Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донбасс үчүн чечүүчү салгылаш. Аскерий сереп

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАрмянскидеги РФтин куралдуу күчтөрүн аскердик техникасын колоннасы. Архив
Армянскидеги РФтин куралдуу күчтөрүн аскердик техникасын колоннасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
Донбасстагы россиялык операция киевдик режимди виртуалдык реалдуулуктан чыгарып, Украина Куралдуу күчтөрүнүн бирикме жана бөлүктөрүн жок кылып, РФтин Украинаны демилитаризация жана денацификациялоонун мындан аркы динамикасын, анын аяктоо мөөнөтүн аныктоону көздөйт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко дал ушул жаатында маалыматтарды тизмектеп, окуяларга саресеп салган.
РФ президенти Владимир Путин 12-апрелде: Украинадагы атайын операция "туура кадам экенин, мындан башка арга болбогонун, РФ бул багытта максатына жетерин" белгиледи.
"Украинаны Россияга каршы плацдармга айланта башташкан… Мурдатан эле көк тамыр жайган улутчулдук жана неонацизмди өрчүтүп киришти", – деди россиялык лидер. Анын айтымында, эртеби-кечпи, Москва менен кагылышуу болмок. Россиянын милдети – көп жоготууларга тушукпастан, коюлган максаттардын баарына жетүү. Ошондуктан РФ Куралдуу күчтөрү "бир калыпта, шашпай, эң башында Башкы штаб сунуштаган планга ылайык" аракет этүүдө.
Андан мурунку күнү ДЭР Элдик милициясынын расмий өкүлү Эдуард Басурин Донбасстагы 100 миңдин тегерегиндеги колунан турган топту курчоого даярдыгын билдирди. Операцияга катыша турган россиялык жоокерлердин так саны белгисиз. Стратегия жана тактика мыйзамдарына ылайык, мындайда сандык жана сапаттык артыкчылык абзел.
Кармаш 200 чакты чакырым кеңдиктеги жана ушундай эле аралыктагы фронтто, болжол менен Гуляй-Поледен Славянскиге чейин жүрөрү боолголонууда. Эки тараптан тең 250 миңден кем эмес жоокер катышып, миңдеген аскердик техника бирдиги катышары күтүлөт. РФ Куралдуу күчтөрү аскердик инфраструктура жана украиналык күчтөргө гана сокку урат.
Ал эми бул салгылаштын убактысын украиналык аскер кызматкерлеринин АКШ кызыкчылыгы жана нацизм "баалуулуктары" үчүн жанын берүүгө даярдыгы аныктайт өңдүү. 11-апрелде Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары 1 186ны түзүп, ал эми 12-апрелде шейит кеткен, жарадар болгон жана колго түшкөндөрдүн жалпы саны 1 144 болду.
НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы. Альянстын саммитине аскердик сереп
Донбасс үчүн күрөш башка ыргакта өтөрү талашсыз. Ага Россия жок кылуучу, таамай тийчү ракеталуу, термобарикалык ок-дарысы бар авиациялык каражаттарды арбын пайдаланары бышык. Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоокер, техника жаатындагы бир кыйла жоготууларын Батыш өлкөлөрүнүн (АКШ жана НАТО) аскердик жардамдары да толуктай албайт.
Россия Украинаны жер менен жексен кылууну көздөбөйт. Донбасстагы салгылаштын алдында "Кинжал" гипер үндүү ракеталык комплекси менен Часов Яр конушуна жакын жердеги терең, бекем корголгон командалык пункту, андан мурун Россия Аба-космостук күчтөрү тарабынан украиналык топторго келген резервдер бир нече сокку менен жок кылынды.
Саны чектелүү болсо да россиялык күчтөр бекемделген район жана шаарлардагы украиналык бөлүктөргө ийгиликтүү бөгөт коюуда. Россиянын Аба-космостук күчтөрү абада артыкчылыкка ээ болгондуктан жер бетиндеги каалаган аскердик объектилерди жана чептерди кыйрата алат. Пехоталык чабуулдарда пулеметко зарылдык жок.
Аянттарга эмес, үстүдөн жана тылдагы камсыздоо тутумуна таамай сокку уруу – тактикалык артыкчылык, буга атайын операциянын жүрүшүндө россиялык күчтөр басым кылууда. Калктуу конуштардын тышында Донбасста өтө күчтүү термобарикалык реактивдүү дүрмөт жана көлөмдүү-детонатордук авиабомбалар пайдаланылышы ыктымал. Жакынкы күндөрдө жана апталарда тиреш катуулай турганын боолголосок болот.
14-февралга чейин украиналык армиянын колу 250 миңден ашчу. Кийин жапырт аскерге тартуунун жана ыктыярчылардын активдүүлүгүнүн эсебинен катарын көбөйттү. Киев режими Украина Куралдуу күчтөрүнүн санын 500 – 600 миңге жеткирүүнү мыйзам менен бекитүүнү талкуулоодо.
Атайын аскердик операция башталгандан 12-апрелге чейин Украина Куралдуу күчтөрүнүн 130 учагы, 99 тик учагы, 443 учкучсузу, 2 139 танк жана башка ок өтпөс унаасы, 1 158 артиллериялык курал жана залптык октун реактивдүү тутуму, 244 зениттик-ракеталык комплекси жок кылынды. Биринчи айда эле Украина 14 миң аскеринен ажырады. Жакынкы жылдары Россиянын дүрмөт жана ракеталары түгөнбөй турганынан Батыштагылардын шеги деле калган жок.
Бучадагы украиналык аскерлери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Буча: Украинанын Россияга каршы чагымчылыгы
Эгер Украина Куралдуу күчтөрүнүн 20 миңдик тобу Мариуполдо бир ай курчоодо турганын эске алсак, ок-дарысы жана күйүүчү май кору түгөнүп бараткан 100 миңдик топ Донбасс курчоосунда ушундай эле убакытта мертинерин болжоого болот.
Пентагон Украинанын Башкы штабына Полтава, Днепропетровск, Запорожье өңдүү ири калааларды сепил катары пайдалануу үчүн аскерлерди чыгыштан "экинчи коргоо чебине" алып чыгууну сунуштап келет. Жай тургундарды "тирүү калкан" катары колдонууну америкалыктар Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскердик туруктуулугунун негизи деп эсептешет. Жакынкы Чыгыштагы согушкерлердин бул тактикасын киргизүүгө сегиз жыл бою аракет кылышты.
Украиналык президент Владимир Зеленский Донбасстагы "масштабдуу согуштук аракеттерге" даярдыгы жөнүндө ишенимдүү билдирди. Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү "тыныгууда", анткени Киев сүйлөшүү позициясын "ири жеңиштер" менен бекемдеп алууга белсенди.
Москва Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо ишке ашырылып, Донецк жана Луганск республикаларын таануу жана бир катар принципиалдуу жоболор аткарылганда гана тынчтык келишими түзүлөрүн кайталап келет. Киевдик режим катаал реалдуулукка канчалык эрте кайтса, согуш талаасында украиналыктар ошончолук аз набыт болот эле.
Россия менен орустарды талкалоону киевдик режим мамлекеттик программага айлантып, муну өзүнүн учуру жана келечеги катары көрөт. Ошол себептен Москва акырына чейин барат.
Экинчи жагынан 10-апрелде ок-дары кампасына урулган россиялык ракеталык сокку эбегейсиз Николаев портунун жарымын алып кетти. Мындан улам Украина Куралдуу күчтөрүнүн алдыңкы катардагы жоокерлеринин көпчүлүгүнүн нацисттик ураандарга ишеними басаңдай түштү. Бул – денацификациянын башаты гана...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын БТР-82 Мариуполдун көчөсүндө баратат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европаны биротоло каратып алгысы бар АКШга Россия жолтоо болууда. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0