Францияда президенттик шайлоонун биринчи туру өттү. Алдыда кимдер келе жатат?

© REUTERS / BENOIT TESSIERФранцияда президенттик шайлоонун талапкерлери. Архив
Францияда президенттик шайлоонун талапкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Жазылуу
Эгер биринчи турда талапкерлердин бири дагы көпчүлүктүн добушун ала албаса (50 пайыз+бир добуш), анда шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Францияда президенттик шайлоонун биринчи туру өтүп, бюллетендердин 95 пайызы эсептелип бүттү.
РИА Новостинин маалыматына ылайык, өлкөнүн учурдагы президенти Эммануэль Макрон добуштардын 27,41 пайызын алып, азырынча алдыда. Экинчи орунда добуштардын 24,03 пайызын алып Марин Ле Пен келе жатат. Ал эми "Непокорившаяся Франция" сол партиясынын башчысы Жан-Люк Меланшон добуштардын 21,57 пайызы менен үчүнчүдө.
Эгер биринчи турда талапкерлердин бири дагы көпчүлүктүн добушун ала албаса (50 пайыз+бир добуш), анда шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт. Ал 24-апрелге белгиленген.
Түркмөнстан президентинин уулу Сердар Бердымухамедов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Сердар Бердымухамедов шайлоо участогуна "Жигули" менен келди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0