелгенин бөлүү кыйла татаал.
Пентагондун өкүлдөрү 2019-жылы 778 миллиард доллардан кеп кылышчу. Бирок буга америкалыктар кызуу пайдаланган Пакистандагы авиабазаны кармоого жумшалган каражат кошулган эмес. Ошондой эле логистикалык (дүйнөдөгү эң кымбат "Геркулес" же күйүүчү май ташуу) чыгымдары да камтылбаптыр. Инфляция боюнча түзөтүүлөр да киргизилбей калган.
Дүйнө жүзү боюнча аскердик жаңжалдарды изилдеген Уотсон институту таптакыр башка маалыматтарды чыгарды. Чындыгында триллиондогон долларлардан кеп салынат.
НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы. Альянстын саммитине аскердик сереп
"Эгер АКШнын 11-сентябрдагы терактыдан берки бардык – Афганистан, Ирак жана Сирия кампанияларын алсак, сумма сегиз триллион долларга чыгат. Чыгымы көптүгү жагынан Экинчи дүйнөлүк согушка гана жетпейт", — деп белгилешет эксперттер.
Түздөн-түз согуштук аракеттерге дээрлик 2,3 триллион кеткен. Дагы үч триллиону — "Американын ички коопсуздугун чыңдоо", инфляцияга байланышкан "кыйыр чыгымдар". Жарым триллиону ардагерлерди дарылоого жана психологиялык реабилитациясына сарпталган.
Дээрлик 2,5 триллиону согуштук аракеттерге катышуучуларга төлөп берилген. Мындай статистика коомчулуктун төбө чачын тик тургузду. Бийликтен аскерий кампанияларга, террорчулук менен күрөшкө канча каражат корогону тууралуу так маалымат талап кылышты. Канча убада бергендерине карабастан, Ак үй террорчулар үчүн түрмөлөр түйүнүн дале жаба элек. Дүйнөгө аты белгилүү баягы Гуантанамо лагери азыр да толук иштеп, мурункудай эле көздөн далдоо экенин америкалык маалымат каражаттары жазып чыкты.

"Же акча, же курмандык"

Жалпы жонунан афган согушу ар бир америкалык жаранга бөлгөндө 20 миң доллардан тиет. Болгондо да бул – Афганистанда ташталган техника жана куралдардын айынан чыгашаларды эске албагандагы сумма. Далбастап калган Пентагон былтыр августта талибдерге акыркы үлгүдөгү көптөгөн аскердик жабдууларын калтырып кеткен.
Ошону менен бирге эле эксперттер дегеле согуш кымбаттап-кымбаттабаганы боюнча да эки ача көз карашта. Бир жагынан мамлекеттер ички дүң өндүрүмүнө карата коргоо тармагына азыраак сарптап калышкан. 1960-жылдары андай көрсөткүч 6,5тен үч пайызга түшкөн.
Экинчи тарабынан курал-жарактын баасы жылдан-жылга өсүүдө. Экономика жана тынчтык институтунун (IEP) 2019-жылкы маалыматына караганда, куралдуу жаңжалдарга кеткен глобалдык чыгымдар 14 триллион долларга жеткен.
"Эгер бул каражатты Жер бетинин ар бир жашоочусуна бөлсөк, киши башына беш доллардан тиймек. Ал эми адамзаттын тогуз пайызы күнүнө 1,9 долларга жанын багат", — деп белгилешет изилдөөчүлөр.
Аскердик кампаниялардан эч кандай майнап чыкпай келет. Айрыкча Ирак жана Афганистандагы окуялар Вашингтон маңызында кетирген чыгымдарынын он пайызын да актай албаганын даана көрсөтүп койду.
"Маселенин баары, алигүнчө кантип эсептөө керектиги анык эместигинде. Куралдар да жыл өткөн сайын казынаны бир топ эңшерип келет. Бирок бир эле таамай сокку жүздөгөн кишинин өмүрүн сактап калат. Бул, маселен, салгылашты маалыматтык система же роботтук техника аркылуу тейлөөгө да байланыштуу", — деп түшүндүрөт аскерий саясат таануучу Александр Перенджиев. Анын айтымында, бүгүнкү күндө армиялар барган сайын ушул ыкмага басым жасоодо. Эксперттин көз карашы боюнча, дал ошол себептен "жөн гана согуштук аракет жүргүзүү эмес, согуштан утуп чыгуу кымбатка түшүүдө".
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн С-300 зениттик-ракеталык комплексинин жок кылынган позициясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина үчүн ленд-лиз АКШнын Европадагы саясатын кыйратат
Жаңылыктар түрмөгү
0