Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усубалиева: Кыргызстанда тайга кенеси кеңири жайылган

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы паразитологу Жумагүл Усубалиева
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы паразитологу Жумагүл Усубалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы паразитологу Жумагүл Усубалиева адам кене чагып жатканын чиркей чаккандай эле сезбей турганын айтты.
Кене жаздын биринчи айынан баштап күздүн аягына чейин активдүү болот. Кооптуу оору козгогучтар (энцефалит, боррелиоз, анаплазмоз ж.б.) бар. Мисалы, кене энцефалити мээни, жүлүндү жабыркатып, адамды шал кылып, кээде өлүмгө кептейт. Бул тууралуу Жумагүл Усубалиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Усубалиева: Кыргызстанда тайга кенеси кеңири жайылган
Анын айтымында, адам кене чагып жатканын сезбейт, анткени ал биринчи териге оорутпоочу суюктук киргизет.
"Кыргызстанда кененин 17ден ашуун түрү бар. Булардын ичинен тайга кенеси өлкөдө кеңири тараган. Ооруну вирустук кене энцефалити байырлаган аймактарга барганда, кене жабышкан жаныбарлардан, кене чаккан эчки, уйдун чийки сүтүн пайдаланууда да жугат. Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнаткандан кийин гана ичүү керек. Алсак, Чоң-Кеминдеги карагайлуу черлерде, Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо кыргыз тоо кыркаларындагы кене жайгашкан жерлер өзгөчө кооптуу. Жайыт кенелери байырлаган жарым-жартылай ээн талаадагы уюктар кеңири кулач жайган. Бул Токмок коругунун аймагындагы, Чүй районундагы Кегети капчыгайы, Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайы, Ысык-Ата районундагы Альплагер, Түп өрөөнүндөгү, Талас өрөөнүндөгү жана Ферганага жакын жайгашкан аймакта, борбордук Тянь-Шандын Нарын дарыясынын жайылмасындагы уюктар. Кенеден сактануу үчүн тоого эс алууга бара жаткан адам ачык, бирдей түстөгү жана болушунча жабык кийимдерди кийүүсү абзел. Анткени ачык түстөгү кийимден кененин кыймылын байкоого болот. Отурган жерге жерден бийигирээк болуп, дененин ачык жерлерине курт-кумурскалардан сактануучу крем сүйкөп, спрей сээп кенеден коргонсо болот. Эгер кене чакса жакынкы дарыгерлер борборуна барыш керек. Эгерде адам талаада жүрсө анда жип менен кененин териге кирген мурутчаларын ороп, акырын тартса кене өзү кое берет. Алып салгандан кийин колду жууп, жараатка 70 пайыздык спирт же йод сүйкөө керек. Көп адамдар май куюп кененин териден чыгышын күтөт. Мында кенеге аба жетпегендиктен ого бетер уусун чыгарып, адам катуу ооруйт. Кене чаккандан кийин адамга үч күндүн ичинде иммуноглобулин сайылат. Анын таасири бир айга жетет. Үч күндөн ашып кетсе ийне сайылбайт, отуз күн дарыгердин көзөмөлүндө болот", — деди Усубалиева.
Ал кене вирустук энцефалитке каршы профилактикалык эмдөөлөр кене очокторуна жумушка же окууга барган тобокел тобундагы адамдарга (токойчулар, корукчулар, чабандар, студенттер) акысыз жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0